Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

Молдованын ЕЭКтеги Ыйгарым укуктуу Өкүлү Оксана Гречаный алгачкы жолу ЕЭК Коллегиясынын отурумунда катышты
26 Май | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

26-майда Молдова Республикасынын Өкмөтүнүн Евразия экономикалык комиссиясындагы Ыйгарым укуктуу Өкүлү Оксана Гречаный алгачкы жолу ЕЭК Коллегиясынын отурумунда катышты.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башкы санитардык дарыгерлери коронавирус менен күрөшүүнүн комплекстүү планын даярдоону жана чектөөлөр режиминен чыгуунун критерийлерин талкуулашты
26 Май | Техникалык жөнгө салуу

ЕАЭБ мамлекеттеринин калктын санитардык-эпидемиологиялык саламаттыгы жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын Жетекчилер кеңешинин 25-майда болуп өткөн он биринчи отурумунда Кеңештин мүчөлөрү Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин аймактарында COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жана башка массалык инфекциялык оорулардын таралышынын алдын алуу боюнча иш-чаралардын комплекстүү планынын долбоору ушул жылдын 2-июнунда Комиссиянын Коллегиясынын отурумунда каралышы жана андан кийин Комиссиянын Кеңеши тарабынан каралып, Евразия өкмөттөр аралык кеңеши тарабынан бекитилиши жөнүндө маалымдалышты.

Европа бирлигинен алып келинген гербициддерге карата демпингге каршы алымды Улуу Британиянын продукциялары үчүн колдонуу улантылат
26 Май | Соода

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинде аларга карата демпингге каршы алым колдонулган гербициддердин келип чыккан жерлеринин тизмегине Улуу Британияны кошуу жөнүндө чечим кабыл алды. Документтин буга чейинки редакциясынын ченемдери Европа бирлигинин өлкөлөрүнө гана тиешелүү болчу.

Өндүрүүчүлөрдүн Бирликтин тамак-аш продукциясына карата техникалык регламентинин жаңы талаптарына ийкемделүүсү үчүн өткөөл мезгил белгиленди
26 Май | Техникалык жөнгө салуу

ЕЭК Коллегиясынын отурумунда "Евразия экономикалык бирлигинин "Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине өзгөртүүлөрдү аракетке киргизүүнүн тартиби жөнүндө" чечим кабыл алынды.

Бирликтин өлкөлөрүндө 2020-жылдын 1-июнунда күчүнө кирүүчү эт продукциясына карата техникалык регламенттин айрым талаптарына шайкештикти баалоо жөнүндө документтер колдонулмакчы
26 Май | Техникалык жөнгө салуу

ЕЭК Коллегиясы Комиссиянын Кеңешинин 2013-жылдын 9-октябрындагы анын кабыл алынышы жөнүндө № 68 Чечими менен аныкталган, Евразия экономикалык бирлигинин "Эттин жана эт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинин кийинкиге калтырылган ченемдеринин күчүнө киришине байланыштуу, продукциянын аталган техникалык регламенттин айрым талаптарына шайкештигин баалоо жөнүндө учурдагы документтерди колдонуу мүмкүнчүлүгүн белгиледи. Кеп мал союу өнүмдөрүндө техникалык регламентте айтылган, бирок тийиштүү контролдоо ыкмаларын белгилөөсүз колдонулбай келген ветеринардык дары-дармек каражаттарынын болушун контролдоо жана конкреттүү ГОСТторго байланыштуу стандарттардын тизмектеринде аныкталган, эт продукциясынын ойлоп чыгарылган аталыштарын колдонуу жөнүндө болууда.

Аскар Кишкембаев: "Комиссия жана ЕАЭБ мамлекеттеринин өкмөттөрү пандемия шарттарында ишкерлерди колдоонун макулдашылган чаралары боюнча документтерди иштеп чыгышты"
25 Май | Экономика жана каржы саясаты

Москвада болуп өткөн "Ишкердик ишмердиктин трансформациясы: жаңы технологиялар, натыйжалуулук, перспективалар" деп аталган VIII эл аралык илимий конгрессте Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсүнүн (министринин) Катчылыгынын жетекчиси Аскар Кишкембаев коронавирустук инфекция пандемиясынын күчөшүнүн шарттарында экономикалык стабилдүүлүктү камсыз кылууга багытталган, Бирлигинин алкагында кабыл алынып жаткан чаралар тууралуу айтып берип, Бирликтин жана мүчө мамлекеттердин бул маселе боюнча кабыл алынган актыларына басым жасады.

Виктор Назаренко: "Ишкердик коомдоштуктун чыныгы колдоосу менен гана биз Бирликтин техникалык жөнгө салуу тутумун өнүктүрүүнүн стратегиялык милдеттерин чече алабыз"
21 Май | Техникалык жөнгө салуу

Техникалык жөнгө салуу жаатындагы евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык милдеттери продукцияга карата бирдиктүү талаптарды жана шайкештикти баалоонун бирдиктүү жол-жоболорун иштеп чыгуу аркылуу соодадагы техникалык тоскоолдуктарды жоюу, жалпы рынокту коопсуз эмес продукциядан коргоо тутумун өркүндөтүү, ошондой эле эң алдыңкы талаптарды жана технологияларды колдонуунун аркасында Бирликтин өнөр жайы тарабынан өндүрүлгөн продукциянын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат. Бул тууралуу ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренко ЕАЭБдин Ишкердик кеңешинин президиумунун видеоконференция режиминде өткөрүлгөн отурумунда билдирди.

ЕАЭБде жаңы дары-дармектерди клиникага чейинки токсикологиялык изилдөөлөрдүн кайталанышы жокко чыгарылат
21 Май | Техникалык жөнгө салуу

Комиссиянын Коллегиясы Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек препараттарынын аракеттенүүчү заттарын кайрадан (көп жолу) киргизүүдө алардын уулуулугуна клиникага чейинки текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча колдонмону кабыл алды.

ЕАЭБде кооптуу заттарды камтыган дары-дармек каражаттарын өндүрүүгө карата бирдиктүү мамиле аныкталды
21 Май | Техникалык жөнгө салуу

ЕЭК Коллегиясы Кооптуу заттарды камтыган дары-дармек каражаттарын өндүрүү боюнча колдонмону кабыл алды.

Артак Камалян: "Мамлекеттер аралык программалар – өнөр жай кооперациясынын эң натыйжалуу аспабы"
21 Май | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

ЕЭКтин өнөр жай боюнча Консультативдик комитетинин отурумунун катышуучулары жаңы экономикалык шарттардагы программалык-максаттуу башкаруунун заманбап мамилелерин карап чыгышты жана Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттер аралык программаларын иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.