Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

Кубага ЕАЭБде байкоочу-мамлекет статусун берүү жөнүндө чечим 2020-жылдын аягына чейин кабыл алынышы мүмкүн
24 Сентябрь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика

24-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясына Куба Республикасынын Премьер-министрдин орун басары Рикардо Кабрисас Руис баштаган делегациясы расмий иш сапары менен келип кетти. ЕЭКтин штаб-квартирасында өлкөгө ЕАЭБде байкоочу-мамлекет статусун берүүнүн айрым аспектилерин тактоо боюнча Комиссиянын, Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин жана Куба Республикасынын биргелешкен консультациялары, ошондой эле Куба делегациясынын ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович жана ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев менен жолугушуулары болуп өттү.

Австриянын бизнеси ЕАЭБ өлкөлөрү менен кызматаштыкка кызыкдар
18 Сентябрь | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык бирлигинин бирдиктүү рыногунун европалык бизнес үчүн артыкчылыктары 17-сентябрда Австриянын Улуттук соода-өнөр жай палатасынын жана Австрия Республикасынын Россиядагы Элчилигинин аянтчасында өткөрүлгөн "Austria Connect КМШ 2020" деп аталган конференциянын талкуу борборунда болду.

Сергей Глазьев: "ЕАЭБди жана "Бир алкак, бир жол" кытай демилгесин байланыштыруунун алкагында улуттук валюталардагы эсеп-кысаптардын үлүшү олуттуу түрдө көбөйүүгө тийиш"
17 Сентябрь | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү акырындык менен Бирликтин ичинде улуттук валюталарда эсептешүүгө өтүшүүдө. Кытай менен соода жүргүзүүдө да ушуга умтулуу зарыл деп Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев 16-сентябрда болуп өткөн "ЕАЭБ жана Кытай кайсы жолду тандашмакчы?" деп аталган онлайн-конференцияда билдирди.

ЕЭКте АЭКБнын платформасында Евразия тикелей инвестициялар фондун түзүү мүмкүнчүлүгү талкууланды
11 Сентябрь | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык комиссиясы "Астана" Эл аралык каржы борбору (АЭКБ) менен биргеликте Евразия экономикалык бирлигинде өнүгүү институттарынын ишмердигинин маселелери боюнча семинар өткөрдү.

ЕЭКте Коллегиянын Төрагасынын алдындагы Илимий-техникалык кеңеш түзүлдү
10 Сентябрь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика

10-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичтин алдындагы Илимий-техникалык кеңештин президиумунун алгачкы отурумунда евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын илимий жактан коштоо жана мамлекеттер аралык программаларды жана инновациялык долбоорлорду ишке ашыруунун перспективалары талкууланды.

ЕЭК Кеңешинин жыйынтыктары
04 Сентябрь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу | Техникалык жөнгө салуу

4-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү.

Евразиялык интеграцияны өнүктүрүү стратегиясы боюнча акыркы келишпестиктер Жогорку кеңештин отурумуна чыгарылмакчы
04 Сентябрь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика

4-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отурумунда евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттарынын долбоору каралды.

ЕЭК Кеңеши Өзбекстанга ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекеттин статусун берүү жөнүндө маселени карап чыкты
04 Сентябрь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика

4-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отурумунда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин Өзбекстанга ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекеттин статусун берүү маселеси боюнча чечиминин долбоору каралды. Аяккы чечим Бирликтин мамлекет башчылары тарабынан кабыл алынат.

ЕЭК делегациясы Белгисиз Жоокердин Мүрзөсүнө гүл койду
03 Сентябрь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу | Соода | Экономика жана каржы саясаты | Энергетика жана инфраструктура | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович, Комиссиянын министрлери жана департаменттердин директорлору 3-сентябрда Москвадагы Александр багындагы Белгисиз Жоокердин Мүрзөсүнө гүл коюу аземинде катышышты.

ЕЭК жана АСЕАН Кызматташтык программасын 2025-жылга чейин узартышты
28 Август | Интеграция жана макроэкономика

28-августта Евразия экономикалык комиссиясы АСЕАНдын экономика министрлеринин жолугушуусунда катышты. Иш-чарада комиссияны интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Гоар Барсегян өкүлдөдү.