Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

Тигран Саркисян: «Чечимдерди кабыл алуунун ылдамдыгы – биздин Бирлик үчүн чакырык, анын ичинде транзиттик потенциалды ишке ашыруу жаатында»
16 Октябрь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн вице-премьерлери жана Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян «Евразия континентинин транзиттик потенциалы» эл аралык форумунун алкагындагы панелдик сессияда транзиттик потенциалды өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Иш-чара 30-сентябрда Ереванда «Тумо» креативдүү технологиялар борборунда орун алды.

Тигран Саркисян: «ЕАЭБ жаштарынын Бирликтин бардык өлкөлөрүндө кесиптик жактан калыптанууга мүмкүнчүлүктөрү бар»
27 Сентябрь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 26-сентябрда Кыргыз-Россия Славян университетине (КРСУ) барып, ал жерде КРСУнун ректору Владимир Нифадьев менен жолугушту жана студенттер жана мугалимдердин алдында өзүнүн лекциясы менен чыгып сүйлөдү.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБди өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты
27 Сентябрь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 27-сентябрда Бишкекте (Кыргыз Республикасы) өткөрүлгөн жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигин (ЕАЭБ) өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

ЕАЭБде «Бир түргө келтирилген «Чексиз жумуш» издөө тутуму» долбоору башталмакчы
10 Сентябрь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Экономика жана каржы саясаты

9-сентябрда Москвада Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жана ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын катышуусунда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин отуруму болуп өттү. ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларын санариптештирүү, ички рыноктордун иштөөсү, эл аралык кызматташтык, эмгек миграциясы, бажылык жөнгө салуу, каржы жана салык саясаты, санитардык-ветеринардык жана фитосанитардык чаралар, өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси, атаандаштык жана бир катар башка чөйрөлөрдөгү маселелерди карап чыгышты.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын РФ Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушуусу
04 Сентябрь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

4-сентябрда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушту.

ЕАЭБ өлкөлөрү жана Иран кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр
03 Сентябрь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 2-сентябрда Москвада ЕЭКтин штаб-квартирасында Иран Ислам Республикасынын Энергетика министри, Иран-Армян жана Иран-Россия кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссияларынын теңтөрагасы Реза Ардаканиян менен жолугушту.

ЕЭК газ, мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рыногун ишке киргизүү үчүн ченемдик-укуктук базаны түзүүдө
03 Сентябрь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу | Энергетика жана инфраструктура

2-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүндөгү соода, макроэкономика, бажы кызматташтыгы, ишкердик ишмердикти өнүктүрүү, атаандаштык, санариптештирүү, каржы рыноктору, техникалык жөнгө салуу, дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү, электр энергиясынын, газдын, мунайдын жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рынокторун түзүү чөйрөлөрүндөгү маселелерди карап чыкты.

Тигран Саркисян Кыргызстандын элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
31 Август | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 31-августта Москвадагы «Кузьминки-Люблино» Мамлекеттик корук-музейинин аймагында өткөрүлгөн «Кыргызстан евразиялык биримдик үчүн» деп аталган этномаданий майрамда катышты. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналып, кыргыз диаспорасынын коомдук уюмдары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги тарабынан уюштурулду.

ЕАЭБ жана Иран сооданын преференциалдуу шарттарына өтүшүүдө
28 Август | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян жана Иран Ислам Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Мехди Санаи 28-августта ЕЭКте болуп өткөн жолугушуунун жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жана Ирандын ортосунда эркин соода зонасын түзүүгө алып келген Убактылуу макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон жол-жоболордун аякташы жөнүндө ноталар менен алмашышты. Бул, макулдашуу 27-октябрда күчүнө кирет дегенди билдирет.

ЕЭК жана «Макдоналдс» кызматташтыктын перспективаларын талкуулашты
27 Август | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Техникалык жөнгө салуу

Куш этинин коопсуздугу жөнүндө техникалык регламент жогорку деңгээлдеги даярдыкта турат жана Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясында ушул жылдын күз айларында эле каралышы мүмкүн. Бул тууралуу ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян «Макдоналдс» компаниясынын Россиядагы башкы директору Марк Карена менен Комиссиянын штаб-квартирасындагы жолугушууда билдирди. Тараптар аталган компаниянын жана жалпы эле Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн ишкердик коомдоштуктарынын бизнесине таасир этиши мүмкүн болгон маселелер боюнча кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Кеп биринчи кезекте азык-түлүк продукциясына карата техникалык регламенттер жөнүндө болууда.