Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕАЭБдин «Аттракциондордун коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламенти боюнча өткөөл мезгил аяктады
21 Октябрь | Техникалык жөнгө салуу

Аталган өткөөл мезгилдин ушул жылдын 18-октябрында аякташы менен аттракциондорду техникалык регламент күчүнө киргенге чейин, башкача айтканда, 2018-жылдын 18-апрелине чейин берилген, улуттук мыйзамдардын талаптарына шайкештигин баалоо жөнүндө документтер менен жүгүртүүгө чыгаруу мүмкүнчүлүгү токтотулду.

ЕЭК министри Виктор Назаренко: «Контролдоо жана көзөмөлдөө органдарынын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү ЕАЭБдин рыногун кооптуу продукциядан коргоого жардам берет»
21 Октябрь | Техникалык жөнгө салуу

«Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн көзөмөлдөө органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн туура түзүлгөн натыйжалуу тутуму рыноктогу кооптуу продукциянын аныкталышын жана анын жүгүртүүдөн алып салынышын камсыз кылат», – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын мүчөсү (министр) Виктор Назаренко 17-октябрда анын төрагалыгы астында ЕЭКте өткөн жогорку деңгээлдеги кеңешменин жүрүшүндө билдирди.

ЕЭК жана БДСУ Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшмакчы
17 Октябрь | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БДСУ) Европа регионалдык бюросунун Москвада ЕЭКтин штаб-квартирасында өткөрүлгөн биргелешкен эксперттик кеңешмесинде саламаттыкты сактоо маселелери каралды.

ЕАЭБде өнөр жайдын секириги үчүн өндүрүштүн кооперациясы жана инновациялык долбоорлор керек
16 Октябрь | Интеграция жана макроэкономика | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Экономика жана каржы саясаты | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | Техникалык жөнгө салуу

15-октябрда Москвада өткөрүлгөн «Интеграция» Евразия өнөр жай конгрессинин катышуучулары Евразия экономикалык бирлигиндеги (ЕАЭБ) өнөр жай кызматташтыгынын көйгөйлөрүн жана перспективаларын жана ишкерлердин өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүнүн аспаптарын талкуулашты. Талкууда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) мүчөлөрү катышышты. Конгрессти өткөрүү демилгеси Бирликтин мамлекеттеринин бизнесинин натыйжалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө, үзүрлүү кооперацияга жана рыноктун талабына ээ болгон жогорку технологиялуу өндүрүштүк бирикмелерди түзүүгө кызыкдар өкүлдөрүнөн чыкты.

ЕЭК Коллегиясы кагаз түрүндөгү ТКПларды жол-жоболоштуруу мүмкүнчүлүгүн 2020-жылдын 1-ноябрына чейин узартты
14 Октябрь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Техникалык жөнгө салуу | Бажы кызматташтыгы | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | Экономика жана каржы саясаты | Энергетика жана инфраструктура

14-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы өнөр жай кызматташтыгы, бирдиктүү кызмат көрсөтүүлөр рыногу, бажылык жана техникалык жөнгө салуу, транспорт жана инфраструктура, макроэкономика, ички рыноктун иши, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн экономикаларын санариптештирүү чөйрөлөрүндөгү маселелерди карап чыгышты.

ЕЭК Бирликтин техникалык регламенттерин иштеп чыгуу тартибин өзгөртүүнү жана белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышына контролду күчөтүүнү сунуш кылууда
11 Октябрь | Техникалык жөнгө салуу

Бирликте товарлардын коопсуздугу маселелерин жөнгө салуучу негизги документтерди – Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) техникалык регламенттерин иштеп чыгуу тартиби өзгөртүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу 10-октябрда Москвада Комиссиянын штаб-квартирасында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) техникалык жөнгө салуу, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу боюнча Консультативдик комитетинин ЕЭК Коллегиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Виктор Назаренконун төрагалыгы астында өткөн отурумунда сөз кылынды.

ЕАЭБдин ичүүчү сууга карата техникалык регламентинин стандарттарынын тизмеги өзгөртүлдү
08 Октябрь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Техникалык жөнгө салуу

8-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы эл аралык кызматташтык, бажылык жана техникалык жөнгө салуу, атаандаштык, соода, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) дары-дармек жана медициналык буюмдар рынокторунун иши чөйрөлөрүндөгү маселелерди карап чыкты.

ЕАЭБде жалпы цемент рыногу түзүлүүдө
04 Октябрь | Техникалык жөнгө салуу

Россия Федерациясы курулуш рыногундагы тоскоолдукту жойду. Эми Евразия экономикалык бирлигинде (ЕАЭБ) жалпы цемент рыногун түзүү үчүн бардык шарттар бар.

ЕЭК министри Виктор Назаренко: «Техникалык жөнгө салуу – ЕАЭБдин транзиттик потенциалын күчөтүүнүн негизги аспаптарынын бири»
01 Октябрь | Техникалык жөнгө салуу

​«Продукция боюнча шайкеш келтирилген шарттарга өтүү жана рынокко кирүүгө уруксат берүү жол-жоболорун таануу Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) транзиттик потенциалын күчөтөт», – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Виктор Назаренко Еревандагы (Армения Республикасы) «Евразия континентинин транзиттик потенциалы» Эл аралык форумунда билдирди.

ЕЭК министри Виктор Назаренко: «Мамлекеттик контролдоо органдарынын төмөн активдүүлүгү ЕАЭБде кооптуу продукция жөнүндө маалымдоо тутумунун киргизилишин басаңдатууда»
26 Сентябрь | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) ички рыногун коопсуз эмес продукциядан коргоонун натыйжалуу тутумун түзүү – Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жана мүчө мамлекеттердин негизги милдеттеринин бири. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын мүчөсү (министр) Виктор Назаренко 26-сентябрда Бишкекте «Евразия жумалыгынын» жүрүшүндө «Бирликтин техникалык регламенттерине шайкеш келбеген продукция жөнүндө маалымдоо тутуму» деп аталган тегерек столдо билдирди.