Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

2019-жылдын 1-ноябрына чейин ЕАЭБ өлкөлөрү транспорт каражаттарынын электрондук паспортторунун бирдиктүү тутумуна өтүүгө тийиш
16 Апрель 2019 | Техникалык жөнгө салуу

Бул жөнүндө Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн профилдик мамлекеттик органдарынын жетекчилери ЕЭКте Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Виктор Назаренконун төрагалыгы астында болуп өткөн кеңешмеде билдиришти.

ЕЭК жана Медициналык буюмдардын глобалдык номенклатурасынын Агенттиги Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту
19 Март 2019 | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жана Медициналык буюмдардын глобалдык номенклатурасынын Агенттигинин ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга ЕЭК Коллегиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Виктор Назаренко жана Агенттиктин аткаруучу директору Марк Васмут кол коюшту.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму негизги инфекциялык эмес оорулар менен күрөшүүдө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жетишкендигин белгиледи
27 Февраль 2019 | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) рыногундагы тамак-аш азыктарынын сапаты жана коопсуздугу, аларда антибиотиктердин жана башка зыяндуу заттардын, анын ичинде трансмайлардын калдык көлөмдөрүн айкындоо Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) абдан тыгыз байкоосунун алдында турат. Негизги тобокелдик факторлорун, анын ичинде туура эмес азыктанууну жоюу, бардык жүрөк ооруларынын, инсульттардын жана диабеттин эң аз дегенде 80%, ошондой эле рак ооруларынын 40% алдын алышы мүмкүн.

ЕЭК Кеңеши килем жасоо үчүн бир катар пропилен жиптерге карата алып келүү бажы алымдарынын коюмун нөлгө түшүрдү
22 Февраль 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Бажы кызматташтыгы | Соода | Техникалык жөнгө салуу

22-февралда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин отуруму болуп өтүп, анда интеграция, соода, бажылык жана техникалык жөнгө салуу, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу маселелери каралды.


2019-жылдын 1-январында ЕАЭБтин "Таңгакталган ичүүчү суунун, анын ичинде табигый минералдык суунун коопсуздугу жөнүндө" техрегламенти күчүнө кирет
27 Декабрь 2018 | Техникалык жөнгө салуу

Балдардын тамактануусу үчүн ичүүчү суунун бөтөлкөлөрүндө эми "балдардын тамактануусу үчүн" деген жазуу же ичүүчү суунун бул максатка арналганы туурасында башкача көрсөтмө милдеттүү түрдө жазылат. Өндүрүүчү же сатуучу ичүүчү суу арналган балдардын курагы (үч жашка чейин жана үч жаштан кийин) жөнүндө маалымат бериши, анын жалпы минералдашуусу, химиялык элементтерди көрсөтүү менен анын негизги курамы, сактоо шарттары жана идишти ачкандан кийин жарактуулук мөөнөтү туурасында маалымдоосу шарт.

ГМО менен өнүмдөрдү байкоого оңоюраак болот
26 Декабрь 2018 | Техникалык жөнгө салуу

26-декабрда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүндө гендик-модификацияланган организмдерди (ГМО) колдонуу менен жасалган өнүмдөрдү маркалоого карата кошумча талаптар киргизилет. Бирликтин "Тамак аш продукциясы аны маркалоо жагында" техникалык регламентине киргизилген жаңы ченемдер сатып алуучуларга тамак-аш товарларын баамдап жана туура сатып алууга мүмкүндүк берет.

ЕАЭБдин дары-дармек рыногу чет өлкөлүк фармацевтика өндүрүүчүлөрү үчүн ачык
20 Сентябрь 2018 | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) рыногуна ЕАЭБ мамлекеттеринин улуттук жол-жоболору боюнча катталган чет өлкөлүк дары-дармек препараттарынын жеткиликтүүлүгүнүн перспективаларын Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Виктор Назаренко менен Куба Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары, доктор Марсия Кобас Руис 18-сентябрда ЕЭК аянтчасында талкуулашты.

ЕЭКте техникалык жөнгө салуу боюнча министр жана өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министр дайындалды
13 Сентябрь 2018 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин башчыларынын чечими менен Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын жаңы мүчөлөрү дайындалды: Виктор Владимирович Назаренко – ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри, Александр Михайлович Субботин – ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри болду.

ЕЭК дары-дармектердин жалпы рыногунун иши үчүн бир катар документтерди бекитти
07 Сентябрь 2018 | Техникалык жөнгө салуу | Соода | Энергетика жана инфраструктура | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын 7-сентябрдагы отурумунда энергетика, техникалык жөнгө салуу, фармацевтика жана соода тармагындагы маселелер каралды. Атап айтканда, ЕЭК Коллегиясы дары-дармектердин жалпы рыногунун иши үчүн бир катар документтерди бекитти жана Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жалпы электр энергетикалык рыногу тууралуу протоколду жактырды.

ЕЭК курама командасы XX жайкы Дипломатиялык оюндарда жети медалдын ээси болуп калды
28 Август 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу | Соода | Экономика жана каржы саясаты | Энергетика жана инфраструктура | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

25-августта Тверь областындагы «Завидово» комплексинде өткөн XX жайкы Дипломатиялык оюндарда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) курама командасы эки алтын, бир күмүш жана үч коло медалды утуп алды. ЕЭКтин спортсмендери эркектер арасында чоң теннис жана аялдар арасында 200 метрге кросс боюнча мелдештерде мыкты болуп калды. Табактарды атууда, баскетбол жана бильярд боюнча турнирлерде байгелүү орундарды ээледи.