Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕАЭБ өлкөлөрүндө Бирликтин беш жылдыгына арналган эстелик монеталар чыгарылды
04 Октябрь 2019 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин улуттук (борбордук) банктары ЕАЭБдин беш жылдыгына арналган эстелик күмүш монеталарды чыгарышты.

ЕЭК Латын Америкасынын жана Кариб бассейнинин өлкөлөрү менен кызматташтыкты өнүктүрүүдө
03 Октябрь 2019 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жана Латын Америкасынын экономикалык тутумунун (ЛАЭТ) ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруунун алкагында Антигуада (Гватемала) Латын Америкасынын жана Кариб бассейнинин өлкөлөрү жана интеграциялык бирикмелери менен жогорку деңгээлдеги алгачкы биргелешкен иш-чара болуп саналган «Евразия экономикалык бирлиги, Латын Америкасынын жана Кариб бассейнинин мамлекеттери: регионалдык интеграция максатында кызматташтык» форуму өткөрүлдү.

ЕЭК ЕАЭБ өлкөлөрүндө туруктуу жана инклюзивдүү өсүшкө жетишүүгө карата мамилелер тууралуу айтып берди
29 Август 2019 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) өкүлдөрү ЭСКАТО өлкөлөрүнүн (Түндүк жана Борбордук Азия) БУУ ТӨМдү ишке ашыруу боюнча Булан-Соготтуда (Кыргызстан) өткөрүлгөн форумунда БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына (БУУ ТӨМ) жетүишү үчүн Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) интеграциялык потенциалын пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып беришти. Ошондой эле, ЕАЭБ мамлекеттеринин, алдыңкы өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн инклюзивдүүлүгүн баалоонун жыйынтыктары көрсөтүлдү.

ЕАЭБ жана Филиппиндер соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүшүүдө
22 Август 2019 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин жана Филиппиндердин ортосунда соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн перспективалары Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсүнүн (министринин) жардамчысы Федор Черницындын Филиппиндердин өнөр жай жана соода министринин орун басары Сеферино Родольфо менен жолугушуусунун жүрүшүндө көңүл борборунда болду. Сүйлөшүүлөр 21-августта ЕЭКтин штаб-квартирасында Россия-Филиппиндер өкмөттөр аралык комиссиясынын 2-чи отурумунун алдында болуп өттү.

Мүчө мамлекеттердин экономика министрликтеринин жетекчилери тышкы чакырыктарга жооп берүү үчүн кызматташтыктын натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгууну макулдашышты
20 Август 2019 | Интеграция жана макроэкономика

Мүчө мамлекеттердин экономика министрликтеринин жетекчилери Кыргыз Республикасынын Сары-Ой айылында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) өкүлдөрүнүн катышуусунда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) учурдагы макроэкономикалык жагдайын тышкы чакырыктар контекстинде талкуулашты.

Улуттук валюталарды пайдаланууну кеңейтүү үчүн жөнгө салуучу органдардын кыйла тыгыз кызматташтыгы талап кылынат
16 Август 2019 | Интеграция жана макроэкономика

Улуттук валюталарда эсептөөлөрдү жүргүзүү боюнча эксперттик кеңештин Россия Банкы тарабынан Москвада уюштурулган отурумунда улуттук валюталарда эсептөөлөрдү жүргүзүү жана КМШдагы интеграциялык процесстер, улуттук валюталардагы каржы куралдарын өнүктүрүү, КМШ мейкиндигиндеги төлөм тутумдарынын интеграциясы талкууланды.

«Евразия жумалыгы» форумунун аянтчасында ЕАЭБдин алкагында гуманитардык кызматташтыктын экономикалык аспектилерин кеӊейтүүнүн перспективаларын талкуулашат
16 Август 2019 | Интеграция жана макроэкономика

26-сентябрда «Евразия жумалыгы» IV Эл аралык көргөзмө форумунун алкагында «ЕАЭБдин жаңы чектери: жарандардын кызыкчылыгында өнүктүрүү стратегиялары» деп аталган панелдик сессия өткөрүлмөкчү, ал Евразия экономикалык бирлигинин интеграциялык күн тартибинин алкагында билим берүү жана илим, саламаттыкты сактоо, туризм жана спорт тармактарындагы маселелерди талкуулоого арналмакчы.

ЕАЭБ-Кытай: алдыда биргелешкен чоң иш күтүүдө
08 Август 2019 | Интеграция жана макроэкономика

«ЕАЭБдин жана «Бир алкак – бир жолдун» айкалыштырылышы – бул Евразиядагы экономикалык да, тарыхый да өбөлгөсү бар интеграциялардын интеграциясы идеясынын ишке ашырылышы», – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсүнүн (министринин) жардамчысы Федор Черницын 7-августта Пекинде Кытай Эл Республикасынын алдыңкы талдамалык борборлорунун жетекчилери менен жолугушууда билдирди. Кытайга ал КЭРдин Коомдук илимдер академиясынын Россия, Чыгыш Европа жана Борбордук Азия Институтунун директору Су Чжуанчжинин чакыруусу боюнча келген.

ЕЭКтин жана Индонезиянын Өкмөтүнүн өз ара аракеттенүүсү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Индонезиянын соода-экономикалык кызматташтыгын күчөтүүгө мүмкүндүк берет
02 Август 2019 | Интеграция жана макроэкономика

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Индонезиянын соода-экономикалык мамилелери динамикалуу түрдө өнүгүүдө. Бүгүнкү күндө Индонезия Евразия экономикалык бирлиги үчүн – товар жүгүртүүнүн көлөмү боюнча АСЕАН өлкөлөрүнүн ичинен төртүнчү ири соода өнөктөшү. Акыркы үч жыл ичинде өз ара товар жүгүртүү 35%га өстү (3 млрд долл. чейин), ЕАЭБдин экспорту – 76%га (1,1 млрд долл. чейин), импорту – 18%га (1,9 млрд долл. чейин). Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Сергей Шухно «Индонезия жана Россиянын стратегиялык кызматташтыгына карай: туризм, соода жана инвестициялар тармактарындагы үзүрлүү кызматташтыкты активдештирүү» бизнес-форумунда билдирди

ЕЭК ЕАЭБге алып келинген айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүнө 2020-жылга карата тарифтик квоталарды белгиледи
31 Июль 2019 | Интеграция жана макроэкономика | Соода | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

31-июлда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы бажылык-тарифтик жөнгө салуу, эл аралык кызматташтык, экономиканы санариптештирүү, статистика, коомдук укук, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн ички рыногунун иштеши чөйрөлөрүндөгү маселелерди карап чыкты.