Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

Сүт азыктарын сүт камтылгандардан айырмалоо оңой болуп калат
09 Июль 2018 | Техникалык жөнгө салуу

Керектөөчүлөр сүт майын алмаштыруучу зат кошулган же кошулбаган сүт камтылган азыктарды так айырмалай алышат. Бул үчүн маркалоо боюнча бир катар түзөтүүлөр киргизилет. 2017-жылдын 10-ноябрында Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин № 102 Чечими менен кабыл алынган «Сүттүн жана сүт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө» Бажы бирлигинин техникалык регламентине тиешелүү өзгөртүүлөр ушул жылдын 16-июлунан тартып күчүнө кирет.​

ЕЭК товарлардын жүгүрүүсүнө мамлекеттик контроль органдарынын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртууну сунуштайт
20 Июнь 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу

Бажы кызматташтыгынын, ички рынокту техникалык жөнгө салуунун жана анын иштешинин маселелери 19-июнда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын отурумунда талкууланды. Мамлекеттик контроль органдарынын өз ара аракеттенүүсү боюнча Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнө сунуштама кабыл алынып, товарлардын бажылык наркын кийинкиге калтырылган аныктоонун тартиби бекитилди.​

ЖЕЭКтин жыйынтыктары: Молдовага ЕАЭБге караштуу байкоочу мамлекет статусу берилди, Бирликтин өлкөлөрү туруктуу экономикалык өнүгүү, үчүнчү өлкөлөр менен өз ара аракеттенүү үчүн негизди бекемдешүүдө, санариптик күн тартибин жүзөгө ашырууда, кызматтардын би
14 Май 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | Экономика жана каржы саясаты | Соода | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу | Техникалык жөнгө салуу | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) 14-майда Сочиде (Россия) өткөн отурумунун жүрүшүндө интеграция, макроэкономика, соода, санариптештирүү, кызматтарды көрсөтүү рыногу, транспорт, агроөнөр жай комплекси, техникалык жөнгө салуу чөйрөлөрүндө бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынды.​

ЕБ жана ЕАЭБ фармакопеяларынын жакындашуусу – сапаттуу дарылардын тоскоолдуксуз рыногунун ачкычы
28 Апрель 2018 | Техникалык жөнгө салуу

Евробиримдигинин жана Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн жарандарын жеткиликтүү баадагы сапаттуу, натыйжалуу жана коопсуз дарылар менен камсыздоо абзел, ал эми эки Биримдиктин фармацевтикалык ишканалары дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү болушу керек. Бул жалпы милдеттер жана континенттин дары рыногун жөнгө салуу чөйрөсүндө кызматташтыкты жолго коюу зарылчылыгы туурасында Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Коллегиясынын мүчөсү (министр) Валерий Корешков Брюсселде өткөн “ЕБ жана ЕАЭБ аймактык фармацевтикалык рыноктору – жалпы тренддер, жөнгө салуу жана чакырыктар” эл аралык семинарынын жүрүшүндө сүйлөдү.​

27-апрелде ЕАЭБте Дарыларга карата тийиштүү дистрибьютордук тажрыйбанын эрежелери күчүнө кирди
27 Апрель 2018 | Техникалык жөнгө салуу

Эреже Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) жалпы рыногунда дары каражаттарынын сапатын камсыздоо тутумунун маанилүү бөлүгү болуп эсептелет жана аны жүзөгө ашырууга катышкан бардык жактарга, анын ичинде өндүрүүчүлөргө жана дистрибьюторлорго таркалат.

