Вход
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыИш-аракеттерИчки рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Варданян Гегам Левонович​

Варданян Гегам Левонович​

1982-жылдын 22-декабрында Армениянын Ереван шаарында төрөлгөн.

Россия-армян (Славян) университетинин колдонмо математика жана информатика факультетин бүтүргөн.

ЕЭК министринин мамлекеттик бийлик органдарында иш тажрыйбасы бар. Акыркы мезгилде Гегам Варданян Армения Республикасынын жогорку технологиялуу өнөр жай министринин орун басары болуп иштеген, ал эми ага чейин Армения Республикасынын транспорт, байланыш жана маалыматтык технологиялар министринин орун басарынын кызматын ээлеп келген.

Анын ири эл аралык компанияларда чоң иш тажрыйбасы бар. Гегам Варданян National Instruments компаниясында он жылдан ашуун жетекилик кызматтарды ээлеп келген. Бул автоматтык тестирлөө жана моделдөө тутумдары үчүн аппараттык жана программалык камсыздоону иштеп чыгуудагы дүйнөлүк лидерлердин бири болуп саналат. Ошондой эле, Гегам Варданян ар түрдүү тармактардагы комплекстүү инженердик чечимдер боюнча өнүмдөрдү жана кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылган, Армениянын алдыңкы деген YEA Engineering компаниясынын бизнесин өнүктүрүү боюнча багытты жетектеп келген.

Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн жетекчилери Армения Республикасынын өкүлүн дайындоо жөнүндө чечимди 2019-жылдын 20-декабрында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин Санкт-Петербургда болуп өткөн отурумунда кабыл алышкан.