Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБте парфюмериялык-косметикалык продукциянын сапатын жогорулатууга багытталган чечимдерди кабыл алды
17 Май 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Техникалык жөнгө салуу

17-майда ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын жетекчилиги алдында өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын отурумунда техникалык жөнгө салуу, бажы кызматташтыгы, соода, интеграция жана макроэкономика, атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөлөрүндөгү бир катар маанилүү маселелер каралды.​

ЕЭК Кеңешинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн 2016-2017-жылдарга макроэкономикалык багыттары жактырылды
17 Май 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Техникалык жөнгө салуу | Интеграция жана макроэкономика | Энергетика жана инфраструктура

16-майда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Иш-чарага ЕЭК Кеңешинин Мүчөлөрү катышышты: Армения Республикасынын Вице-премьер-министри, Эл аралык экономикалык интеграциялар жана реформалар министри Ваче Габриелян, Беларусь Республикасынын Премьер-министринин Биринчи орун басары Василий Матюшевский, Казахстан Республикасынын Премьер-министринин Биринчи орун басары Бакытжан Сагинтаев, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Олег Панкратов, Россия Федерациясынын Өкмөт Башчысынын биринчи орун басары Игорь Шувалов, ЕЭК​

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян: “Жеңиш күнү биздин жалпы экономикалык долбоордун - Евразия биримдигинин чоң келечегине баарыбызды үмүттөндүрөт”
11 Май 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Соода | Экономика жана каржы саясаты | Техникалык жөнгө салуу | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

10-майда ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын жетекчилиги алдында өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын кезектеги отурумунда интеграция жана макроэкономика, соода, экономика жана каржы саясаты, ички рыноктор, техникалык жөнгө салуу, агроөнөр жай комплекси чөйрөлөрүндөгү суроолор каралды.​

ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБтин “Отун катары колдонуу үчүн суюлтулган көмүрсуутектүү газга талаптар” техрегламентин жактырды
11 Май 2016 | Техникалык жөнгө салуу

10-майда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө бир катар чечимдерди жана тескемелерди кабыл алды. Атап айтканда, Комиссиянын Кеңешинин “Евразия экономикалык биримдигинин “Отун катары колдонуу үчүн суюлтулган көмүрсуутектүү газга талаптар” техникалык регламенти жөнүндө” чечиминин долбоору жактырылды.

ЕЭК Министри Валерий Корешков: “Продукциялардын коопсуздук маселелери гана эмес, сапаты да өзгөчө мааниге ээ”
29 Апрель 2016 | Техникалык жөнгө салуу

28-апрелде Евразия экономикалык комиссиясында Аларды ыктыярдуу негизде колдонуунун жыйынтыгында Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) техникалык регламенттеринин талаптарынын аткарылышы камсыздалган стандарттардын тизмесин иштеп чыгуу жана кабыл алуу тартибинин долбоору жана изилдөөлөрдүн (сыноолордун) жана өлчөөлөрдүн эрежелерин жана ыкмаларын камтыган стандарттардын тизмелери каралды. Анын ичинде ЕАЭБнын техникалык регламенттеринин талаптарын колдонуу жана аткаруу жана техникалык жөнгө салуу объекттеринин шайкештигин баалоону жүргүзүү үчүн зарыл болгон үлгүлөрдү тандоонун эрежелери каралды.​

Евразия экономикалык комиссиясы ЕЭК Кеңешинин тамекинин зыяны жөнүндө эскертүүлөрдүн эскиздери боюнча чечимин жарыялады
28 Апрель 2016 | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык биримдигинин сайтында (ЕАЭБ) Евразия экономикалык комиссиясынын 2016-жылдын 17-мартындагы №18 “Тамеки өнүмдөрүнүн зыяны жөнүндө эскертүүлөрдүн эскиздерин жана аларды тамеки продукцияларынын керектөөчүлүк таңгактарына жайгаштыруунун параметрлерин бекитүү жөнүндө” чечими жарыяланды.

Дарылардын айланымы чөйрөсүндө ЕАЭБ маалыматтык системасын калыптандыруу үчүн документтер ЕЭКтин жумушчу тобу тарабынан жактырылды
27 Апрель 2016 | Техникалык жөнгө салуу

26-27-апрелде Евразия экономикалык комиссиясында Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) дары каражаттарынын айланымын жөнгө салууга карата жалпы ык-амалдарды түзүү боюнча жумушчу топтун отурумунда бир катар технологиялык документтердин долбоорлору каралып, жалпысынан жактырылды.​

Комиссияда Биримдиктин техникалык регламенттерин иштеп чыгуунун тартибине өзгөртүүлөрдү талкуулашты
27 Апрель 2016 | Техникалык жөнгө салуу

27-апрелде ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Валерий Корешковдун төрагалыгы алдында Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешмеси болуп өттү. Кеңешмеде Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) техникалык регламенттерин иштеп чыгуунун тартибине өзгөртүүлөр долбоору талкууланды. ​

Комиссия ЕАЭБ өлкөлөрү менен биргеликте Үчүнчү өлкөлөр менен өз ара соодалашууда техникалык тоскоолдуктарды четтетүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө келишимди даярдайт
26 Апрель 2016 | Техникалык жөнгө салуу

25-26-апрелде Евразия экономикалык комиссиясында Үчүнчү өлкөлөр менен өз ара соодалашууда техникалык тоскоолдуктарды четтетүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө эл аралык келишимдин долбоору каралды.​

ЕЭК Тарифтик эмес жөнгө салуунун убактылуу чараларын сактоону көзөмөлдөөдө бир түрдүү укук колдонуу тажрыйбасын камсыздоо жөнүндө сунуш-көрсөтмөнү иштеп чыгууда
25 Апрель 2016 | Техникалык жөнгө салуу

22-апрелде Евразия экономикалык комиссиясынын Бажылык жөнгө салуу боюнча консультативдик комитетинин отурумунун катышуучулары Комиссиянын Коллегиясынын “Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрү үчүнчү өлкөлөр менен соодалашуусунда бир тараптуу тартипте киргизген жана колдонгон тарифтик эмес жөнгө салуунун убактылуу чараларын сактоону көзөмөлдөөдө бир түрдүү укук колдонуу тажрыйбасын камсыздоо жөнүндө” сунуш көрсөтмөсүнүн долбоорун талкуулашты. Отурум ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Мукай Кадыркуловдун төрагалыгы алдында өттү.​