Перейти вверх
Вход
EECЕвразия Экономикалык Комиссиясы
Евразийский экономический союз Республики Армения, Республики Беларусь, Республики Казахстан и Российской Федерации
Армения Республикасы, Беларусь Республикасы,
Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасынын
жана Россия Федерациясынын Евразия экономика бирлиги
182,7 млн киши
20 млн чарчы км ашуун
Дүйнөнүн кургактыгынын 14%

Россия Федерациясынын Президенти

Владимир Путин

«Биз өз алдыбызга дымактуу милдет койдук - Евразия бирлигин түзүүгө багыт алдык. Биз азыркы дүйнөнүн уюлдарынын бири болууга жөндөмдүү болгон, улуттар биримдигинин кубаттуу үлгүсүн сунуштап жатабыз.

Биз өз алдыбызга дымактуу милдет койдук - Евразия бирлигин түзүүгө багыт алдык. Биз азыркы дүйнөнүн уюлдарынын бири болууга жөндөмдүү болгон, улуттар биримдигинин кубаттуу үлгүсүн сунуштап жатабыз.

Биз өз алдыбызга дымактуу милдет койдук - Евразия бирлигин түзүүгө багыт алдык. Биз азыркы дүйнөнүн уюлдарынын бири болууга жөндөмдүү болгон, улуттар биримдигинин кубаттуу үлгүсүн сунуштап жатабыз. ».

Географиясы

• Аймагы: 17,1 млн. чарчы км
• Калкы: 146,3 млн. адам
• Борбору: Москва, 12,1 млн. жашоочу

Экономикалык көрсөткүчтөр

Ички дүң өнүм 2014-жылы 1 880,6 млрд. АКШ долларын, ал эми орточо алганда жылдык өсүш арым 2011-2014-жылдар ичинде – 102,4% түзгөн.

Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү (менчик өндүрүштүн жүктөп жөнөтүлгөн товарларынын көлөмү) 2014-жылы 1 143,3 млрд. АКШ долларын, ал эми орточо алганда жылдык өсүш арым 2011-2014-жылдар ичинде – 102,6% түзгөн.

Мунайды, анын ичинде газ конденсатын өндүрүү 2014-жылы 525 млн. тоннаны түзгөн, калктын ар бир адамына – 3 650 кг туура келген.

Жаратылыш газын өндүрүү 2014-жылы - 639,2 млрд. куб м түзгөн, калктын ар бир адамына – 4 444 куб м туура келген.

Айыл чарба өнүмүнүн көлөмү 2014-жылы 111,3 млрд. АКШ долларын, ал эми орточо алганда жылдык өсүш 2011-2014-жылдар ичинде – 106,5% түзгөн.

Товарларды тышкы соодалашуу көлөмү 2010-жылдагы 629 млрд. АКШ долларынан 2014-жылы 786,9 млрд. АКШ долларына чейин, анын ичинде экспорт - 398,7 млрд. АКШ долларынан 499,4 млрд. АКШ долларына, импорт – 230,3 млрд. АКШ долларынан 287,5 млрд. АКШ долларына чейин өскөн.

Өндүрүштүн негизги тармактары

Мунайзат жана газ өндүрүү, асыл таштарды жана металлдарды кайра иштетүү, учак куруу, ракета-космостук өндүрүш, атом өнөр жайы, курал-жарак жана согуштук техника өндүрүү, электротехника, целлюлоза-кагаз өнөр-жайы, автоунаа өнөр жайы, транспорттук, жол жана айыл чарбалык машина куруу, жеңил жана тамак-аш өнөр жайы.

Кошумча

Эң ири дарыялар, мамлекеттин территориясындагы узундугу, км: Лена - 4337, енисей - (Ангара менен бирге) - 3884, Волга- 3694, Обь- 3676, Амур- 2855.

Эң ири көлдөрү, миң чарчы километр: Каспий деңизи - 371, Байкал- 31,5, Ладога- 17,7, Онега - 9,7.

Деңиз деңгээлинен эң чоң бийиктик: Эльбрус тоосу- 5642 м.

