Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

Транспорт каражаттарынын шассисинин электрондук паспортторунун системасын киргизүүнүн өткөөл мезгили 2018-жылдын 1-июлуна чейин бүткөрүлөт
23 Май 2017 | Техникалык жөнгө салуу | Соода | Энергетика жана инфраструктура

Транспорт каражаттарынын шассисинин электрондук паспортторунун системасына өтүүнүн мөөнөттөрү, бир катар товарларды Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн товардык номенклатурасына ылайык классификациялоо жана башка бир катар маселелер Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын отурумунда 23-майда талкууланды.​

Өндүрүштө коопсуздук деңгээли жогору ишканаларга административдик жүктөм азайтылат
22 Май 2017 | Техникалык жөнгө салуу

Техникалык регламенттердин талаптарын сактоого карата тобокел-багытталган ык-амалды Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) мамлекеттик контроль (көзөмөл) чөйрөсүндө колдонуу пландаштырылат. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) техникалык жөнгө салуу боюнча Коллеги мүчөсү (министр) Валерий Корешков 18-19-майда Сочиде (Россия) өткөн “Тамак-аш өнүмдөрүнүн коопсуздугу жана тобокелди талдоо” эл аралык конференциясында айтып берди.​

ЕАЭБ мамлекеттеринин бажы органдары Биримдиктин каалаган мамлекетинде берилген, техрегламенттердин талаптарына шайкеш келүүнү баалоо жөнүндө документтерди кабыл алышы керек
18 Май 2017 | Техникалык жөнгө салуу | Бажы кызматташтыгы

17-майда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин отурумунда Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн бажы органдары ЕАЭБ каалаган өлкөсүндө берилген, шайкештикти баалоо жөнүндө бирдиктүү документтердин кабыл алынышын, жана үчүнчү мамлекеттердин мындай документтери бар товарлары Биримдиктин аймагында жүгүртүмгө чыгарылышын камсыздашы керектиги туурасында чечим кабыл алынды.

ЕЭК Кеңешинин жыйынтыктары: ЕАЭБте электрондук автопаспорттордун системасы киргизилет, балдардын оюн аянтчалары коопсуз болот, металлургиялык тармакта евразиялык инновациялык борборлор пайда болот
17 Май 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Техникалык жөнгө салуу | Соода

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүндө электрондук автопаспорттор системасын киргизүү, дарылардын жана медициналык буюмдардын жалпы рынокторун жөнгө салуучу ченемдик актыларды иштеп чыгуу, ийлөө заттарына жана ийлөө үчүн препараттарга карата кириш бажы алымдарынын ченин төмөндөтүү маселелери Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинде 17-майда талкууланды. Андан тышкары, “Балдар оюн аянтчалары үчүн жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламенти кабыл алынды жана Комиссиянын буга чейин кабыл алынган айрым чечимдерине өзгөртүүлөр киргизилди.​

ЕЭК Кеңеши балдар оюн аянтчаларынын жабдууларынын коопсуздугуна талаптарды аныктаган ЕАЭБ техрегламентин кабыл алды
17 Май 2017 | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңеши Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) «Балдардын оюн аянтчалары үчүн жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентин кабыл алды. Анда балдар оюн аянтчалары үчүн жабдуулардын жана жабуулардын коопсуздугуна жана ага байланыштуу долбоорлоо, өндүрүү, монтаждоо, пайдалануу, сактоо, ташуу жана утилизациялоо процесстерине карата талаптар аныкталган. Атап айтканда, жабдуулардын конструкциясы анын бекемдигин жана туруктуулугун камсыздашы, чөйрөнүн агрессивдүүлүгүнүн деңгээлин эске алуу менен дат басуудан жана эскирүүдөн коргоосу болушу керек. Жабдууда баланын денеси же кийими тыгылып калбашы керек, курч учтары же жээктери болбошу керек.​

ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБтин таңгакталган ичүүчү сууга карата талаптарын аныктаган техрегламентинин долбоорун жактырды
16 Май 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Техникалык жөнгө салуу | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

16-майда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын отуруму болуп өттү. Күн тартибине техникалык жөнгө салуу маселелери кирди. Атап айтканда, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) “Таңгакталган ичүүчү суунун, анын ичинде табигый минералдык суунун коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентинин долбоору жактырылды. Мындан тышкары, ЕЭК Коллегиясынын мүчөлөрү (министрлер) Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин 2020-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүндө калкты улуттук кайра каттоону даярдоону жана өткөрүүнү камсыздоого байланыштуу тескемелеринин долбоорун карап чыгышты.​

ЕЭК Коллегиясынын отурумунда антидемпингдик чараларды колдонуу жөнүндө чечим кабыл алынды жана техрегламенттин долбоору жактырылды
11 Май 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Бажы кызматташтыгы | Соода | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы 11-майдагы отурумунда кытайлык жана украиналык металлургиялык ишканалар тарабынан өндүрүлгөн металлпродукциясынын кээ бир түрлөрүнө карата антидемпингдик чараларды колдонуу жөнүндө чечим кабыл алды, өрт коопсуздугун камсыздоо жана өрт өчүрүү каражаттарына техрегламенттин долбоорун жактырды, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн профессионалдуу спортчуларын үчүнчү өлкөлөрдүн спорттук легионерлерине теңдеген чектөөлөрдү четтетүүнү сунуштады, товарлардын классификациясы боюнча чечим кабыл алды.

ЕЭК министри Валерий Корешков: “ЕЭК жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кызматташтык жөнүндө макулдашышты”
05 Май 2017 | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Фармакопеясы - дары препараттарынын сапатына талаптардын негизги жыйындысы - аймактык сапат стандарттарынын бири катары Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) дүйнөлүк фармакопеялар жана фармакопеялык органдар тизмесине киргизилет. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегия мүчөсү (министр) Валерий Корешков жана ДСУнун негизги дары каражаттары жана медициналык продукция боюнча департаментинин директору Сьюзанн Хилл ДСУ штаб-квартирасында (Женева, Швейцария) сөз кылышты. ЕЭК министри ошондой эле Фармацевтикалык өндүрүүчүлөрдүн жана ассоциациялардын эл аралык федерациясынын Кеңешинин отурумунда сөз сүйлөп, ІСН катчылыгынын директору Дона Ронан менен жолугушту.​

ЕАЭБте дары каражаттарынын бирдиктүү рыногу иштей баштады
05 Май 2017 | Техникалык жөнгө салуу

2017-жылдын 6-майында, ЕАЭБ өлкөлөрү тарабынан Биримдикте дарылардын айланымын жөнгө салуунун ченемдик базасы ратификациялангандан кийин, Комиссия мүчө мамлекеттер менен биргеликте даярдаган жыйырма алты документтен турган топтом күчүнө кирет, анын ичинде ЕЭК Кеңешинин жыйырма бир чечими жана ЕЭК Коллегиясынын бир сунуш-көрсөтмөсү. ​

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2018 үчүн жабдууларды жана спортинвентарларды киргизүү оңоюраак болмокчу
02 Май 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Техникалык жөнгө салуу | Соода

ЕЭК Коллегиясы 2017-жылдын 2-майында өткөн кезектеги отурумунда FIFA Конфедерацияларынын кубогунда жана 2018-жылы Россияда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатында футбол командаларынын, судьялык коллегиянын, уюштуруучулардын, чагылдыруу компанияларынын жана басма сөздүн ишин камсыздоо үчүн арналган техникалык жабдууларды жана спорт инвентарларын убактылуу киргизүү тартибин жөнөкөйлөтүү жөнүндө чечим кабыл алды. Кабыл алынган чечим башка спорт таймаштарына таркалбайт. ​