Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

1-октябрда Евразия экономикалык биримдигинде электрондук автопаспорттор системаларынын тажрыйбалуу пайдалануусу башталат
30 Сентябрь 2016 | Техникалык жөнгө салуу

29-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Валерий Корешков транспорт каражаттарынын (транспорт каражаттарынын шассисинин паспортунун) жана өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторунун системаларынын даярдыгын демонстрациялык көргөзүүгө катышты.​

Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүндө электрондук автопаспорттор боюнча ченемдик-укуктук базаны түзүү иштери аяктоодо
30 Сентябрь 2016 | Техникалык жөнгө салуу

29-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин директору Арман Шаккалиевдин төрагалыгы алдында Евразия экономикалык биримдигинде транспорт каражаттарынын паспортунун (транспорт каражаттарынын шассисинин паспортунун) жана өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн паспортунун бирдиктүү формасын киргизүү жана электрондук паспорттор системасын уюштуруу жөнүндө макулдашууну жүзөгө ашыруу боюнча жумушчу топтун отуруму болуп өттү.​

ЕЭК картофель коңуздарына жана шиш тумшук коңуздарга укуктук бөгөт коет
28 Сентябрь 2016 | Техникалык жөнгө салуу

27-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы фитосанитардык тематика боюнча бир катар тескемелерди кабыл алды. Евразия экономикалык биримдигинин карантиндик объекттеринин бирдиктүү тизмеси; Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасында жана бажы аймагында карантиндик продукцияларга жана карантиндик объекттерге карата коюлуучу бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптар; Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагында өсүмдүктөрдүн карантинин камсыздоонун бирдиктүү эрежелери жана ченемдери жактырылды. ​

Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүндө метро жана трамвайлар коопсуз болот
28 Сентябрь 2016 | Техникалык жөнгө салуу

27-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык биримдигинин техникалык регламенттерин иштеп чыгуу планына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ЕЭК Кеңешинин долбоорун жактырды. Ал өзгөртүүлөр боюнча биримдиктин төмөнкү дагы эки техникалык регламентин иштеп чыгуу каралат: “Метрополитендин кыймылдуу составынын коопсуздугу жөнүндө” жана “Жеңил рельстик транспорттун, трамвайлардын коопсуздугу жөнүндө”. ​

ЕЭК Евразия экономикалык биримдигинин медициналык буюмдар номенклатурасын түзүүнү баштады
26 Сентябрь 2016 | Техникалык жөнгө салуу

20-22-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин директору Арман Шаккалиевдин төрагалыгы алдында Евразия экономикалык биримдигинин медициналык буюмдар номенклатурасын түзүү жана жүргүзүү боюнча иштерди координациялоо боюнча жумушчу топтун жана Биримдикте медбуюмдардын айланымын жөнгө салууга карата жалпы ык-амалдарды түзүү боюнча жумушчу топтун отуруму болуп өттү​

Бишкекте ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин өкүлдөрү Евразия биримдигинде техникалык жөнгө салуу системасы боюнча семинар өткөрүштү
23 Сентябрь 2016 | Техникалык жөнгө салуу

20-сентябрда Бишкекте “Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун Кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик кайра даярдоо борбору” институтунун базасында Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Валерий Корешков тарабынан бекитилген, “Евразия экономикалык биримдигинде техникалык жөнгө салуу системасы” семинарларынын типтүү программаларын жүзөгө ашыруунун алкагында кезектеги семинар болуп өттү.​

Клиникалык изилдөөлөр боюнча конференциянын катышуучулары Евразия биримдигинин дарылар боюнча талаптагыдай тажрыйбаларын колдонуу зарылчылыгын белгилешти
19 Сентябрь 2016 | Техникалык жөнгө салуу

14-сентябрда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин өкүлдөрү «Клиникалык изилдөөлөр Россияда жана чет өлкөлөрдө» конференциясына катышышты. Алар тармактардын алдыңкы эксперттери менен Евразия экономикалык биримдигинде дары препараттарына клиникалык изилдөөлөрдү өткөрүүгө байланыштуу маселелерди талкуулашты.​

ЕЭК Министри Валерий Корешков Стандартташтыруу боюнча эл аралык уюмдун Генералдык ассамблеясынын иш чараларына катышты
15 Сентябрь 2016 | Техникалык жөнгө салуу

12-сентябрдан 14-сентябрга чейин Пекинде Евразия экономикалык комиссиясынын делегациясы ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу салуу боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Валерий Корешковдун жетекчилиги алдында Стандартташтыруу боюнча эл аралык уюмдун (ИСО) Генералдык ассамблеясынын 39-отурумунун ишине катышты.​

ЕЭКтин жумушчу тобу шайкештикти баалоонун типтүү схемасынын жаңы редакциясын иштеп чыгууга киришти
09 Сентябрь 2016 | Техникалык жөнгө салуу

8-9-сентябрда Ереванда Армениянын Экономика министрлигинин аянтчасында, Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Валерий Корешковдун төрагалыгы алдында шайкештикти баалоонун типтүү схемаларын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун биринчи отурумунун жүрүшүндө, аталган схемалардын жаңы редакциясын иштеп чыгуунун негизги багыттары аныкталды жана макулдашылды.​

ЕЭКте Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылыгы жагында ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин кеңеши ишин баштады
08 Сентябрь 2016 | Техникалык жөнгө салуу

7-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) штаб-квартирасында Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылыгы жагында ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин кеңешинин биринчи отуруму болуп өттү.​