Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

9-Май - биздин өлкөлөрдүн тарыхындагы уулу күн
09 Май 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Согуштун төрт жылы жүрөк сыздаткан жоготууларга жана улуу жеңиш бакытына, жеңилүүлөрдүн ыйына жана жеңиштердин сыймыгына, тайманбас эрдиктин жана биздин элдердин биримдигинин мисалдарына толгон. ​

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2018 үчүн жабдууларды жана спортинвентарларды киргизүү оңоюраак болмокчу
02 Май 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Техникалык жөнгө салуу | Соода

ЕЭК Коллегиясы 2017-жылдын 2-майында өткөн кезектеги отурумунда FIFA Конфедерацияларынын кубогунда жана 2018-жылы Россияда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатында футбол командаларынын, судьялык коллегиянын, уюштуруучулардын, чагылдыруу компанияларынын жана басма сөздүн ишин камсыздоо үчүн арналган техникалык жабдууларды жана спорт инвентарларын убактылуу киргизүү тартибин жөнөкөйлөтүү жөнүндө чечим кабыл алды. Кабыл алынган чечим башка спорт таймаштарына таркалбайт. ​

ЕЭК Кеңешинин жыйынтыктары: ЕАЭБ жаңы Бажы кодекси 2018-жылдын 1-январында күчүнө кирет
28 Апрель 2017 | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

28-апрелде Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңеши болуп өтүп, ага Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин өкмөттөрүнүн вице-премьерлери катышышты. Бажылык жөнгө салуу, Биримдик өлкөлөрүнүн социалдык жана пенсиялык камсыздоо, биримдиктин рыногунда тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү четтетүү, техникалык жөнгө салуу, илимий-изилдөө жана тажрыйбалык конструктордук иштерди өткөрүүдө агроөнөр жай комплексинин кооперациясы боюнча маселелер талкууланды.​

Жогорку Евразия экономикалык кеңеши ЕЭКке бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндө жаңы ыйгарым укуктарды берди
14 Апрель 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Экономика жана каржы саясаты | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу | Интеграция жана макроэкономика | Бажы кызматташтыгы

14-апрелде Бишкекте (Кыргыз Республикасы) Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мүчө-мамлекеттеринин катышуусу менен Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) отуруму болуп өттү. ЖЕЭК отурумунда Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додон катышты.​

ЕАЭБ өлкөлөрү Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоого киришет
13 Апрель 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Бажы кызматташтыгы

11-апрелде Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Бажы кодекси жөнүндө келишимге кол коюу баскычы аяктады. ЕАЭБ өлкөлөрү документти ратификациялоонун алдында өткөрүлүүчү мамлекет ичиндеги процедураларга киришет. Жаңы Бажы кодекси (БК) Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) бардык беш катышуучу-өлкөлөрдөн Келишимди ратификациялоо тууралуу билдирүү алгандан кийин күчүнө кирет.​

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү
13 Апрель 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди 2017-жылы 14-апрелде Бишкекте өтө турган Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумуна карата даярдык жөнүндө маалымдады.

“Тоскоолдуктарды жеңип чыгуу, европалык жана евразиялык өнөктөштүк максатында кызматташтык жана ишеним”. Тигран Саркисян Берлинде өткөн Чыгыш форумунда чыгып сүйлөдү
06 Апрель 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

“Ишеним болбосо, экономикалык биримдикти куруу жана өнөктөштөр менен кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүн эмес”, - деп эсептейт Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян. 6-апрелде Берлинде (Германия) өткөн Чыгыш форумунун ачылышында чыгып сүйлөөсүн ал ушул сөздөр менен баштады.

Тигран Саркисян: “Бири-бирибизге карай утурлап басышыбыз керек, жана биздин ар бир кадамыбыз туура болуп, биздин өлкөлөрдүн жарандарына пайда алып келиши керек”
03 Апрель 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн жана Молдова Республикасынын ортосунда өз ара сооданын көлөмдөрүн жана экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян жана Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додон Кишиневдо (Молдова Республикасы) өткөн жолугушуунун жүрүшүндө талкуулашты.​

ЕАЭБте интеграцияны тездетүү КМШ өлкөлөрү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет жана башкаруу системасын мыктылоону талап кылат
17 Март 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу өлкөлөрүнүн Эл аралык экономикалык форумунда чыгып сүйлөгөн учурунда КМШ өлкөлөрүн Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) иштерине жигердүү катышууга чакырды. ​

ЕЭК Кеңешинин чечими ЕАЭБ өлкөлөрүнүн улуттук экономикаларынын өнүгүүсүн өбөлгөлөйт
17 Март 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Техникалык жөнгө салуу | Соода

17-мартта Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин отуруму болуп өттү. Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүндө керектөөчүлөрдүн коопсуздугун жана фитосанитардык көзөмөлдүн натыйжалуулугун камсыздоочу чечимдер бекитилди.