Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭКтин жана Марокконун биргелешкен жумушчу тобунун биринчи отуруму апрелде өткөрүлмөкчү
03 Март | Интеграция жана макроэкономика

ЕЭКтин штаб-квартирасында ЕЭКтин Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Сергей Шухно жана Марокко Королдугунун Россия Федерациясындагы жана Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лотфи Бушаара Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн жана Марокко Королдугунун соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн жана биргелешкен жумушчу топтун биринчи отурумун өткөрүүнү талкуулашты.

Молдова Республикасы – ЕАЭБ: кызматташтыктын перспективалары
28 Февраль | Интеграция жана макроэкономика

Кишинёвдун алдыңкы жогорку окуу жайларынын жаш эксперттери жана профессордук-окутуучу курамы үчүн өткөрүлгөн "Молдова Республикасы – ЕАЭБ: кызматташтыктын перспективалары" деп аталган конференцияда Евразия экономикалык бирлигин өнүктүрүү маселелери каралды. Форумда Евразия экономикалык комиссиясынын атынан интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Гоар Барсегян катышты.

ЕЭК ЕАЭБдин 2017-2018-жылдардагы өнүгүүсү жөнүндө баяндаманы даярдады
28 Февраль | Интеграция жана макроэкономика

2017-2018-жылдарда ЕАЭБ өлкөлөрү экономикалык өнүгүүнүн туруктуулугун олуттуу түрдө жогорулатууга жетишишти. ЕЭКтин Макроэкономикалык саясат департаменти 2017-2018-жылдардын жыйынтыктары боюнча ЕАЭБдин экономикалык өнүгүүсүнүн негизги багыттарын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө баяндамада ушундай тыянакка келишти.

Евразиялык экономикалык интеграциянын стратегиялык багыттарынын үстүнөн иш аяктоодо
21 Февраль | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин мүчөлөрү Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарынын долбоорунун дагы бир нече позицияларын макулдашышты. Талкуу 21-февралда ЕЭКтин штаб-квартирасында болуп өттү.

2019-жылда ЕАЭБ өлкөлөрүндө өнөр жай өндүрүшү өстү
19 Февраль | Интеграция жана макроэкономика

2019-жылда Евразия экономикалык бирлигинин бардык өлкөлөрүндө өнөр жай өндүрүшүнүн, аткарылган курулуш иштеринин көлөмүнүн, жүргүнчү жүгүртүмүнүн, чекене соода жүгүртүмүнүн өсүшү байкалган. Мындай маалыматтар ЕЭКтин Статистика департаменти тарабынан даярдалган ЕАЭБдин негизги социалдык-экономикалык серебинде келтирилет.

Мексика "ЕАЭБ – Латын Америкасы" диалогунда толук форматтуу катышууну көздөөдө
19 Февраль | Интеграция жана макроэкономика

ЕЭК Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Сергей Глазьев жана Мексика Кошмо Штаттарынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Норма Пенсадо Евразия экономикалык комиссиясынын жана Тынч океан альянсынын кызматташтыгын өнүктүрүүнүн механизмдерин талкуулашты. Жолугушуу Комиссиянын штаб-квартирасында болуп өттү.

РИАнын Илимий кеңеши евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиясын илимий колдоону камсыз кылмакчы
19 Февраль | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика

Россия илимдер академиясынын евразиялык экономикалык интеграциянын комплекстүү маселелери, модернизациялоо, атаандаштыкка жөндөмдүүлүк жана туруктуу өнүгүү боюнча Илимий кеңеши Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарын илимий колдоону жана ишке ашырууну камсыз кылмакчы. Мындай чечим 19-февралда РИАнын Президиумундагы отурумда кабыл алынды.

ЕЭКтин жана ЕККУнун кызматташтыгы – экономика жаатындагы эң мыкты дүйнөлүк иш-тажрыйбалар менен алмашуунун оптималдуу механизми
19 Февраль | Интеграция жана макроэкономика

Башкаруунун транспаренттүүлүгүн жогорулатуу, инновацияларды илгерилетүү, санариптик экономиканы өнүктүрүү 17-18-февралда Венада (Австрия) болуп өткөн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Экономикалык-экологиялык форумун даярдоо боюнча биринчи жолугушуунун көңүл борборунда болду. Иш-чарада Евразия экономикалык комиссиясынын атынан ЕЭКтин Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Саадат Асансеитова катышты.

ЕЭК ЕАЭБ мамлекеттерин экономикалык турукташтыруунун тартибин жаңылады
18 Февраль | Интеграция жана макроэкономика

ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү экономикалык жагдайды турукташтырууга багытталган сунуштамаларды жана биргелешкен чараларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу тартибтине өзгөртүүлөрдү киргизди. Аталган тартип кайсы бир өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн туруктуулугун аныктоочу макроэкономикалык көрсөткүчтөр сандык маанилерден жогору болгон учурларда колдонулат.​

ЕАЭБдин ишкердик коомдоштугу Евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аягына чыгара иштеп чыгууда катышууда
18 Февраль | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Сергей Глазьев ЕАЭБдин Ишкердик кеңешинин катышуусу менен отурум өткөрүп, анда Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарынын долбоорунун үстүндө иштөөнүн натыйжалары каралды. Андан аркы иш-аракеттердин алгоритми талкууланды. Бирликтин өлкөлөрүнүн чакан жана орто бизнеси үчүн ишкердик климатты жана жагымдуу чөйрөнү түзүү механизмдерине басым жасалды.​