Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

Техникалык жөнгө салуу боюнча Коллегия мүчөсү (Министр) Валерий Корешков дары каражаттарынын айланымы чөйрөсүндө 2016-2018-жылдары иштеп чыгууга пландаштырылган актылардын тизмесин бекитти
26 Июль 2016 | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында дары каражаттарынын жалпы рыногун жөнгө салуу маселелери боюнча 67 актты 2016-2018-жылдары иштеп чыгуу пландаштыралат. Тийиштүү тизмени ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча Коллегия мүчөсү (Министр) Валерий Корешков бекитти.​

ЕЭК жалпысынан медициналык буюмдардын жалпы рыногун ишке киргизүү үчүн ЕАЭбнын ченемдик базасын калыптандырууну аяктады.
14 Июль 2016 | Техникалык жөнгө салуу

Еразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) жалпысынан медициналык буюмдардын жалпы рыногун ишке киргизүү үчүн ЕАЭбнын ченемдик базасын калыптандырууну аяктады. ЕАЭБнын укуктук порталында ЕЭК Кеңешинин 2016-жылдын 12-февралындагы №46 чечими менен бекитилген, Медицинадык буюмдарды каттоо жана алардын коопсуздугуна, сапатына жана натыйжалуулугуна экспертиза жүргүзүү эрежелери жарыяланган. ​

ЕЭКте ЕАЭБдин “Алкоголдук продукциялардын коопсуздугу тууралуу” техникалык регламентинин долбоору боюнча пикир келишпестиктер каралды.
14 Июль 2016 | Техникалык жөнгө салуу

13-июлда Евразия экономикалык комиссиясында (ЕЭК) Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жогорку деңгээлдеги жыйынында ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча коллегия мүчөсү (министри) Валерий Корешковдун төрагалыгы алдында ЕАЭБдин “Алкоголдук продукциялардын коопсузудугу тууралуу” техникалык регламентинин долбоору боюнча пикир келишпестиктер каралды.​

ЕАЭС өлкөлөрүндө жеңил өнөр жай буюмдары коопсуз болот
13 Июль 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Техникалык жөнгө салуу

12-июлда Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясы (ЕЭК) Бажы союзунун “Жеңил өнөр жай продукциясынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентине киргизген өзгөртүүлөрүн жактырды (БС ТР 017/2011)​

ЕЭК дене мүчөлүк мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн автомобилдерге карата техрегламенттерге талаптарды жөнөкөйлөттү
12 Июль 2016 | Техникалык жөнгө салуу | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

11-июлда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңеши Биримдиктин “Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу тууралуу” техникалык регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жактырды. Кеп дене мүчөлүк мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн арналган, жүгүртүмгө чыгарылган жеңил автомобилдери (М1 категориясындагы) жана коммерциялык жеңил транспортту (N1) автоматтык трансмиссия менен милдеттүү жабдуу боюнча талаптарды “дөңгөлөк” техрегламентинен алып салуу жөнүндө болууда.​

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн фитосанитарлары окушат
11 Июль 2016 | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар департаментинин директору Игорь Гаевский БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) россиялык бөлүмүндө анын директору Евгения Серова менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Карантиндик продукциялар менен эл аралык соодалашууда фитосанитардык коопсуздукту камсыздоого байланыштуу биргелешкен иштердин перспективалары талкууланды.​

2021-жылдын аягына чейин медициналык буюмдарды улуттук каттоо системаларынын жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жалпы рыногунда каттоо системаларынын параллелдүү иши сакталат
11 Июль 2016 | Техникалык жөнгө салуу

Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) штаб-квартирасында ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин директору Арман Шаккалиев медициналык буюмдардын глобалдык рыногунун индустриясынын өкүлдөрү болгон компаниялардын тобунун кызматкерлерине, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) жалпы рыногунда медициналык буюмдардын жүгүртүмүнө байланыштуу Комиссиянын негизги максаттары жөнүндө айтып берди.​

ЕАЭБде кооптуу продукция боюнча бирдиктүү маалымат базасын түзүү пландаштырылууда
04 Июль 2016 | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрү Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) менен биргеликте ЕАЭБ техникалык регламенттеринин талаптарынын сакталышына мамлекеттик контролдук чөйрөсүндө мыйзамдарды шайкеш келтирүү тууралуу келишим даярдашууда.​

Фармацевтика өндүрүүчүлөрү ЕАЭБтин жалпы дары рынокторунун жаңы эрежелерине таянууга милдеттүү болушат
04 Июль 2016 | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) жалпы дары рыногун калыптандырууда ЕАЭБге кирбеген өлкөлөр тарабынан берилген GMP (тиешелүү өндүрүштүк тажрыйба) талаптарына ылайык келүү сертификаттарын шартсыз таануу болжолдонбойт. Үчүнчү өлкөлөрдө даярдалган дары-дармектердин коопсуздугун, сапатын жана натыйжалуулугун тастыктоо үчүн фармөндүрүүчүлөр ЕАЭБнын жаңы эрежелерине таянууга милдеттүү болушат.​

ЕАЭБде электрондук паспорттор системаларынын сынамык версиясы ишке киргизилди
01 Июль 2016 | Техникалык жөнгө салуу

1-июлдан тартып Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн транспорт каражаттарын өндүрүүчүлөр электрондук паспорт системасынын сынамык версиясын тестирлей башташты.​