Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

Иран жана ЕАЭБ эркин соодалашуу аймагын түзө алышат
05 Декабрь 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

5-декабрда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян Иран Ислам Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчиси Мехди Санаи менен Иран жана Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мамлекеттери ортосунда эркин соодалашуу аймактарын (ЭСА) түзүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулады.​

Тигран Саркисян: “ЕАЭБ жана Америка Кошмо Штаттарынын өлкөлөрүнүн ортосунда экономикалык мамилелерди тереңдетүү потенциалы чоң”
02 Декабрь 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

2- декабрь, Москва. “Евразия экономикалык комиссиясы Евразия экономикалык биримдигинде бизнес чөйрөнү жакшыртуунун үстүндө иштөөдө”,- деп билдирди ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян Евразия экономикалык комиссиясы Американын Россиядагы Соода Палатасы (АТП) жана Америка- Россия“ Ишкер Кеңеши (АРИК) менен биргеликте уюштурулган, “Евразия экономикалык интеграция:алдыга кадам, бизнес үчүн жаңы горизонттор” деген төртүнчү конференцияда.​

ЕЭК Кеңеши евразия интеграциясынын андан аркы өнүгүшүнө багытталган бир катары маанилүү чечимдерди кабыл алды.
30 Ноябрь 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

30-ноябрда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отурумунда Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) интеграция жана макроэкономика, ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык- коммуникациялык технологиялар, соода, атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу, техникалык жөнгө салуу, санитардык, фитосанитардык чаралар, өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси, экономика жана финансы саясаты, бажы кызматташтыгы боюнча маселелер каралган.​

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары бирдиктүү Бажы кодексин жактырышты
16 Ноябрь 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

16-ноябрда Горкиде (Москва областы, Россия) Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда ЕАЭБтин бирдиктүү Бажы кодексинин долбоору жактырылды. Отурумга Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары катышышкан: Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын.​

ЕАЭБте дары каражаттарынын жалпы рыногун ишке киргизүү боюнча документтердин топтомуна кол коюлду
16 Ноябрь 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы


16-ноябрда Горкиде (Москва областы, Россия) Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин мүчөлөрү Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) аймагында дары каражаттарынын жалпы рыногун ишке киргизүү жана толук кандуу иштөөсү үчүн зарыл болгон бирдиктүү документтердин топтомуна кол коюшту.​

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян: “Евразия экономикалык биримдигинин келечеги кадрдык жана интеллектуалдык потенциалды өнүктүрүү менен түздөн-түз байланыштуу”
14 Ноябрь 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

11-ноябрда Москвада Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн евразиялык интеграция проблематикасын профессионалдуу изилдеген жаш эксперттер, окумуштуулар жана журналистер үчүн “Күзгү мектеп” өз ишин аяктады. Жабылыш аземинде Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян жана Эл аралык иштер боюнча россиялык кеңештин (ЭИРК) башкы директору Андрей Кортунов чыгып сүйлөштү.​

Тигран Саркисян: “Евразия экономикалык биримдигинин потенциалы жогору жана ал толук өлчөмдө колдонула элек”
11 Ноябрь 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

11-ноябрда Москвада Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан уюштурулган “ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү экономикалык реформалар, өнүктүрүү жана координациялоо жолдор” эл аралык конференциясында Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүндө “экономикалык өсүш үчүн колдонула элек потенциал” бар деп билдирди.​

Евразия экономикалык комиссиясы менен Евразия экономикалык биримдигинин Ишкер кеңешинин өз ара иштешүүсү боюнча консультативдик комитет түзүлдү..
31 Октябрь 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

ЕЭК Коллегиясы Евразия экономикалык комиссиясы менен Евразия экономикалык биримдигинин Ишкер кеңешинин өз ара иштешүүсү боюнча консультативдик комитетти түзүүнү макулдашышты.Консультативдик комитет Биримдик өлкөлөрүнүн ишкер бирикмелери менен биргеликте интеграциялык биримдиктин өнүгүүсүнүн жана иштешинин стратегиялык жана системалуу маселелери туруктуу талкуулана турган аянтча болот.​

Бизнес өз көйгөйлөрү менен ЕЭКке тике кайрылууга мүмкүнчүлүк алды
28 Октябрь 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык биримдигинде “Евразия экономикалык биримдигинин ички рынокторунун иши” маалыматтык ресурсу иштей баштады. Анын негизги максаты - өз ара соодада тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү аныктоо.​

Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрү үчүнчү өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдө бирдиктүү позиция иштеп чыгуу механизмин аныкташты
28 Октябрь 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) 27-ноябрда Минскте өткөн отурумунда Евразия экономикалык биримдигинде интеграциялык процесстерди андан ары тереңдетүүгө багытталган бир катар актуалдуу маселелер каралды. Атап айтканда, Евразия экономикалык биримдигинин жаңы Бажы кодексинин долбоору каралды. Бажы кызматташтыгы, соода чөйрөлөрүндөгү маселелер, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын эл аралык ишмердүүлүгүн маселелери талкууланды.​