Айлык орточо температура:
январь: 0°С, -5° С тан (Түндүк Кавказ) -40° С, -50° С чейин ( Саха Республикасынын чыгышы (Якутия);
июль: + 1° С тан (Сибирдин түндүк жээгинен) + 24-25° С ка чейин (Прикаспий ойдуңу)

Казакстан Республикасынын Президенти

Нурсултан Назарбаев

«Казакстандын, Россиянын жана Беларусиянын Бажы бирлиги тарыхта биринчи жолу биздин өлкөлөрдүн элдерин өз ара урматташуунун, улуттук өзгөчөлүктөрдү сактоонун жана жалпы келечектин ажыратылгыс экендигин түшүнүүнүн негизинде жакындаштырууда

Бажы бирлигин Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке, кийинчерээк Евразия экономикалык бирлигине трансформациялоо биздин элдердин гүлдөп – өсүшү үчүн күчтүү стимул болуп, глобалдуу дүйнөдө биздин өлкөлөрдү алдыңкы позицияларга чыгарат.

Биз бардыгыбыз, тарыхы бир, ошондой эле жалпы келечеги да бир улуттардын жаңы уникалдуу евразия коомчулугунун жаралышынын күбөсү болуп турабыз».

Географиясы

• Аймагы: 2 724,9 млн. чарчы км
• Калкы: 17,4 млн. адам
• Борбору: Астана, 853,0 миң жашоочу

Экономикалык көрсөткүчтөр

Ички дүң өнүм 2014-жылы 212,2 млрд. АКШ долларын, ал эми орточо алганда жылдык өсүш арым 2011-2014-жылдар ичинде – 105,7% түзгөн.

Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2014-жылы - 103,2 млрд. АКШ долларын, ал эми орточо алганда жылдык өсүш арым 2011-2014-жылдар ичинде – 101,8% түзгөн.

Мунайды, анын ичинде газ конденсатын өндүрүү 2014-жылы 80,8 млн. тоннаны түзгөн, калктын ар бир адамына – 4 676 кг туура келген.

Жаратылыш газын өндүрүү 2014-жылы – 43,2 млрд. куб м түзгөн, калктын ар бир адамына – 2 498 куб м туура келген.

Айыл чарба өнүмүнүн көлөмү 2014-жылы – 14,0 млрд. АКШ долларын, ал эми орточо алганда жылдык өсүш 2011-2014-жылдар ичинде – 104,1% түзгөн.

Товарларды тышкы соодалашуу көлөмү 2010-жылдагы 91,4 млрд. АКШ долларынан 2014-жылы 119,4 млрд. АКШ долларына чейин, анын ичинде экспорт – 60,3 млрд. АКШ долларынан 78,2 млрд. АКШ долларына, импорт – 31,1 млрд. АКШ долларынан 41,2 млрд. АКШ долларына чейин өскөн.

Өндүрүштүн негизги тармактары

Түстүү жана кара металлургия, химиялык, машина куруу, жеңил, тамак-аш өнөр жайы, жана ошондой эле мунайды кайра иштетүү жана курулуш материалдарын өндүрүү.

Кошумча

Эң ири дарыялары, мамлекеттин территориясындагы узундугу, км менен: Ертис (Иртыш) – 1 698, Есиль (Ишым) – 1 400, Сырдарыя – 1 400, Жайык (Урал) – 1 082.

Эң ири көлдөрү, миң чарчы км: Каспий деңизи - 371, Арал деңизи - 41, Балхаш- 18,2.

Деңиз деңгээлинен эң чоң бийиктик: Хан-Теңир чокусу (Сарыжаз кыркасы) - 6995 м.

Айлык орточо температурасы:
январь: -1,4° С тан (түштүктө) -24,6° С ка чейин (түндүктө),
июль: +18,1° С тан (түндүктө) +30,6° С ка чейин (түштүктө).

Беларусь Республикасынын Президенти

Александр Лукашенко

«Беларусь үчүн эң жакын кошуна өлкөлөр менен терең жана натыйжалуу интеграция бардык учурларда өнүгүүнүн табигый жолу болуп эсептелет. Эки жолу өткөрүлгөн референдумда берилген көпчүлүк добуш интеграцияга так мандат берди.

Бирлик мамлекетинин алкагындагы интеграциялык сунуштар аларды ишенимдүүлүк менен кеңири жана көп тараптуу форматта колдонууга мүмкүндүк берди. Бирлик мамлекети, Бажы бирлиги жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндик бири-бирин байытып жана өз ара толуктап турушу абдан маанилүү.

Азыр бир эң бир маанилүү чечимди жүзөгө ашыруунун алдында турабыз. Интеграцияны чечкиндүү тереңдетүү жөнүндө биздин бекем ниетибиз – кокусунан келип чыккан жок. Бул жашоодон алынган манифест деп айтууга болот».

