Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭК жана Өсүмдүктөрдүн карантини жана аларды коргоо боюнча Европа жана Жер ортолук деңиз уюму 2020-жылга чейин Кызматташтык программасына кол коюшат
07 Декабрь 2016 | Техникалык жөнгө салуу

6-декабрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы техникалык жөнгө салуу боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Валерий Корешковго 2016-2020-жылдарга ЕЭК менен Өсүмдүктөрдүн карантини жана аларды коргоо боюнча Европа жана Жер ортолук деңиз уюмунун (ӨККЕУ) ортосунда Кызматташтык программасына кол коюуга ыйгарым укук беришти.​

Жаңылыктар Валерий Корешков: “Стандарттар - соодада техникалык тоскоолдуктарды четтеттүүнүн кыйла натыйжалуу инструменттеринин бири” 02.12.2016-2 Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) соодада техникалык тоскоолдуктарды төмөндөтүү ү жана техникалык жөнгө
02 Декабрь 2016 | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) соодада техникалык тоскоолдуктарды төмөндөтүү ү жана техникалык жөнгө салуу системасын өнүктүрүү үчүн стандаттарды колдонот. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча Коллегия (министр) мүчөсү, Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономимкалык комиссиясынын ченемдик жөнгө салуу маселелери боюнча стандартташтыруу жана кызматташтык жагында саясат боюнча Жумушчу топтун Төрагасынын орун басары (БУУ ЕЭК ЖТ 6) Валерий Корешков БУУ ЕЭК ЖТ6 декабрда Женевада өткөн 26-отурумунда маалымдады. Комиссиянын Төрагасы да отурумдун катышуучуларын жаңы техникалык регламенттер жана акыркы мезгилде евразия экономикалык комиссиясында (ЕЭК) эң мыкты эл аралык тажрыйбаларды эске алуу менен кабыл алынган башка документтер тууралуу маалымдады.

Өз ара соодада тоскоолдуктарды алып салуу – интеграциянын негизги максаттарынын бири.
01 Декабрь 2016 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Техникалык жөнгө салуу

1-декабрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Сергей Сидорский жана ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Валерий Корешков Беларусь Республикасынын Премьер- министринин орун басары Михаил Русый менен отурумга катышышты. Тараптар жолугушуунун алкагында ыйгарым укуктуу көзөмөл органдары менен ЕЭКтин Евразия экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн ортосунда өз ара соодадагы ашыкча тоскоолдуктарды алып салуу маселеси боюнча өз ара иш жүргүзүүлөрү жагында иштин жыйынтыгын чыгарышты.​

ЕАЭБнын «өсүмдүктөрдүн карантини» жагында негиз түзүүчү ченемдик –укуктук база түзүлдү.
30 Ноябрь 2016 | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин мүчөлөрү ЕАЭБнын карантиндик объекттеринин бирдиктүү тизмесин; карантин алдындагы продукцияларга жана карантин алдындагы объекттерге карата ЕАЭБнын бажы чек арасындагы жана бажы аймагында коюлуучу бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптар; ЕАЭБ бажы аймагында өсүмдүктөрдүн карантинин камсыз кылуу нун бирдиктүү эрежелери жана нормалары бекитилди. Бул карантиндик фитосанитардык чөйрөдө негиз түзүүчү документтер болуп саналат.​

ЕЭК Кеңеши Евразия экономикалык биримдигинин минералдуу жер семирткичтерге карата техрегламентин кабыл алды.
30 Ноябрь 2016 | Техникалык жөнгө салуу

30-ноябрда ЕЭК Кеңешинин отурумунда Комиссиянын техникалык жөнгө салуу жагында үч маанилүү актысы кабыл алынды, анын ичинде Евразия экономикалык биримдигинин «Минералдык жер семирткичтерге карата талаптар жөнүндө» жаңы техрегламенти бекитилген.​

ЕЭКте шайкеш келүүгө баа берүүнүн типтүү схемасын иштеп чыгуу улантылууда.
30 Ноябрь 2016 | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрү менен биргеликте шайкеш келүүгө баа берүүнүн типтүү схемасынын жаңы долбоорун даярдоо боюнча ишти улантууда, анда биримдиктин техникалык регламенттерин колдонууда жана аткарууда шайкеш келишине милдеттүү баа берүү эрежелерин жана жол – жоболорун белгилөө каралган.​

ЕЭАЭБ өлкөлөрү “Имараттардын жана курулмалардын, курулуш материалдарын жана буюмдардын коопсуздугу тууралуу” техрегламентти кабыл алууга даярдоону улантышууда.
29 Ноябрь 2016 | Техникалык жөнгө салуу

28-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясында (ЕЭК) Курулушта техникалык жөнгө салуу маселелери боюнча чакан комитеттин отуруму болуп өттү Отурумдун катышуучулары Евразия экономикалык биримдигинин ушул чөйрөдөгү бирдиктүү техникалык регламентин даярдоо жана кабыл алуу боюнча иштерди улантуу зарылчылыгын макулдашты.​

ЕЭК документтери Евразия биримдиги мамлекеттеринде мед буюмдардын сапатын жана жеткилигин камсыз кылат
23 Ноябрь 2016 | Техникалык жөнгө салуу

Москвада өткөн «Медициналык буюмдардын жалпы рыногу: жөнгө салуунун улуттук үлгүсү» тегерек стол маегинде Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу жана аккредитациялоо департаментинин директору Арман Шаккалиев Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрү Комиссия менен биргеликте медицина буюмдарынын жалпы рыногун ишке киргизүү үчүн зарыл болгон документтерди даярдоо боюнча ишти аякташкандыгын маалымдады.​

Валерий Корешков: «Евразия биримдиги менен КМШ өлкөлөрүнүн керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча максаттары жана милдеттери - окшош»
21 Ноябрь 2016 | Техникалык жөнгө салуу

17-18-ноябрда Санкт-Петербургда өткөн КМШга катышуучу мамлекеттердин керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча консультативдик комитеттин отурумунда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Техникалык жөнгө салуу боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Валерий Корешков ЕЭКтин функциялары жана ыйгарым укуктары, ошондой эле Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн бул чөйрөдө макулдашылган саясат жүргүзүүлөрүнүн негизги принциптери жөнүндө айтып берди.​

ЕЭК продукциянын коопсуздугун жана сапатын жогорулатуунун үстүндө иштөөдө
18 Ноябрь 2016 | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегия мүчөлөрү техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө бир катар чечимдерди кабыл алышты. Алар Биримдик өлкөлөрүнүн продукциясынын коопсуздугун жана сапатын жогорулатууга мүмкүндүк беришет.​