ЕЭК “продукциянын шайкештигин баалоо боюнча кодексти” кабыл алды
27 Апрель 2018 | Техникалык жөнгө салуу

Шайкештикти баалоонун жаңы Типтик схемалары продукцияны сертификаттоону, декларациялоону жана мамлекеттик каттоону биримдиктин техникалык регламенттеринин талаптарына ылайык жүргүзүүнүн Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) өлкөлөрү үчүн бирдиктүү эрежелерин аныкташат. Жакында Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Кеңеши тарабынан кабыл алынган документ ишкерлерге техрегламенттердин негизинде аныкталган жол-жоболор бир маанилүү, ал эми ЕАЭБтин ар бир өлкөсүндө жүргүзүлгөн баалоонун жыйынтыктары – салыштырылуучу болорун кепилдейт. Биримдиктин ушул жана башка бир катар ченемдик укуктук актылары жөнүндө ЕЭК өкүлдөрү Минскте Стандартташтыруу, метрология жана сапатты башкаруу боюнча кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо Беларусь мамлекеттик институтунун аянтчасында өткөн семинардын жүрүшүндө билдиришти.​

ЕЭК сааттар үчүн айрым себилдегичтерге бажы алымдарын төмөндөтүп жана дем алуу жолдорунун ооруларын дарылоо үчүн препараттарды классификациялады
24 Апрель 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу | Соода

Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Коллегиясынын 24-апрелдеги отурумунда соода, бажы кызматташтыгы жана техникалык жөнгө салуу маселелери каралды. Товарлардын айрым түрлөрүнө кириш бажы алымдарын төмөндөтүү жөнүндө чечимдер кабыл алынып, дем алуу жолдорунун ооруларын дарылоо үчүн препараттар Евразиялык экономикалык биримдиктин Тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн товардык номенклатурасына (ЕАЭБ ТЭИ ТН) ылайык классификацияланды, аттракциондордун айрым кооптуу бөлүктөрүн сыноо жөнүндө Биримдиктин күбөлүгүнүн формасы бекитилди.​

ЕЭК Беларуста ак кантка болгон бааларды мамлекеттик жөнгө салуунун мөөнөтүн узартууну макулдашты, алдын ала маалымдоо институтунун өнүгүүсүнө чечим чыгарды, аттракциондорго карата стандарттарды бекитти
10 Апрель 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Коллегиясынын 10-апрелде болуп өткөн отурумунда Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүндөгү бажылык кызматташтык, атаандаштык, монополияга каршы жана техникалык жөнгө салуу маселелери каралды. Беларусь Республикасында ак кантка болгон бааларды мамлекеттик жөнгө салуунун мөөнөтүн узартуу макулдашылды, Биримдикке суу транспорту менен алып келинүүчү товарлар жөнүндө маалыматты берүүнүн тартиби аныкталды, аттракциондордун коопсуздугу жөнүндө техникалык регламентке стандарттардын тизмеги белгиленди, парфюмердик жана косметикалык продукция жөнүндө техникалык регламентке стандарттардын тизмеги актуалдаштырылды, евразиялык интеграцияны тереңдетүү боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.​​

ЕАЭБ өлкөлөрү ветеринардык жана фитосанитардык маселелер боюнча электрондук өз ара аракеттенүүнү жолго коюуда
05 Апрель 2018 | Техникалык жөнгө салуу

Ветеринардык контроль (көзөмөл) жана өсүмдүктөрдүн карантини тармагындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилери ЕЭК Коллегиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Валерий Корешковдун демилгеси менен Евразия экономикалык комиссиясында (ЕЭК) өткөрүлгөн кеңешмеде Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) жаныбар жана өсүмдүк тектүү товарларды көзөмөлдөөнүн электрондук тутумун түзүүнү талкуулашты.​

ЕЭК Коллегиясы Кытайдан жана Малайзиядан алып келинүүчү түтүктөргө болгон демпингге каршы алымдардын аракетин узартты, газ турбиналарына бажы алымдарын жогорулатты
03 Апрель 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Коллегиясынын 3-апрелде болуп өткөн отурумунда Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн соода, бажы кызматташтыгы жана техникалык жөнгө салуу маселелери талкууланды. Кытайдан жана Малайзиядан алып келинүүчү муздак деформацияланган, бириктирилген жерлери жок, дат баспас болоттон жасалган түтүктөргө демпингге каршы алымдардын аракети узартылды, газ турбиналарынын кээ бир түрлөрүнө бажы алымдары алардын бажылык наркынын 3-5 % на чейин жогорулатылды.​