Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕАЭБте оюн аянтчалары коопсуз болот: ЕЭК Коллегиясы техникалык жөнгө салуу жагында бир катар документтерди жактырды
25 Апрель 2017 | Техникалык жөнгө салуу

24-апрелде Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы ЕАЭБтин “Балдар оюн аянтчалары үчүн жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө” техрегламентин жактырды, ошондой эле “Минералдык жер семирткичтердин коопсуздугу жөнүндө” жана “Балык жана балык продукциясынын коопсуздугу жөнүндө” техрегламенттерине өткөөл жоболорду аныктады. ​

ЕЭК министри Валерий Корешков: “ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ветеринардык кызматтары жаныбарлардын оорулары менен күрөшүүдө күч-аракеттерин бириктиришет”
21 Апрель 2017 | Техникалык жөнгө салуу

Жаныбарлардын инфекциялык оорулары менен күрөшүүдө Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн ветеринардык кызматтарынын күч-аракеттерин бириктирүү зарылчылыгы жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) техникалык жөнгө салуу боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Валерий Корешков 19-21-апрелде Уфада (Россия) өткөн VII Эл аралык ветеринардык конгрессте билдирди.​

ЕЭК министри Валерий Корешков: “Биримдикте дарылардын бирдиктүү рыногу иштей башташына саналуу күндөр калды”
19 Апрель 2017 | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) дарылар боюнча жалпы рыногу Кыргыз Республикасы анын ишин регламенттеген документтерди ратификациялагандан кийин иштей баштайт. “Биримдикте бирдиктүү рынок иштей башташына саналуу күндөр калды”, - деп билдирди Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) техникалык жөнгө салуу боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Валерий Корешков Минскте өткөн “ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин дары каражаттары боюнча жалпы рыногун түзүү” семинарында.​

Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБтин аккредитациялоо системасын жакшыртууну улантат
12 Апрель 2017 | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) аккредитациялоо системасын жакшыртууга багытталган маселелер ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин аккредитациялоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдарынын кеңешмесинде каралды. Кеңешме Евразия экономикалык комиссиясында (ЕЭК) өттү. Биримдиктин аккредитациялоо системасын өнүктүрүүнүн багыттарын, анын ичинде ЕАЭБтин бирдиктүү реестрине шайкештикти баалоо боюнча органдарды киргизүү тартибинин жаңы редакциясын талкуулоого өзгөчө көңүл бөлүндү.​

ЕЭК министри Валерий Корешков: “ЕЭКтин жана Монголиянын өз ара иштешүүсү экспорттолуучу продукциянын сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет”
11 Апрель 2017 | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн жана Монголиянын техникалык жөнгө салуу, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чаралар чөйрөсүндө кызматташуу маселелери Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) техникалык жөнгө салуу боюнча Коллеги мүчөсү Валерий Корешковдун Монголияга болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө талкууланды.

ЕЭК Консультативдик комитети өнөр жай жабдууларынын, отундун, майлоочу материалдардын жана башка товарлардын коопсуздугу чөйрөсүндө бир катар чечимдерди кабыл алды
06 Апрель 2017 | Техникалык жөнгө салуу

Техникалык жөнгө салуу, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу маселелери Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) профильдик Консультативдик комитетинин кароосуна чыгарылды, аны ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Валерий Корешков өткөрдү.​

ЕЭК ЕАЭБ алкагында дары рыногун жөнгө салуунун бирдиктүү ык-амалдарын сунуштайт
04 Апрель 2017 | Техникалык жөнгө салуу

“ЕАЭБтин дары каражаттарынын жалпы рыногу кабыл алынган ченемдик актылардын негизинде жүргүзүлүп жаткан бирдиктүү жөнгө салууну гана эмес, бирдиктүү ык-амалдарды да талап кылат”, – деп билдирди Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин директору Арман Шаккалиев “Мамлекеттик жөнгө салуу жана россиялык фармөнөр жайы 2017: диалогдун уландысы” конференциясында.

ЕЭК Кыргыз Республикасына Бажы союзунун техникалык регламенттерин колдонуу маселеси боюнча консультация берет.
31 Март 2017 | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде Бишкекте Бажы союзунун 18 техникалык регламентинин шайкештигине баа берүү жана алардын ЕАЭБда колдонулушу боюнча актуалдуу маселелер боюнча семинар өткөрдү. Техреглменттер тамак - аш өнөр жайы, балдар жана өспүрүмдөргө арналган азык - түлүк коопсуздугу, темир жол транспорту, эмерек буюмдары, жеңил өнөр жай жана башка тармактарды камтыйт. ​

ЕЭК WP.29дан байкоочу статусун алууга аракет кылат
30 Март 2017 | Техникалык жөнгө салуу

Евразии экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрү үчүн техникалык регламенттерди, нормаларды жана стандарттарды иштеп чыгууда жана өркүндөтүүдө БУУнун транспорт каражаттарына карата эрежелерин жана талаптарын (1958-жылдагы келишим, 1998-жылдагы глобалдуу келишим жана 1997-жылдагы Техникалык кароо мезгили тууралуу келишим) колдонууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу департаментинин директору Арман Шаккалиев БУУнун Транспорт каражаттары боюнча эрежелерин макулдашуунун Бүткүл дүйнөлүк форумунун отурумунун жыйынтыгында билдирди.

ТЭИ катышуучулары үчүн “бирдиктүү терезенин” эталондук модели 2017-жылдын аягына чейин түзүлөт ЕЭК Коллегиясынын жыйынтыктары
21 Март 2017 | Техникалык жөнгө салуу | Бажы кызматташтыгы

21-мартта Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын отуруму болуп өттү. Күн тартибинин негизги маселелеринин катарында: тышкы экономикалык ишмердүүлүктү жөнгө салуу системасында “бирдиктүү терезени” түзүү боюнча иштердин жүрүшү, “Балдар жана өспүрүмдөр үчүн арналган продукциянын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентке өзгөртүү киргизүү, ал заманбап материалдарды колдонууну кеңейтүүгө жана өндүрүүчүлөрдүн коромжуларын азайтууга мүмкүндүк берет.​