Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭК ЕАЭБ өлкөлөрүнүн айыл чарба машиналарын куруудагы кооперациясын колдойт жана Монголиянын ветеринардык кызматы менен кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коет
12 Сентябрь 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Соода, өнөр жай саясаты, ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл, ошондой эле Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн бажы кызматташтыгынын маселелери Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын 12-сентябрда өткөн отурумунда талкууланды.​

ЕЭК Коллегиясынын жыйынтыктары: импорттолуучу товарларды эркин айланымга чыгаруунун мөөнөттөрү кыскарат
04 Сентябрь 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу | Соода | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Техникалык жөнгө салуунун, ветеринардык көзөмөлдүн, ошондой эле бажылык башкаруунун маселелери 4-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) отурумунда талкууланды. Атап айтканда, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) 2018-жылдын башынан тарта күчүнө кире турган Бажы кодексинин ченемдерин жүзөгө ашыруу боюнча чечимдер кабыл алынды.​

Техникалык жөнгө салуунун заманбап системасы евразиялык бизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат
12 Июль 2017 | Техникалык жөнгө салуу

Техникалык жөнгө салуунун инструменттери аркылуу атамекендик өндүрүүчүнү комплекстүү колдоо Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) чыгарылган продукциянын экспорттук рыноктордогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет. Бул туурасында ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин директорунун орун басары Вячеслав Бурмистров 11-июлда Екатеринбургда өткөн “Стандартташтыруу жана баалоо россиялык өнөр жайдын экспортун жогорулатуучу инструмент катары” конференциясында билдирди. ​

Балдар аянтчалары үчүн жабдууларды өндүрүүчүлөр өткөөл мезгил алышат
11 Июль 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Техникалык жөнгө салуу | Бажы кызматташтыгы | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын отурумунда 11-июлда 2025-жылга чейин Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Интеграцияланган маалыматтык системасын өнүктүрүү стратегиясынын долбоору жактырылган. Ошондой эле техникалык жөнгө салуу жана бажылык башкаруу чөйрөсүндө чечимдер бир катар чечимдер кабыл алынган. Атап айтканда, “Балдар оюн аянтчалары үчүн жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентинин өткөөл жоболору макулдашылды жана Бажы биримдигинин Комиссиясынын чечимине өзгөртүү киргизилди, ал Карачаганак кен жатагынан чыгарылган жана үчүнчү өлкөлөргө Россиянын аймагы аркылуу экспорттолгон казакстандык мунайдын экспортун жөнөкөйлөтөт. Коллегиянын мүчөлөрү макулдашылган (координацияланган) агроөнөр жай саясатын жүзөгө ашыруунун алкагында ЕАЭБ өлкөлөрүндө жүргүзүлгөн, айыл чарбасын мамлекеттик колдоонун түрлөрүнүн жана ыкмаларынын серебин талкуулашты.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн дары өндүрүүчүлөрү 2020-жылдын аягына чейин дарыларды каттоонун түрүн тандай алышат - улуттук мыйзамга ылайык же Биримдиктин эрежелери боюнча
11 Июль 2017 | Техникалык жөнгө салуу

Дары каражаттарынын бирдиктүү рыногунун ишин ченемдик жөнгө салуу жана дарыларды каттоону жана буга чейин катталган препараттардын айланымын регламенттеген административдик процедуралар, Москвада өткөрүлгөн “Россияда жана ЕАЭБте фармацевтикалык ишмердүүлүктү ченемдик-укуктук жөнгө салуу” IV Бүткүл Россиялык конгрессинде Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) өкүлдөрүнүн чыгып сүйлөгөн сөздөрүнүн темалары болду. ​

Транспорт каражаттарынын шассисинин электрондук паспортторунун системасын киргизүүнүн өткөөл мезгили 2018-жылдын 1-июлуна чейин бүткөрүлөт
23 Май 2017 | Техникалык жөнгө салуу | Соода | Энергетика жана инфраструктура

Транспорт каражаттарынын шассисинин электрондук паспортторунун системасына өтүүнүн мөөнөттөрү, бир катар товарларды Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн товардык номенклатурасына ылайык классификациялоо жана башка бир катар маселелер Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын отурумунда 23-майда талкууланды.​

Өндүрүштө коопсуздук деңгээли жогору ишканаларга административдик жүктөм азайтылат
22 Май 2017 | Техникалык жөнгө салуу

Техникалык регламенттердин талаптарын сактоого карата тобокел-багытталган ык-амалды Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) мамлекеттик контроль (көзөмөл) чөйрөсүндө колдонуу пландаштырылат. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) техникалык жөнгө салуу боюнча Коллеги мүчөсү (министр) Валерий Корешков 18-19-майда Сочиде (Россия) өткөн “Тамак-аш өнүмдөрүнүн коопсуздугу жана тобокелди талдоо” эл аралык конференциясында айтып берди.​

ЕАЭБ мамлекеттеринин бажы органдары Биримдиктин каалаган мамлекетинде берилген, техрегламенттердин талаптарына шайкеш келүүнү баалоо жөнүндө документтерди кабыл алышы керек
18 Май 2017 | Техникалык жөнгө салуу | Бажы кызматташтыгы

17-майда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин отурумунда Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн бажы органдары ЕАЭБ каалаган өлкөсүндө берилген, шайкештикти баалоо жөнүндө бирдиктүү документтердин кабыл алынышын, жана үчүнчү мамлекеттердин мындай документтери бар товарлары Биримдиктин аймагында жүгүртүмгө чыгарылышын камсыздашы керектиги туурасында чечим кабыл алынды.

ЕЭК Кеңешинин жыйынтыктары: ЕАЭБте электрондук автопаспорттордун системасы киргизилет, балдардын оюн аянтчалары коопсуз болот, металлургиялык тармакта евразиялык инновациялык борборлор пайда болот
17 Май 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Техникалык жөнгө салуу | Соода

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүндө электрондук автопаспорттор системасын киргизүү, дарылардын жана медициналык буюмдардын жалпы рынокторун жөнгө салуучу ченемдик актыларды иштеп чыгуу, ийлөө заттарына жана ийлөө үчүн препараттарга карата кириш бажы алымдарынын ченин төмөндөтүү маселелери Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинде 17-майда талкууланды. Андан тышкары, “Балдар оюн аянтчалары үчүн жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламенти кабыл алынды жана Комиссиянын буга чейин кабыл алынган айрым чечимдерине өзгөртүүлөр киргизилди.​