Sign In
Үчүнчү өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен эл аралык кызматташууну өнүктүрүү боюнча сунуштарды даярдоо
Үчүнчү өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен эл аралык кызматташууну өнүктүрүү боюнча сунуштарды даярдоо

Евразия экономикалык комиссиясы менен интеграциялык бирикмелердин  совет мезгилинен кийинки өз ара иш жүргүзүүлөрүн өнүктүрүү максатында ЕЭК менен КМШ Аткаруу комитетинин ортосундагы өз ара иш жүргүзүүлөр тууралуу меморандум (долбоор ЕЭК Коллегиясынын 2012-жылдын 30-августундагы №155 чечими менен жактырылган) жана ЕЭК  жана Россия Федерациясы жана Беларусь Республикасынын Союздук мамлекеттин Туруктуу Комитети ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандуму   (долбоор ЕЭК Коллегиясынын 2012-жылдын 30-августундагы №156 чечими менен жактырылган) даярдалган жана буларга  жылдын акырына чейин кол коюлуусу пландаштырылууда. 

Евразия экономикалык комитети менен ЕС, ЕБРР, ОБСЕ,  ЮНКТАД сыяктуу эл аралык жана аймактык олуттуу уюмдардын өкүлдөрү менен жумуш алакалары түзүлгөн. Интеграциялык процесстерди натыйжалуу өнүктүрүү  жагында тажрыйба алмашуу   жана евразия интеграциясынын мааниси, иштин абалы жана алдыдагы милдеттер тууралуу объективдүү маалыматты   чет элдик кеңири коомчулукка жеткирүү максатында    бул түзүмдүктөр менен өз ара иш алып барууну өнүктүрүү жана бир нукка салуу мүмкүнчүлүктөрү иликтенүүдө. Евразия экономикалык комиссиясы жана Шанхай кызматташтык уюмунун ортосундагы өз ара иш жүргүзүүлөр тууралуу меморандумду иштеп чыгуу жана ага кол коюу пландаштырылууда. 

ЕЭКтин үчүнчү тараптар менен кызматташтыгын жөнгө салуу жагында жигердүү иштер жүргүзүлүүдө. Евразия мейкиндигинде интеграциялык процесстерге кошулууну үндөгөн  Кыргыз Республикасы менен да кыйла курч сүйлөшүүлөр  жүргүзүлүүдө.  

 

 ​

​​​​​