2014-жылдын
29-майындагы Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимде милдеттүү
талаптар аныкталган продукциянын тизмеси Евразия экономикалык биримдигинин
алкагында бирдиктүү болушу керектиги аныкталган.
Бирдиктүү
тизме Биримдиктин мүчө мамлекеттеринде милдеттүү жөнгө салуу чөйрөсүнө кирген
объектилерден түзүлгөн, азыркы учурда ага 66 позиция киргизилген.
Бирдиктүү тизмени түзүү жана
жүргүзүү тартиби Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын
17-мартындагы № 23 чечими менен аныкталган.