Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

Керектөөчүлөр сүт камтыган азыктарда өсүмдүк майлары жөнүндө маалыматты көрө алышат
22 Март 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Техникалык жөнгө салуу

ЕЭК Коллегиясы өткөн жылдын 10-ноябрында Комиссиянын Кеңеши тарабынан кабыл алынган, Биримдиктин «Сүт жана сүт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентине өзгөртүүлөр боюнча өткөөл жоболорду белгиледи. Өзгөртүүлөр 2018-жылдын 16-июлунан тартып күчүнө кирет.​

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ишкерлери товарлардын коопсуздугуна кепилдик берет
21 Март 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Техникалык жөнгө салуу

20-мартта ЕЭК Коллегиясынын мүчөлөрү Продукциянын Евразия экономикалык биримдигинин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештиги тууралуу декларацияны каттоо, анын аракетин токтото туруу, кайра баштоо жана токтотуунун тартибин кабыл алышты.​

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян АКШнын Россииядагы Элчиси Джон Хантсман менен жолугушту
21 Март 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

21-мартта Евразия экономикалык комиссиянын (ЕЭК) штаб-квартирасында ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын АКШнын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Джон Хантсман менен болгон жолугушуусу болуп өттү.​

Евразия интеграциясы жаштар өлчөмүнө өтүүдө
20 Март 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) «Евразия интеграциясы: жаштар өлчөмү» деген темага эң мыкты илимий иш же долбоорго V Эл аралык сынактын башкы өнөктөшү болду. Сынактык иштерди кабыл алуу бир нече айдан кийин аяктайт.​

Санариптик демилгелер үчүн өтүнмөнүн формасы пайда болду
19 Февраль 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Коллегиясы демилгечилер (бизнес же мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү) тарабынан көрсөтүлүшү жана Евразиялык экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) санариптик күн тартибинин алкагында жүзөгө ашыруу мүмкүн болгон демилгелер же долбоорлор жөнүндө маалыматты берүүнүн форматын бекитти.​

«ЯМАЛ СПГ» долбоорун колдоо жана тез жардам унааларын оорулууларга заманбап жардам көрсөтүү тутумдары менен жабдуу: ЕЭКтин 16-февралдагы Кеңешинин жыйынтыктары
16 Февраль 2018 | Соода | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Техникалык жөнгө салуу

ЕЭКтин 16-февралдагы Кеңешинде Евразиялык экономикалык биримдигинин Бирдиктүү бажы тарифинин (ЕАЭБ ББТ) алып келүү бажы алымынын терефталдык кислотага жана анын туздарына карата нөлдүк коюмун узартуу, «Ямал СПГ» долбоору үчүн жабдууларды РФнын аймагына алымсыз алып кирүү, кээ бир техникалык регламенттерге жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү ишке ашыруу жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү чечимдери кабыл алынды. Мындан тышкары, ЕАЭБтин интеграциялык күн тартибинин бир катар башка суроолору да талкууга алынды. Атап айтканда, «Евразия жумалыгы» III Эл аралык көргөзмө форуму 2018-жылдын октябрь айында Арменияда өткөрүлөрү белгилүү болду.​

2-февралда өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынтыктары
04 Февраль 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык биримдиктин алкагында маркирлөө системаларын жайылтуу жана Биримдиктин макулдашылган санариптик саясатын жүзөгө ашыруу механизмдерин калыптандыруу, Евразия өкмөт аралык кеңешинин 2018-жылы болуп өткөн биринчи отурумунун негизги темалары болду, ал Алматыда (Казакстан Республикасы) 2-февралда өткөрүлдү. ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин өкмөт башчыларына, Биримдиктин өлкөлөрүндөгү макроэкономикалык кырдаал жана өз ара сооданын абалы, ошондой эле мүчө мамлекеттердин агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн божомолдору жөнүндө докладдар сунушталды. ​

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн премьер-министрлери санариптик чөйрөдө өз ара аракеттенүүнүн форматтарын жана механизмдерин талкуулашты
02 Февраль 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) санариптик күн тартибин, санариптик трансформациялоонун жана электрондук ишеним мейкиндигинин биргелешкен программасын түзүүнү, криптовалюталарды колдонуу маселелеринде өз ара аракеттенүүнү Биримдиктин өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары, 2-февралда Алматыда (Казакстан Республикасы) “Ааламдашуу доорундагы санариптик күн тартип” форумунун алкагында талкуулашты. Иш-чара Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин демилгеси боюнча уюштурулган. Анын сессияларына Евразия экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Коллегиясынын мүчөлөрү (министрлер), Азербайжандын жана Тажикстандын расмий делегациялары, ошондой эле ири эл аралык IT-компанияларынын бир катар өкүлдөрү катышты.​

26-январдагы ЕЭК Кеңешинин жыйынтыктары
26 Январь 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Техникалык жөнгө салуу | Экономика жана каржы саясаты

ЕЭК Кеңешинин отуруму 26-январда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) штаб-квартирасында болуп өттү. Интеграциялык өз ара аракеттешүү маселелеринин кеңири спектри талкууланды. Ветеринардык жана фитосанитардык контролдоо, соода жана өнөр жай саясат тармагында бир катар чечимдер кабыл алынды, Өкмөт аралык жана Жогорку Евразия экономикалык кеңештерде кароо үчүн документтердин долбоорлору жактырылды. ​

ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикасы 2017-жылда жакшы өнүгүп жатат: көрсөткүчтөрдүн көпчүлүгү боюнча өсүү белгиленди
15 Декабрь 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | Энергетика жана инфраструктура | Экономика жана каржы саясаты

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин ИДӨ өсүшү, улуттук деңгээлде санариптештирүүнүн маанилүүлүгү жана 2018-жылга пландар жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы, ЕЭК министрлери журналисттерге жана Евразия экономикалык комиссиясынын ачык эшик күндөрүнүн алкагында журналисттер менен жолугушууларда айтышты. ​