Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башкы мамлекеттик санитардык дарыгерлери жаңы коронавирустук инфекцияга байланыштуу жагдайды талкуулашты
28 Январь | Техникалык жөнгө салуу

27-январда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) отурумунда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн калктын санитардык-эпидемиологиялык саламаттыгы жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын Жетекчилер кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринде жаңы 2019 (2019-nCoV) коронавирусу менен шартталган коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо боюнча эпидемияга каршы иш-чаралардын комплексин карап чыкты. Талкууга Өзбекстандын жана Тажикстандын өкүлдөрү да чакырылды.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун жолугушуусу
25 Январь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 24-январда Бишкекте (Кыргыз Республикасы) Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушту.

Тигран Саркисян: "ЕАЭБдин өнүгүүсүн аныктоочу чечимдерди кабыл алуу процессинде илимий коомдоштуктун катышуусу маанилүү"
21 Январь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика

Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 20-январда ЕЭКтин штаб-квартирасында Илимий-эксперттик кеңештин жүрүшүндө билдирди. Отурумдун катышуучулары евразиялык экономикалык интеграцияны 2025-жылга чейин өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын талкуулашты.

ЕАЭБдин алкагында ТЭИнин катышуучуларын идентификациялоонун бирдиктүү тутуму жөнүндө макулдашуу жактырылды
20 Январь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу

20-январда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы соода, бажы кызматташтыгы, техникалык жөнгө салуу, энергетика, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн экономикаларын маалыматташтыруу чөйрөлөрүндөгү маселелерди карап чыкты.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн кесипкөй спортчулары Россия Федерациясында легионер болуп саналбайт
20 Январь

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин кесипкөй спортчулары футбол, баскетбол, волейбол, регби, суудагы поло, гандбол, хоккей, топ менен хоккей жана чөптөгү хоккей боюнча бүткүл Россиялык мелдештерде легионерлер болуп саналбайт. Россия Федерациясынын Спорт министрлигинин тийиштүү буйруктары жарыяланды.

Россиянын элдик чарбачылык жана мамлекеттик кызмат академиясында (РЭЧжМКА) евразия экономикалык интеграциясынын кафедрасы түзүлдү
17 Январь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Россия Федерациясынын Президентине караштуу Россиянын элдик чарбачылык жана мамлекеттик кызмат академиясынын (РЭЧжМКА) Укук жана улуттук коопсуздук институтунда евразиялык экономикалык интеграция кафедрасын түзүү туурасында келишимге Москва шаарында өткөн Гайдар форумунун талааларында 16-январда кол коюлду.

ЕАЭБ жарандары маданият мекемелерине кирүү үчүн чыпталарды сатып алууда чет элдик жаран болуп эсептелбейт
15 Январь | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жарандары музейлерге жана бир катар маданият мекемелерине чыпталарды иш жүзүндөгү жарандыгын эске алуусуз сатып ала алышат, башкча айтканда, чет элдик жаран болуп эсептелбейт.

ЕАЭБде электрондук уруксат берүүчү документтер менен чек ара аралык алмашуу механизмин ишке ашыруу башталды, жеке пайдалануу үчүн экспресс-жүктөрдү декларациялоо тартиби жеңилдетилди
15 Январь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

14-январда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы соода, бажы кызматташтыгы, техникалык жөнгө салуу, дары-дармек каражаттарынын жалпы рыногунун иштеши, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн экономикаларын маалыматташтыруу, ички рыноктун иштеши чөйрөлөрүндөгү жана бир катар башка чөйрөлөрдөгү маселелерди карап чыкты.

Беларусь Республикасынын Президенти, ЖЕЭК Төрагасы Александр Лукашенконун Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин башчыларына кайрылуусу
09 Январь

2020-жылдын 1-январынан тарта Беларусь Республикасы Евразия экономикалык бирлигинин органдарындагы төрагалыкты кабыл алуу менен, аны өнүгүүсүнүн кезектеги беш жылдык циклин ачат. Биргелешкен иш-аракеттерди ЕАЭБдин рынокторундагы тоскоолдуктарды толугу менен жоюуга, алып коюуларды же чектөөлөрдү максималдуу түрдө кыскартууга, эркин атаандаштык чөйрөнү түзүү үчүн тоскоолдуктардын жаңы түрлөрүнүн пайда болушунун алдын алууга багыттоону сунуш кылабыз.

ЕАЭБдин Фармакопеясынын алгачкы чыгарылышын даярдоо аяктады
30 Декабрь 2019 | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясында (ЕЭК) Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) Фармакопеясынын алгачкы чыгарылышына кирген жалпы фармакопеялык макалалардын 157 долбоорун илимий жана техникалык жактан редакциялоо аягына чыгарылды. 27-декабрда аталган долбоорлорду Евразия экономикалык бирлигинин Фармакопеялык комитетинин төрагасы Елена Саканян бекитти. Жакынкы убакытта ЕАЭБдин Фармакопеясын бекитүү жөнүндө маселени Комиссиянын Коллегиясынын отурумуна чыгаруу пландаштырылууда.