Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЖЕЭС корутундулары: евразия интеграциясынын санарип этабы башталды
12 Октябрь 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Бажы кызматташтыгы | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) кооперациялык жана эл аралык кызматташтыктын жаңы форматтарын, анын ичинде космосто ишке ашырууга, Биримдик өлкөлөрүн санарип трансформациялоо жагында биринчи биргелешкен долбоорлорду баштоого, евразия эономикалык мейкиндигинде бардык өндүрүүчүлөр үчүн эркин атаандаштыкты жана барабар укуктарды коргоого даяр. Бул тууралуу Евразия экономиалык комиссиясынын (ЕЭК) Төрагасы Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2017-жылдын 11-октябрындагы жыйынтыктарында билдирди.​

ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн металл продукциясын өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоду
03 Октябрь 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода | Бажы кызматташтыгы

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы украинанын ишканаларында өндүрүлгөн, ысык басылган бурч чектерге антидемпингдик алымды аныктады. Мындан тышкары, бажылык жөнгө салуу жаатындагы бир катар чечимдер кабыл алынган.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн кемелерине биримдиктин деңиз жолдорун колдонуу оңоюраак болот
03 Октябрь 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Энергетика жана инфраструктура | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Кеме жүргүзүү жөнүндө макулдашуу 2-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинде жактырылган. Мындан тышкары, ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү, вице-премьерлер Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын жана өкмөт башчыларынын кароосуна киргизиле турган бир катар документтерди макулдашты.​

ЕЭК Коллегиясынын жыйынтыктары: ыйгарым укуктуу экономикалык оператор түшүнүгү жаңы мазмунга ээ болот, ЕАЭБте бажылык жөнгө салуу жана атаандаштыкты коргоо чөйрөсүндө чечимдер кабыл алынды
27 Сентябрь 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу | Техникалык жөнгө салуу | Бажы кызматташтыгы

Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) атаандаштыктын эрежелерин бузуу жөнүндө маселе Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын 26-сентябрындагы отурумунда каралды. 2015-жылдын январынан 2016-жылдын 30-июнуна чейинки мезгил аралыгында "Новолипецк металлургиялык комбинаты" (НЛМК) жана "ВИЗ-Сталь" ЖЧКсы Биримдик өлкөлөрүнүн сатып алуучуларга бирдей эмес шарттарды түзүү менен, электротехникалык анизатроптук болот сегментинде үстөмдүк кылуучу абалын кыянаттык менен колдонушкан. Ишканаларга жана эки жетекчиге айып коюлган. Бул ЕАЭБте керектөөчүлөрдүн укуктарын жана атаандаштыктын эркиндигин коргоо боюнча, ЕЭКтин тажрыйбасындагы биринчи чечими болду.​

Аргентина Евразия экономикалык комиссиясы менен диалогду өнүктүрүүгө даяр
27 Сентябрь 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрү менен Аргентинанын экономикалык кызматташтыгынын маселелерин 27-сентябрда өткөн жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян жана Аргентинанын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Рикардо Лагорио талкуулашты. Тигран Саркисян ЕАЭБтин Аргентина менен Өз ара түшүнүшүү жана соода-экономикалык өз ара иштешүүсү жөнүндө меморандумга кол коюунун маанилүүлүгүн белгиледи. Мындан тышкары, Комиссиянын латын америкалык аймактагы ишмердүүлүгүнүн маанилүү багыты - Аргентина мүчөсү болуп саналган МЕРКОСУР интеграциялык бирикмеси менен натыйжалуу диалогду өнүктүрүү болушу керек.​

ЕАЭБдин ИДӨсүнүн 2,63%ын 2025-жылга карата Биримдиктин санариптик күн тартибин жүзөгө ашыруу процессинде укуктук тоскоолдуктарды четтетүүнүн эсебинен үнөмдөөгө болот
20 Сентябрь 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, ЕАЭБтин санариптик күн тартибин жүзөгө ашыруу процессинде укуктук тоскоолдуктарды четтетүүнүн эсебинен гана экономиканын деңгээли 2025-жылга карата ИДӨнүн 2,63%на жетиши мүмкүн. 2025-жылга чейин Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) санариптик күн тартибин жүзөгө ашыруунун алкагында кандай сынамык демилгелерди иштеп чыгуу болору Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын жетекчилиги алдында, ЕЭКтин Москвадагы штаб-квартирасында өткөн жогорку деңгээлдеги жумушчу топтун отурумунда талкууланды.​

Биримдик өлкөлөрүнүн кемелери ички суу жолдоруна эркин жеткилик алышат, ал эми Марокко жана Бангладеш менен соода мамилелерине жаңы импульс берилет
19 Сентябрь 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Энергетика жана инфраструктура | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

19 сентября прошла Коллегия Евразийской экономической комиссии (ЕЭК). Обсуждались вопросы развития интегрированной информационной системы ЕАЭС, углубления интеграции и таможенного сотрудничества стран Евразийского экономического союза (ЕАЭС).19-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы болуп өттү. ЕАЭБтин интеграцияланган маалыматтык системасын өнүктүрүү, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн интеграциясын жана бажы кызматташтыгын тереңдетүү маселелери талкууланды. ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБ өлкөлөрүндө Кеме жүргүзүү жөнүндө долбоорду жактырды.​

ЕЭК ЕАЭБ өлкөлөрүнүн айыл чарба машиналарын куруудагы кооперациясын колдойт жана Монголиянын ветеринардык кызматы менен кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коет
12 Сентябрь 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Соода, өнөр жай саясаты, ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл, ошондой эле Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн бажы кызматташтыгынын маселелери Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын 12-сентябрда өткөн отурумунда талкууланды.​

“Греция - ЕАЭБ” форуму Европанын ЕАЭБ менен кызматташтыгынын жаңы форматына старт берди
11 Сентябрь 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн жана Грециянын ишкерлеринин ортосунда тике ишкердик мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү, жогорку технологиялык тармактарда кызматташтыкка өтүү жана биргелешкен ишканаларды түзүү туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян “ЕАЭБ - Греция: кызматташтык жана өнүгүү үчүн жаңы көпүрө” ишкердик форумун ачып жатып билдирди. Иш-чара 11-сентябрда Салоникиде (Греция) өз ишин баштаган.

ЕЭК Коллегиясынын жыйынтыктары: импорттолуучу товарларды эркин айланымга чыгаруунун мөөнөттөрү кыскарат
04 Сентябрь 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу | Соода | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Техникалык жөнгө салуунун, ветеринардык көзөмөлдүн, ошондой эле бажылык башкаруунун маселелери 4-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) отурумунда талкууланды. Атап айтканда, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) 2018-жылдын башынан тарта күчүнө кире турган Бажы кодексинин ченемдерин жүзөгө ашыруу боюнча чечимдер кабыл алынды.​