Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕАЭБ жана Монголия кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантышууда
30 Октябрь 2019 | Интеграция жана макроэкономика

29-октябрда ЕЭКтин штаб-квартирасында ЕЭКтин Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Сергей Шухно жана Монголиянын Россия Федерациясындагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Очирма Очирбат Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жана Монголиянын өкмөтүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүү боюнча биргелешкен жумушчу топтун 3-отурумунун жыйынтыктарын талкуулашты.

ЕЭК министри Сергей Глазьев: "ЕАЭБдин жана Кубанын диалогунун көңүл борборунда – өз ара сооданы жана инвестицияларды олуттуу түрдө өстүрүү"
25 Октябрь 2019 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Сергей Глазьевдин ноябрдын биринчи он күндүгүнө пландаштырылган Кубага иш сапарынын алдында ал аталган республиканын Москвадагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнө барды. Сапарынын жүрүшүндө ЕЭК министри жана Куба Республикасынын Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары Рикардо Кабрисас Руис кызматташтык маселелеринин бүткүл спектри боюнча "сааттарын салыштырышты".

Сергей Глазьев: "ЕАЭБ жана Африка өлкөлөрү биргеликте жаңы валюталык-каржылык архитектураны курушу мүмкүн"
24 Октябрь 2019 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) жана Африка континентинин өлкөлөрү натыйжалуу, өз ара пайдалуу жана тең укуктуу өнөктөштүктү жана узак мөөнөттүү кызматташтыкты түзүүгө даяр. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү Сергей Глазьев Сочиде өтүп жаткан "Россия – Африка" Эл аралык форумунда билдирди.

2019-жылдын январь-август айларынын аралыгында ЕАЭБдин Монголия менен товар жүгүртүүсү 15%га өстү
22 Октябрь 2019 | Интеграция жана макроэкономика

21-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) штаб-квартирасында Комиссиянын жана Монголиянын өкмөтүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүү боюнча биргелешкен жумушчу топтун үчүнчү отуруму болуп өттү. Топтун теңтөрагалары – ЕЭК Коллегиясынын интегарция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Сергей Глазьев жана Монголиянын тышкы иштер министринин орун басары Батмонхийн Батцэцэг – тараптардын Кызматташтык жөнүндө меморандумдун алкагында үзүрлүү диалогду өнүктүрүүнү жактаарын тастыкташты.

ЕЭКте санариптик экономиканы өлчөө боюнча жумушчу топ түзүлмөкчү
21 Октябрь 2019 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) штаб-квартирасында Статистика боюнча Консультативдик комитеттин ЕЭК Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Сергей Глазьевдин төрагалыгы астында болуп өткөн он бешинчи отурумунда Евразия экономикалык бирлигиндеги (ЕАЭБ) статистикалык ишмердиктин жыйынтыктары талкууланды жана 2020-жылга карата жана 2025-жылга чейинки мезгилге статистикалык иштерди өткөрүүнүн мүчө мамлекеттер менен макулдашылган планы бекитилди. Мындан сырткары, Консультативдик комитеттин астында санариптик экономиканы өлчөө боюнча жумушчу топту түзүү жөнүндө сунуш колдоого алынды.

ЕЭК жана Индонезиянын өкмөтү кызматташтык жөнүндө меморандум түзүштү
18 Октябрь 2019 | Интеграция жана макроэкономика

17-октябрда Тангеранг шаарында (Индонезия) Trade Expo Indonesia соода көргөзмөсүнүн алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жана Индонезия Республикасынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюу салтанаттуу аземи болуп өттү. Документке ЕЭК Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Сергей Глазьев жана Индонезия Республикасынын соода министри Энгартиасто Лукита кол коюшту.

ЕАЭБде өнөр жайдын секириги үчүн өндүрүштүн кооперациясы жана инновациялык долбоорлор керек
16 Октябрь 2019 | Интеграция жана макроэкономика | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Экономика жана каржы саясаты | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | Техникалык жөнгө салуу

15-октябрда Москвада өткөрүлгөн «Интеграция» Евразия өнөр жай конгрессинин катышуучулары Евразия экономикалык бирлигиндеги (ЕАЭБ) өнөр жай кызматташтыгынын көйгөйлөрүн жана перспективаларын жана ишкерлердин өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүнүн аспаптарын талкуулашты. Талкууда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) мүчөлөрү катышышты. Конгрессти өткөрүү демилгеси Бирликтин мамлекеттеринин бизнесинин натыйжалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө, үзүрлүү кооперацияга жана рыноктун талабына ээ болгон жогорку технологиялуу өндүрүштүк бирикмелерди түзүүгө кызыкдар өкүлдөрүнөн чыкты.

ЕАЭБ жана Чили кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантышууда
10 Октябрь 2019 | Интеграция жана макроэкономика

ЕЭК Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Сергей Глазьев 9-октябрда ЕЭКтин Москвадагы штаб-квартирасында Чили Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Родриго Яньес менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жана Чили Репсубликасынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулады.

Билим берүү тармагындагы интеграцияны тереңдетүү ЕАЭБге билим туризминин агымдарын 25-50%га жогорулатууга мүмкүндүк берет
09 Октябрь 2019 | Интеграция жана макроэкономика

Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Саадат Асансеитова Санкт-Петербургда өткөрүлгөн «Евразиянын экономикалык перспективасы» VII Эл аралык форумунун пленардык сессиясында билдирди.

ЕЭК Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) болуп Сергей Глазьев дайындалды
09 Октябрь 2019 | Интеграция жана макроэкономика

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2019-жылдын 1-октябрындагы Чечимине ылайык Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Россия Федерациясынан жаңы мүчөсү болуп Сергей Глазьев дайындалды. Анын компетенциясына интеграцияны өнүктүрүү, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) макроэкономикасы жана статистикасы маселелери кирмекчи.