Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭК курама командасы XX жайкы Дипломатиялык оюндарда жети медалдын ээси болуп калды
28 Август 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу | Соода | Экономика жана каржы саясаты | Энергетика жана инфраструктура | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

25-августта Тверь областындагы «Завидово» комплексинде өткөн XX жайкы Дипломатиялык оюндарда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) курама командасы эки алтын, бир күмүш жана үч коло медалды утуп алды. ЕЭКтин спортсмендери эркектер арасында чоң теннис жана аялдар арасында 200 метрге кросс боюнча мелдештерде мыкты болуп калды. Табактарды атууда, баскетбол жана бильярд боюнча турнирлерде байгелүү орундарды ээледи.

ЕЭК кытай подшипниктерине демпингге каршы алымдын аракетин узартты жана ЕАЭБдин укугун сактоо зарылчылыгы жөнүндө Россияга кабарлады
22 Август 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода | Техникалык жөнгө салуу | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын 21-августтагы отурумунда соода, ички рыноктордун иштеши, техникалык жана бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү маселелер каралды. Атап айтканда, ЕЭК Коллегиясы Кытайдан келүүчү термелүү подшипниктерине карата демпингге каршы алымдын аракетин узартты, балык өстүрүү үчүн жабдуулардын айрым түрлөрүнө бажы алымдарын жойду, ЕЭКтин жана Медициналык буюмдардын глобалдык номенклатурасы агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун долбоорун жактырды, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн ортосундагы интеграцияны тереңдетүү боюнча башка бир катар чечимдерди кабыл алды.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин мүчөсү Беларусь Республикасынын Премьер-министри С.Н. Румаска
22 Август 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Урматтуу Сергей Николаевич!

Жеке өзүмдүн атыман жана Евразия экономикалык комиссиясынын атынан Сизди Беларусь Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна дайындалышыңыз менен куттуктайм.

Кыргызстанда ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларга карата контролдук баалардын эң төмөнкү деңгээлин колдонуу түрүндөгү тоскоолдук четтетилет
10 Июль 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | Бажы кызматташтыгы | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) ички рынокторун бажылык жөнгө салуу, алардын атаандаштыгынын жана иштешинин маселелери Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын отурумунда каралды. ЕЭК Кыргыз Республикасынын өз ара соодадагы тоскоолдукту четтетүүгө даяр экендигин белгиледи, ак ниет эмес атаандаштыктын белгилери жөнүндө ишти кароо токтотулду, көпүрө краны классификацияланып, Комиссиянын ырастоочу борбору жөнүндө жобо бекитилди.​

ЕЭК товарлардын жүгүрүүсүнө мамлекеттик контроль органдарынын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртууну сунуштайт
20 Июнь 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу

Бажы кызматташтыгынын, ички рынокту техникалык жөнгө салуунун жана анын иштешинин маселелери 19-июнда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын отурумунда талкууланды. Мамлекеттик контроль органдарынын өз ара аракеттенүүсү боюнча Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнө сунуштама кабыл алынып, товарлардын бажылык наркын кийинкиге калтырылган аныктоонун тартиби бекитилди.​

ЕЭК кешью жаңгагына жана өнөр жайлык майлуу спирттерге алып келүү бажы алымдарын нөлгө түшүрдү
13 Июнь 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | Бажы кызматташтыгы

Соода, ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, ошондой эле бажылык жөнгө салуу маселелери 13-июнда Евразия экономикалык комиссиянын (ЕЭК) отурумунда каралды. Бир катар товарларга алып келүү бажы алымынын коюмдары нөлгө түшүрүлдү, продукциянын айрым түрлөрү квалификацияланды, евразиялык интеграцияны тереңдетүү боюнча башка чечимдер кабыл алынды.

Тигран Саркисян ШКУ мамлекеттеринин башчыларынын саммитине катышты
10 Июнь 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 9-10-июнда Циндао шаарында (Кытай) болуп өткөн Шанхай кызматташуу уюмунун (ШКУ) мамлекет башчыларынын кеңешинин отурумуна катышты.​

ПЭЭФ-2018де Тигран Саркисян: «Биз ЕАЭБдин бүткүл мейкиндигинде санариптик долбоорлорду киргизүүгө кириштик»
24 Май 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) алкагында ишке ашырылышы мүмкүн болгон санариптик долбоорлор, региондук жана глобалдык санариптик күн тартиптеринин кошулуучу чекиттери, ошондой эле санариптик экономиканы өнүктүрүүдөгү бизнестин ролу 24-майда Петербург эл аралык экономикалык форуму – 2018дин алкагында «Санариптик күн тартиби ЕАЭБдин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун фактору катары» ачык сессиясында талкууланды.​

ЕЭК баалуу металлдарды камтыган айрым товарларга бажы алымдарын нөлгө түшүрдү
22 Май 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода | Бажы кызматташтыгы | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Соода, интеграция, бажылык кызматташуу жана агроөнөр жай комплекси маселелери Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын 22-майдагы отурумунда каралды. Евразиялык экономикалык бирликтин (ЕАЭБ) Бирдиктүү бажы тарифинин алып келүү бажы алымынын товарлардын баалуу металлдары бар айрым түрлөрүнө коюмдары нөлгө түшүрүлдү; айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторунун бирдиктүү реестрин түзүүдө, жүргүзүүдө жана пайдаланууда Бирликтин ыйгарым укуктуу органдары менен ЕЭКтин маалыматтык өз ара аракеттенүүсү боюнча документтердин пакети бекитилди, евразиялык интеграцияны тереңдетүүгө багытталган бир катар башка чечимдер кабыл алынды.

ЕАЭБ менен КЭРдин ортосунда соода-экономикалык кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду
17 Май 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода

Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) менен Кытай Эл Республикасынын (КЭР) ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу жөнүндө макулдашууга 17-майда Астана экономикалык форумунун алкагында кол коюлду.​