Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

Кооперация жана биргелешкен долбоордук ишмердик – Евразия экономикалык бирлигинин стратегиясынын негизги элементи
23 Октябрь 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

22-24-октябрда Ереванда (Армения) өтүп жаткан Евразия экономикалык бирлигинин аймагындагы эң ири «Евразия жумалыгы» эл аралык форуму «ЕАЭБ экономикасынын реалдуу сектору: интеграция шарттарында потенциалды жогорулатуу» пленардык отуруму менен ачылды.

ЕАЭБ менен Египет 2018-жылдын аягында ЭСЗ түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү башташы мүмкүн
03 Октябрь 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Эркин соода зонасын түзүү жана Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) менен Египеттин ортосундагы кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдүн биринчи раундунун старт алуу мөөнөтүн Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян менен Россия Федерациясындагы Египет Араб Республикасынын Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси Ихаб Наср талкуулашты, ал ЕЭКтин штаб-квартирасында болуп өттү.

ЕЭК асыл металлдар жана таштар боюнча макулдашуунун долбоорун жактырды
03 Октябрь 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын 2-октябрдагы отурумунда Евразия экономикалык бирлик (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн соода жана экономикаларды санариптештирүү чөйрөлөрүндөгү маселелер каралды.

«Биз силерди интеграция идеясынын шарына батасыңар деп үмүттөнөбүз»: Тигран Саркисян Евразиялык интеграциянын эл аралык мектебин ачты
01 Октябрь 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика

«Евразиялык интеграция темасы жаш муундар үчүн улам перспективдүү болуп бара жатат. Силердин интеграция идеясынын шарына батканыңар ушул жуманын жыйынтыгы болуп калаарына үмүттөнөбүз», – деп билдирди Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 1-октябрда Москвада, ЕЭКтин штаб-квартирасында Евразия интеграциясынын эл аралык мектебинин ачылыш аземинде.

ЕЭК вьетнам күрүчүнө тарифтик квоталарды белгиледи жана индиялык электроддорго демпингге каршы чараны узартты
26 Сентябрь 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын 25-сентябрдагы отурумунда Евразия экономикалык бирлик (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн тышкы соода чөйрөсүндөгү маселелери каралды. Атап айтканда, ЕЭК Коллегиясы 2019-жылга карата Вьетнамдан келген узун дандуу күрүчкө тарифтик квоталарды белгилеп, Индиядан келген графиттелген электроддорго карата демпингге каршы чаранын аракетин узартты.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн энергетика министрлери Бирликтин жалпы рыногу үчүн газды ташууга баанын түзүлүшүнө карата мамилелерди талкуулашты
21 Сентябрь 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Энергетика жана инфраструктура

Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө беш мамлекеттин энергетика министрлери газдын жалпы рыногунун алкагында газды ташуу боюнча кызмат көрсөтүүгө карата тариф түзүүнүн (баа түзүүнүн) бирдиктүү методологиясын талкуулашты. Биргелешкен кеңешме Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) штаб-квартирасында 19-сентябрда болуп өттү.

ЕЭК Кеңеши газдын коопсуздугу жөнүндө Бирликтин техрегламентин кабыл алды жана тамак-аш азыктарын маркалоого карата талаптарды тактады
17 Сентябрь 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин 14-сентябрындагы отурумунда соода, экономиканы санариптештирүү, өнөр жай, каржы саясаты жана техникалык жөнгө салуу жааттарында чечимдер кабыл ылынды.

Тигран Саркисян: «ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасынын терең интеграциясы протекционизмге карата дүйнөлүк трендди эске алуу менен мыктыланууга тийиш»
12 Сентябрь 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода

Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) терең интеграциялоо жолунда бара жатат, жана интеграциянын бул модели аларда протекционизмди күчөтүү элементтери байкалган дүйнөлүк тренддерди эске алуу менен мыктыланууга тийиш. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 12-сентябрда Владивостокто Чыгыш экономикалык форумунун алкагында өткөн «АТРдын заманбап интеграциялык күн тартиби: ачыктык же протекционизм. ЕАЭБ үчүн сабактар» аттуу дискуссиянын жүрүшүндө билдирди.

ЕЭК дары-дармектердин жалпы рыногунун иши үчүн бир катар документтерди бекитти
07 Сентябрь 2018 | Техникалык жөнгө салуу | Соода | Энергетика жана инфраструктура | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын 7-сентябрдагы отурумунда энергетика, техникалык жөнгө салуу, фармацевтика жана соода тармагындагы маселелер каралды. Атап айтканда, ЕЭК Коллегиясы дары-дармектердин жалпы рыногунун иши үчүн бир катар документтерди бекитти жана Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жалпы электр энергетикалык рыногу тууралуу протоколду жактырды.

ЕЭК айыл чарба продукциясына тарифтик квоталарды белгиледи жана экспресс-жүктөр үчүн товарларга декларациянын формасын бекитти
29 Август 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода | Бажы кызматташтыгы

Евразия экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Коллегиясынын 28-августтагы жыйналышында соода жана бажы кызматташтыгы чөйрөсүндөгү маселелер каралды. Атап айтканда, ЕЭК Коллегиясы үчүнчү өлкөлөрдөн алып келинүүчү айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүнө 2019-жылга тарифтик квоталарды белгиледи, экспресс-жүктөр үчүн товарларга декларациянын формасын жана аны толтуруу тартибин бекитти, евразиялык интеграцияны тереңдетүү боюнча башка бир катар чечимдерди кабыл алды.