Географиясы

• Аймагы: 207,6 миң чарчы км
• Калкы: 9,5 млн. адам
• Борбору: Минск, 1,9 млн. жашоочу

Экономикалык көрсөткүчтөр

Ички дүң өнүм 2014-жылы 75,9 млрд. АКШ долларын, ал эми орточо алганда жылдык өсүш арым 2011-2014-жылдар ичинде – 102,4% түзгөн.

Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2014-жылы 65,2 млрд. АКШ долларын, ал эми орточо алганда жылдык өсүш арым 2011-2014-жылдар ичинде – 102,8% түзгөн.

Айыл чарба өнүмүнүн көлөмү 2014-жылы – 12,8 млрд. АКШ долларын, ал эми орточо алганда жылдык өсүш 2011-2014-жылдар ичинде – 102,9% түзгөн.

Товарларды тышкы соодалашуу көлөмү 2010-жылдагы 60,2 млрд. АКШ долларынан 2014-жылы 77,2 млрд. АКШ долларына чейин, анын ичинде экспорт – 25,3 млрд. АКШ долларынан 36,4 млрд. АКШ долларына, импорт – 34,9 млрд. АКШ долларынан 40,8 млрд. АКШ долларына чейин өскөн.

Өндүрүштүн негизги тармактары

Металлургия өнөр жайы, машина куруу, металл кайра иштетүү, химиялык жана мунай химиялык, жеңил, тамак-аш өнөр жайлары.

Кошумча

Эң ири дарыялары - мамлекеттин территориясындагы узундугу км менен: Днепр - 700, Березина - 561, Припять- 495, Сож- 493, Неман - 436, Птичь - 421.

Эң ири көлдөрү, чарчы км: Нарочь: 79,6, Освей: 52,8, Червон: 40,8, Луком: 37,7, Дривяты: 36,1.

Деңиз деңгээлинен эң чоң бийиктик: Дзержинск тоосу, 345м. Айлык орточо температурасы: январь: -4,8 °C; июль: +20,6 °C

Армения Республикасынын Президенти

Серж Саргсян

«Мен Армения Бажы бирлигине кошулуп, Евразия экономикалык бирлигин түзүү процессине аралашуу ниетин бекемдедим.

20 жыл мурун Армения Россия жана бир катар КМШ өлкөлөрү менен өнөктүктө Жамааттык коопсуздук тууралуу келишимдин форматында өзүнүн аскердик коопсуздук тутумун калыптандырган. Бул он жылдыктар ичинде тутум өзүнүн жашоого жөндөмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун далилдеди.

Азыр биздин ЖККУ боюнча өнөктөрүбүз экономикалык таасир этүүнүн жаңы платформасын түзүүдө. Бир аскердик коопсуздук тутумунда болуп туруп, тиешелүү геоэкономикалык мейкиндиктен обочолонуп алуу мүмкүн эмес жана жемишсиз. Бул — ойлонулган чечим, бул чечим Армениянын улуттук кызыкчылыктарынан келип чыгат».

Географиясы

• Аймагы: 29,7 миң км²
• Калкы: 3,0 млн. адам
• Борбору: Ереван, 1,1 млн. жашоочу

Экономикалык көрсөткүчтөр

Ички дүң өнүм 2014-жылы 10,9 млрд. АКШ долларын, ал эми орточо алганда жылдык өсүш арым 2011-2014-жылдар ичинде – 104,7% түзгөн.

Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2014-жылы – 3,1 млрд. АКШ долларын, ал эми орточо алганда жылдык өсүш арым 2011-2014-жылдар ичинде – 108,0% түзгөн.

Объем продукции сельского хозяйства в 2013 году – 11,8 млрд. долларов США, среднегодовой темп роста за 2011-2013 годы – 102,9%.

Товарларды тышкы соодалашуу көлөмү 2010-жылдагы 4,7 млрд. АКШ долларынан 2014-жылы 5,9 млрд. АКШ долларына чейин, анын ичинде экспорт – 1 млрд. АКШ долларынан 1,5 млрд. АКШ долларына, импорт – 3,7 млрд. АКШ долларынан 4,4 млрд. АКШ долларына чейин өскөн.

Өндүрүштүн негизги тармактары

Курулуш материалдарын өндүрүү жана иштетүү, түстүү металлургия, шарап-коньяк ичимдиктерин өндүрүү. Металл кесүүчү станокторду, престөө-калыптоочу жабдыктарды, так приборлорду, синтетикалык резинаны, шиналарды, пластмасса, химиялык буланы, минералдык жер семирткичтерди, электр кыймылдаткычтарды, микроэлектроника аспаптарын, зергер буюмдарды, жибек кездемелерди, трикотаж, чулки-байпак буюмдарын иштеп чыгаруучу ишканалар иштеп жатат.

