Sign In
ТАРАСКИН ВЛАДИМИР ИВАНОВИЧ

ТАРАСКИН ВЛАДИМИР ИВАНОВИЧ

Туулган жылы: 1968-жылдын 25-ноябры. Туулган жери: Воронеж  областы. Билими: жогорку юридикалык, укук магистри

Аяктаган окуу жайлары: 
1987 -жыл – Воронеж  юридикалык техникуму;​
1995-жыл – Тверь мамлекеттик университетинин Юридикалык факультети;
 
1997өжыл – Россия Федерациясынын Президентине караштуу Жеке укук изилдөө борборунун Россия жеке укук мектеби (институт).

1987-жылдан 1989-жылга чейин Советтик Армияга кызмат өтөгөн.

Өз эмгек жолун 1989-жылы баштаган. 1989-жылдан 1999-жылга чейинки мезгил аралыгында федералдык жана аймактык деңгээлде аткаруу бийлик органдарында, коммерциялык уюмдарда юрист болуп, ошондой эле ички иштер органдарында тергөөчү болуп иштеген.​

1999-жылдан 2003-жылга чейин   
 Россия Федерациясынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин Укуктук жактан камсыз кылуу департаментинин жетекчисинин орун басары (2000-жылдан тартып - Россия Федерациясынын Мүлк боюнча алакалар министрлиги)​
2003-жылдан 2004-жылга чейин  Россия Федерациясынын Мүлк боюнча алакалар  министрлигинин Укуктук жактан камсыз кылуу департаментинин жетекчиси  
2004-жылдан 2008-жылга чейи​
Россия Федерациясынын Өнөр жай жана энергетика министрлигинин   Укуктук мамилелер Департаментинин директору (2007-жылдан тартып Юридика департаментинин  директору)​

​ ​
2008-жылдан 2012-жылга чейин Россия Федерациясынын Өнөр жай жана энергетика министрлигинин Юридикалык департаментинин директору
2012-жылдан тартып азыркы учурга чейин Евразия экономикалык комиссиясынын Укук департаментинин директору
 ​​