Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭК Коллегиясы Украинадан алып келинген бүтүн чоюлган болот дөңгөлөктөргө карата демпингге каршы алымдын аракетин убактылуу токтотту
23 Июль | Интеграция жана макроэкономика | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы 23-июлда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) эл аралык ишмердиги, каржылык саясат, техникалык жөнгө салуу, санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чараларды колдонуу, дары-дармек каражаттарын жүгүртүү, бажылык жөнгө салуу, соода, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ички рыногунун иштеши жаатындагы маселелерди карап чыкты.

ЕЭК министри Виктор Назаренко: «ЕАЭБде өндүрүлгөн продукциянын тышкы рынокторго чыгышы үчүн анын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча мүчө мамлекеттердин макулдашылган саясаты керек»
19 Июль | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Виктор Назаренко Беларустун дипломатиялык миссияларынын башчылары үчүн Минск шаарында Беларусь Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында өткөрүлүп жаткан семинарда Евразия экономикалык бирлигинде (ЕАЭБ) түзүлүп жаткан бирдиктүү техникалык жөнгө салуу тутумунун милдеттерин айтып өттү.

«Евразия жумалыгынын» уюштуруучу комитети иш чаранын программасынын негизги темаларын белгиледи
16 Июль | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу | Соода | Экономика жана каржы саясаты | Энергетика жана инфраструктура | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

«Евразия жумалыгы – 2019» IV Эл аралык көргөзмө форумунун расмий сайтында ишкердик программанын архитектурасы жарыяланды. Форум 2019-жылдын 25-27-сентябрда Кыргызстандын Бишкек шаарында өткөрүлөт жана 2 000 ашуун катышуучуларды – Евразия экономикалык бирлигинен (ЕАЭБ) жана Бирликтин өнөктөш өлкөлөрүнөн бийлик органдарынын жана бизнестин өкүлдөрүн, өнүктүрүү институттарынын адистерин, каржылык жөнгө салгычтарды, эксперттерди чогултат.

Виктор Назаренко: «Кооптуу продукция жөнүндө маалымдоо жана контролдоочу (көзөмөлдөөчү) органдардын бажы жана укук коргоо органдары менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү механизмдеринин тутумун түзүү ЕАЭБ үчүн маанилүү»
11 Июль | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) рыногунда техникалык регламенттердин талаптарына шайкеш келбеген продукциянын жүгүртүлүшүн болтурбоо, ошондой эле шайкештикти баалоо жаатында эреже бузуулардын алдын алуу максатында, Бирликтин өлкөлөрүндө мамлекеттик контролдун (көзөмөлдүн) натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле контролдоочу (көзөмөлдөөчү), бажы, укук коргоо органдарынын жана аккредиттөө боюнча органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу боюнча тутумдук чаралар ишке ашырылууда. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү (Министр) Виктор Назаренко Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын стандартташтыруу жана ченемдик жөнгө салуу маселелери боюнча кызматташтык жаатындагы саясаты боюнча Жумушчу топтун (БУУ ЕЭК 6-ЖТ) алкагында өткөрүлгөн, Рынокту көзөмөлдөө боюнча консультативдик топтун (MARS Group) 17-отурумунда билдирди. Жумушчу топтун отуруму 8–9-июлда Москвада ЕЭКтин штаб-квартирасында алгачкы жолу өткөрүлдү.

ЕАЭБде Бирдиктүү ветеринардык талаптар эл аралык стандарттарга шайкеш келтирилет
09 Июль | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу

9-июлда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы бажылык жана техникалык жөнгө салуу, санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар, соода, макроэкономика, санариптештирүү, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн ички рынокторунун иштеши чөйрөлөрүндөгү маселелерди карап чыкты.

Беларуста ТК электрондук паспортторун жол-жобоштурууга киришишти
03 Июль | Техникалык жөнгө салуу

Беларусь Республикасынын МАЗ, Юнисон жана БелДжи сыяктуу бир катар автомобиль өндүрүүчүлөрү өздөрүнүн продукциясына, анын ичинде Россия Федерациясына жеткирилүүчү продукцияга карата транспорт каражаттарынын электрондук паспорттору менен автомобилдерди чыгарууга даярдыгын тастыкташты. Учурда Беларуста өндүрүлгөн МАЗ, Geely жана Zotye маркаларындагы автомобилдерге алгачкы беш электрондук паспорт жол-жоболоштурулду. Ошентип, республика электрондук паспорттор менен практикалык ишке башат койду.

1-июлдан тарта ЕАЭБдин мунайга карата техникалык регламенти иштеп баштайт
27 Июнь | Техникалык жөнгө салуу

2017-жылдын декабрь айында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңеши тарабынан кабыл алынган Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) «Ташууга жана (же) колдонууга даярдалган мунайдын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламенти күчүнө кирет.

1-июлда ЕАЭБдин суюлтулган көмүр суутек газдарына карата техникалык регламенти үчүн белгиленген өткөөл мезгил аяктайт
27 Июнь | Техникалык жөнгө салуу

Газдардын Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) «Отун катары колдонуу үчүн арналган суюлтулган көмүр суутек газдарына талаптар» техникалык регламенти кабыл алынганга чейинки милдеттүү талаптарга шайкештигин баалоо жөнүндө бардык документтердин аракети аяктоодо.

ЕАЭБ Латын Америка жана Кариб бассейнинин өлкөлөрү менен кызматташтыкты өнүктүрүүдө
07 Июнь | Техникалык жөнгө салуу

Товар жүгүртүүнү көбөйтүү – Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин жана Латын Америка жана Кариб бассейнинин өлкөлөрүнүн кызматташтыгынын негизги максаты болуп саналат. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Виктор Назаренко 5-июнда Комиссия тарабынан өткөрүлгөн семинарда билдирди.

ЕАЭБде зер буюмдарындагы сынамык энтамгалар өз ара таанылат
29 Май | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | Энергетика жана инфраструктура | Соода | Техникалык жөнгө салуу

28-майда Нур-Султанда (Казакстан) Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын орун басарлары жана ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын катышуусу менен Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) отуруму болуп өттү. ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү соода, бажылык жана техникалык жөнгө салуу, зер тармагы, каржы саясаты, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн экономикаларын санариптештирүү, өнөр жай кызматташтыгы чөйрөлөрүндөгү жана бир катар башка чөйрөлөрдөгү маселелерди талкуулашты.