Sign In
Байсеркеев Бактыбек Закирович

Байсеркеев Бактыбек Закирович

1965-жылы 14-январда Бишкекте төрөлгөн.

1988-жылы К.И.Скрябин атындагы “Ардак белгиси” кыргыз орденинин айыл чарба институтун  инженер-гидротехник адистиги боюнча аяктаган.

2005-2008-жылдары Россия бажы академиясында бажы иши факультетинде окуган.

1995-жылы Кыргыз Республикасынын бажы органдарына кызматка кирген.

1995-1997-жылдары - Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынын Бажы көзөмөлүн уюштуруу башкармалыгынын башкы инспекторунун милдетин аткаруучу, башкы инспектор, начальниктин орун басары-башкы инспектор, Бишкек.

1997-2004-жылдары - “Жайыл” бажы постунун ага инспектору, башкы инспектору, “Чалдовар” бажы постунун ага инспектору, Кара-Балта бажысынын башчысынын орун басары, Кара-Балта.

2004-2007-жылдары -  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин Бажы көзөмөлүн уюштуруу башкармалыгынын башкы инспектору, Бишкек.

2007-2008-жылдары - Кара-Балта бажысынын бөлүм башчысы, Кара-Балта.

2009-2011-жылдары - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетине караштуу “Бажы кызматын модернизациялоо жана инфраструктураны өнүктүрүү” долбоорун башкаруу кеңсесинин бажы процедуралары боюнча адиси, Бишкек.

2011-2016-жылдары - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы иштерин уюштуруу башкы башкармалыгынын Бажы процедураларынын методологиясы башкармалыгынын башчысы,  Бажы көзөмөлүн уюштуруу башкармалыгынын Бажы ишинин келечектүү программаларынын бөлүмүнүн башчысы, Бишкек.

2016-жылдын 3-октябрынан тарта - Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы инфраструктурасы департаментинин директору.

Бажы кызматынын полковниги.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-декабрындагы буйругу менен кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаргандыгы жана жетишкен бийик натыйжалары үчүн Ардак Грамотасы менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2016-жылдын 30-августундагы буйругу менен Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүүгө жана жакшыртууга кошкон өзгөчө салымы жана үзүрлүү эмгеги үчүн “Кыргыз Республикасынын бажы кызматына сиңирген эмгеги үчүн” Ардак белгиси менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-августундагы Жарлыгы менен Кыргызстан элинин тарыхий жана маданий мурастарын, республиканын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн жана Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата мамлекеттик сыйлык менен сыйланган.​