Sign In
Шухно Сергей Степанович

Шухно Сергей Степанович

Евразия экономикалык комиссиясынын Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору.

1961-жылдын 16-ноябрында төрөлгөн.

1984-жылы Беларусь мамлекеттик университетин укук таануу адистиги боюнча, 1997-жылы - Беларусь Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясын эл аралык укук адистиги боюнча, 1999-жылы - Беларусь лингвистикалык университетинин атайын факультетин аяктаган.

1984-1993-жылдары Беларусь Республикасынын ички иштер органдарында ар кандай кызматтарда, 1993-1997-жылдары - Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында иштеген.

1997-2000-жылдары - Беларустун жана Россиянын Биримдигинин Аткаруу Комитетинин Минск шаарындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси, 2000-2003-жылдары - Биримдик мамлекетинин Туруктуу Комитетинин Минск шаарындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси.

2003-2011-жылдары Биримдик мамлекетинин Аткаруу комитетинин мүчөсүнүн - Мамлекеттик катчынын орун басарынын кызматында иштеген.

2011-2014-жылдары - Беларусь Республикасынын Министрлер Кеңешинин Аппаратынын Эл аралык кызматташтык жана соода башкы башкармалыгынын башчысы.

2014-жылда 2016-жылдын июль айына чейин - Евразия экономикалык комиссиясынын Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары. 2016-жылдын июль айынан тарта - Евразия экономикалык комиссиясынын Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору.