Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБде роуминг үчүн төлөм акысын төмөндөтүү маселесин талкуулады
13 Ноябрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

11-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы интеграция, соода, ички рыноктун иши, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн экономикаларын санариптештирүү, атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу, техникалык жана бажылык жөнгө салуу, энергетика чөйрөлөрүндөгү жана бир катар башка чөйрөлөрдөгү маселелерди карап чыкты.

Тигран Саркисян: "Бүгүнкү күндө бардык өлкөлөр биргеликте татаалдыктарды жеңүү жана жарандар жана бизнес үчүн жайлуу шарттарды түзүү оңоюраак болушун түшүнүшүүдө"
12 Ноябрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу | Бажы кызматташтыгы | Соода | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

11-ноябрда Москвада "Евразиялык интеграциянын жаңы өлчөмү: Евразия экономикалык бирлигинин беш жылдыгынын жыйынтыктары" деп аталган илимий-тажрыйбалык конференцияда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) Сотунун Төрагасы Жолымбет Баишев, Россия жана Белоруссия Бирликтик мамлекетинин мамлекеттик катчысы Григорий Рапота, Аткаруучу комитеттин Төрагасы – Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруучу катчысы Сергей Лебедев, ЕЭК Коллегиясынын мүчөлөрү (министрлер) жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн илимий-эксперттик коомдоштугунун өкүлдөрү евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн натыйжаларын талкуулашты. Пленардык сессиянын модератору ЖЭМ ИИУнун дүйнөлүк экономика жана дүйнөлүк саясат факультетинин деканы Сергей Караганов болду.

Тигран Саркисян ШКУнун мүчө мамлекеттеринин Өкмөт башчыларынын кеңешинин отурумунда катышты
02 Ноябрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 1-2-ноябрда Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Ариповдун чакыруусу боюнча Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мүчө мамлекеттеринин Өкмөт башчыларынын кеңешинин Ташкентте (Өзбекстан) болуп өткөн отурумунда катышты.

ЕЭК Коллегиясы оптикалык айнектен жасалган чыбыкчаларга карата алып келүү бажы алымынын нөлдүк коюмунун аракетин узартты
30 Октябрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

29-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы бажылык жөнгө салуу, соода, эл аралык кызматташтык, энергетика, ички рыноктун иши, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн экономикаларын санариптештирүү чөйрөлөрүндөгү маселелерди карап чыкты.

ЕАЭБ жана Иран сооданын преференциалдык шарттарына өтүшүүдө
28 Октябрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода

27-октябрда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жана Ирандын ортосунда эркин соода зонасын түзүүгө алып барган убактылуу макулдашуу күчүнө кирди.

ЕӨАК жыйынтыктары
25 Октябрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Техникалык жөнгө салуу | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

ЕӨАК жыйынтыктары: ЕАЭБдин жана Сербиянын ортосунда ЭСЗ жөнүндө, кымбат баалуу металлдар жана кымбат баалуу таштар менен операциялардын өзгөчөлүктөрү жөнүндө, айыл чарба жаныбарлары менен селекциялык-асыл тукумдук ишти бир түргө келтирүү жөнүндө макулдашууларга кол коюлду, КЭР менен Соода кызматташтыгы жөнүндө макулдашуу күчүнө кирди. Евразия өкмөттөр аралык кеңешининин (ЕӨАК) 25-октябрда Москвада (Россия Федерациясы) болуп өткөн отурумунун жүрүшүндө соода кызматташтыгы, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) санариптик күн тартибин ишке ашыруу, Бирликтин өлкөлөрүнүн зер жана айыл чарба тармактарындагы жана бир катар башка тармактардагы кооперация маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсү жаатында маанилүү чечимдер кабыл алынды.

ЕАЭБ жана Сербия Эркин соода жөнүндө макулдашууга кол коюшту
25 Октябрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

25-октябрда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жана Сербия Республикасынын ортосундагы Эркин соода жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Документке Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян, Бирликтин өлкөлөрүнүн премьер-министрлери, ошондой эле Сербия Республикасынын Өкмөтүнүн Төрагасы Ана Брнабич кол коюшту.

Тигран Саркисян КМШнын Өкмөт башчыларынын кеңешинин отурумунда катышты
25 Октябрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин (КМШ) Аткаруучу комитетинин чакыруусу менен КМШнын Өкмөт башчыларынын кеңешинин отурумунда катышты. Отурум 25-октябрда Москвада болуп өттү.

ЕЭК жана Африка бирлигинин Комиссиясы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту
24 Октябрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

24-октябрда Сочиде болуп өткөн "Россия – Африка" саммитинин алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жана Африка бирлигинин Комиссиясынын (АБК) ортосунда экономикалык кызматташтык жаатындагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Документке ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян жана АБКнын Төрагасы Муса Факи Махамат кол коюшту.

Тигран Саркисян: "Талкуунун эң мыкты формасы – эгер регионалдык бирикмелер сүйлөшүүлөр столуна отуруп, эмгектин эл аралык бөлүнүшүнүн адилеттүү канондору жөнүндө талкууну башташса"
24 Октябрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 23-октябрда "ЕАЭБ – Африка: интеграциялык процесстерди жана кызматташтыкты өнүктүрүүнүн тенденциялары жана перспективалары" деп аталган сессияда глобалдык дүйнөдө теңдешсиздиктердин пайда болушу, кээ бир өлкөлөр тарабынан протекционизмдин колдонулушу сыяктуу көйгөйлөрдүн болушун белгилеп өттү. Аталган иш-чара алгачкы "Россия – Африка" Экономикалык форумунун алкагында болуп өттү.