Кошумча

Армениянын башкы дарыясы: Аракс жана анын Раздан куймасы. Жалпы узундугу 23 миң км. чамалуу.

Эң ири көлдөрү: Севан көлү, 1240 чарчы км.

Деңиз деңгээлинен эң чоң бийиктик: Арагац тоосу(4095 м)

Айлык орточо температурасы: Түздүктөрдө январда орточо температура −5 °C, июлда +25 °C; орто тоолордо (1000;1500 метр) −10 °C жана +20 °C, 1500ден 2000 м чейин бийиктиктерде −14°C жана +16 °C.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев

«Тынчтык, ынтымак канчалык морт боло аларын биз жакшы билебиз, ошондуктан биз терең түшүнүү менен интеграция, ынтымактуу коңшулук жана достук жолун тандап жатабыз. Эгер биз ынтымактуу болсок, бири-бирибизге жардам берсек, биздин өлкөлөр бул кыйын мезгилден оңой чыгат деп ишенем».

География

• Аймагы: 199,9 тыс. км2
• Калкы: 5,9 млн. адам
• Борбору: Бишкек, 901 миң жашоочу

Экономикалык көрсөткүчтөрү

2014-жылы ички дүң продукция 7,4 млрд. АКШ долларын түзгөн. 2011-2014-жылдар үчүн орточо жылдык өсүш арымы - 105,0 %.

2014-жылы өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү - 3,1 млрд. АКШ доллары. 2011-2014-жылдар үчүн орточо жылдык өсүш арым - 104,5%.

2014-жылы айыл чарба өнүмүнүн көлөмү – 3,6 млрд. АКШ долларын түзгөн.

Тышкы соодалашуунун көлөмү (күндөлүк бааларда) 2010-жылдагы 4,9 млрд. АКШ долларынан 2014-жылы 7,6 млрд. АКШ долларына чейин, анын ичинде экспорт – 1,7ден 1,9 млрд. АКШ долл., импорт –3,2 ден 5,7 млрд. АКШ долл. чейин көбөйгөн.

Негизги өнөр жай тармактары

Айыл чарбасы, гидроэнергетика, түстүү металлургия, тоо-кен өнөр жайы, машина куруу, прибор куру, жеңил жана тамак аш өнөр жайы.

Кошумча маалыматтар

Кыйла ири дарыялар, мамлекеттин аймагы боюнча узундугу, км: Чу - 1300

Ири көл, миң км2 Ысык-Көл – 6

Деңиз деңгээлинен эң бийик жер: Жеңиш чокусу - 7 439 м

Ай ичиндеги орточо температура:
январь: -2,2° С дан -29,1° С чейин
июль: +4,1° С дан +26,8° С чейин
Газ казып алуу
Всего по ЕАЭС
Газ казып алуу
II место в мире.

18,4% от мировой доли.

Мунай казып алуу
Всего по ЕАЭС
Мунай казып алуу
I место в мире.

14,6% от мировой доли.

Көмүр казып алуу
Всего по ЕАЭС
Көмүр казып алуу
VI место в мире.

5,8% от мировой доли.

Электр энергиясын чыгаруу
Всего по ЕАЭС
Электр энергиясын чыгаруу
IV место в мире.

5,1% от мировой доли.

Металлургия өндүрүшү
Всего по ЕАЭС
Металлургия өндүрүшү
Шойын
III место в мире.
4,5% от мировой доли.

Болат
V место в мире.
4,5% от мировой доли.

Өнөр жай өндүрүшү
Өнөр жай өндүрүшү
VI место в мире.

3,7% от мировой доли.

Минералдык жер семирткичтерди өндүрүү
Всего по ЕАЭС
Минералдык жер семирткичтерди өндүрүү
II место в мире.

10,8% от мировой доли.

Айыл чарба өндүрүшү
Всего по ЕАЭС
Айыл чарба өндүрүшү
Картоп
III место в мире.
11% от мировой доли.

Бидай
III место в мире.
9% от мировой доли.

Ет
IV место в мире.
3,5% от мировой доли.

1605,9 тыс. км
Автожол инфраструктурасы
Всего по ЕАЭС
Автожол инфраструктурасы
V место в мире.

2,5% от мировой доли.

107 тыс. км
Темир жол инфраструктурасы
Всего по ЕАЭС
Темир жол инфраструктурасы
II место в мире.

7,8% от мировой доли.