Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

Тигран Саркисян ЕАЭБдин Иран менен кызматташтыгы жөнүндө: «Ишкердик коомдоштуктун кызыкчылыктарын максималдуу эске алуу жана керектүү колдоого кепилдик берүү абдан маанилүү»
26 Сентябрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Е​вразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян жана Ирандын соода, өнөр жай, тоо-кен казып алуу иши жана айыл чарба боюнча палатасынын президенти Голам-Хоссейн Шафеи 25-сентябрда Бишкекте «Евразия жумалыгы – 2019» IV Эл аралык көргөзмө форумунун алкагында жумушчу жолугушуу өткөрүштү.

«Евразиялык санариптик платформалар» Эл аралык инновациялык долбоорлор конкурсунун 2019-жылдагы жыйынтыктары чыгарылды
26 Сентябрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

2019-жылда «Евразиялык санариптик платформалар» Эл аралык инновациялык долбоорлор конкурсунда биринчи орунду SmartCheck долбоору – товарлардын аныктыгын микрочиптердин жардамында текшерүү үчүн платформа ээледи, Армения Республикасы. Экинчи орунда – E-Agro-Map – электрондук айыл чарба карталарын өндүрүү боюнча долбоор, Кыргыз Республикасы. Үчүнчү орунда – AgroStream – агроишкананын процесстерин башкаруу боюнча чечим болуп саналган долбоор, Казакстан Республикасы. «Бизнес-өнөктөштөр банкы» – Сбербанктын импорт жана экспорт үчүн чечимдер жана сервистер долбоору, Россия Федерациясы – жана «ЕАЭБде онлайн соода жүргүзүү үчүн универсалдуу төлөм агрегатору» – Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрү үчүн бирдиктүү төлөм платформасы, Беларусь Республикасы – «Евразия экономикалык комиссиясынын сүймөнчүктөрү» категориясында жеңишке ээ болушту.

Тигран Саркисян: «Бизде өзүбүздүн жеке санариптик күн тартибибизди түзүүгө тарыхый шанс бар»
26 Сентябрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

«Евразия жумалыгы» IV Эл аралык көргөзмө форумунун программасы Евразия долбоорунун алдында турган ча​кырыктарга жана анын стратегиялык өнүгүү перспективаларына арналган пленардык отурум менен ачылды. Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мейкиндигиндеги Евразия тематикасына арналган эң ири форум эки миңден ашуун катышуучуларды чогултту.

Тигран Саркисян «Евразия жумалыгында» «ЕАЭБдин жаш лидерлер мектебин» ачты
26 Сентябрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) катышкан өлкөлөрдүн жаштар активисттерин жана кызматын жаңы баштап жаткан дипломаттарын бириктирген «ЕАЭБдин жаш лидерлер мектебинин» өткөрүлүшү «Евразия жумалыгы» IV Эл аралык көргөзмө форумунун жаштар трегинин негизги бөлүгү болуп калды.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов ЕАЭБдин каржы тармагындагы ченемдик-укуктук жөнгө салуунун аспектилерин талкуулашты
25 Сентябрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 25-сентябрда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

ЕЭК айыл чарба тармагында Венгрия менен кызматташтыкты өнүктүрүүдө
24 Сентябрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Бажы кызматташтыгы

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы 23-сентябрда өнөр жай, эл аралык кызматташтык, соода, санариптештирүү, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) ички рыногунун иштеши, бажылык жөнгө салуу чөйрөлөрүндөгү маселелерди карап чыкты.

Үчүнчү өлкөлөр жана бирикмелелер менен диалогду, өнөктөштүктү жана ишеним климатын түзүү – ЕЭКтин эң маанилүү приоритети
24 Сентябрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 23-24-сентябрда Нур-Султанда (Казакстан) өткөрүлүп жаткан «Чоң Евразия: Диалог. Ишеним. Өнөктөштүк» деп аталган Евразия спикерлеринин төртүнчү форумунда катышты.

IV «Евразия жумалыгынын» пленардык отурумунда ЕЭК жана бизнес ЕАЭБдин жаңы экономикалык саясатын талкуулашмакчы
23 Сентябрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Бир жумадан кийин Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) бийлик органдарынын жана бизнесинин өкүлдөрү, өнүктүрүү институттарынын адистери, каржы регуляторлору, эксперттери Кыргыз Республикасынын борбор шаары Бишкекте «Евразия жумалыгы» IV Эл аралык көргөзмө форумунда чогулушат. 25-сентябрда өткөрүлүүчү пленардык отурумдун темасы Евразия бизнес-мейкиндигинин чакырыктары жана перспективалары болмокчу.

ЕАЭБ өлкөлөрү Global Management Challenge стратегия жана башкаруу боюнча чемпионатына кошулушу мүмкүн
17 Сентябрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

16-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян жана Global Management Challenge (GMC) уюмунун аткаруучу директору, SDG – Simuladores e Modelos de Gestão компаниясынын башкы директору Жуао Матозу Энрикеш Евразия экономикалык комиссиясынын жана Global Management Challenge стратегия жана башкаруу боюнча чемпионатынын уюштуруучу комитетинин ортосундагы кызматташтык маселелерин талкуулашты. Ошондой эле, жолугушууда РФ Президентинин алдындагы Россия эл чарбачылыгы жана мамлекеттик кызмат академиясынын Уюмдук өнүгүү жана стратегиялык демилгелер институтунун (РАНХиГС) директору, GMC долбоорунун Россиядагы жетекчиси Вячеслав Шоптенко катышышты. Жолугушуу ЕЭКтин штаб-квартирасында болуп өттү.

ЕАЭБде «Бир түргө келтирилген «Чексиз жумуш» издөө тутуму» долбоору башталмакчы
10 Сентябрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Техникалык жөнгө салуу | Экономика жана каржы саясаты | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

9-сентябрда Москвада Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жана ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын катышуусунда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин отуруму болуп өттү. ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларын санариптештирүү, ички рыноктордун иштөөсү, эл аралык кызматташтык, эмгек миграциясы, бажылык жөнгө салуу, каржы жана салык саясаты, санитардык-ветеринардык жана фитосанитардык чаралар, өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси, атаандаштык жана бир катар башка чөйрөлөрдөгү маселелерди карап чыгышты.