Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭК ЕАЭБтин транспорт саясатын жүзөгө ашыруу форматы жөнүндө бир катар пикир келишпестиктерди четке чыгарды жана макулдашууларды түздү
17 Ноябрь 2016 | Энергетика жана инфраструктура

Биримдик мамлекеттеринин Координацияланган (макулдашылган) транспорт саясатын жүзөгө ашыруунун негизги багыттарынын жана этаптарынын долбоору боюнча принципиалдуу пикир келишпестиктер Евразия экономикалык комиссиясында (ЕЭК) транспорт жана инфраструктура боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Адамкул Жунусовдун жетекчилиги алдында өткөрүлгөн кеңешмеде каралды.​

Адамкул Жунусов: “Энергоресурстардын жалпы рыногун түзүү боюнча иштин ийгилигинен Биримдиктин ийгилиги көзкаранды”
14 Ноябрь 2016 | Энергетика жана инфраструктура

11-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Адамкул Жунусов Санкт-Петербург мамлекеттик экономикалык университетинде (СПбМЭУ) өткөн Газ жалпы рыногун түзүү: иштин жүрүшү, көйгөйлөр жана перспективалар” тегерек столунда негизги баяндамачы болуп сүйлөдү.​

“Евразия жумалыгында” жалпы энергоресурстар рыногун калыптандыруунун перспективалары талкууланды
28 Октябрь 2016 | Энергетика жана инфраструктура

27-октябрда Москвада “Евразия жумалыгы - 2016” көргөзмө форумунун алкагында “Евразия экономикалык биримдигинин жалпы энергетикалык ресурстар рыногун түзүүнүн перспективалары” тегерек столу өткөрүлдү, анын модератору Евразия экономикалык комиссиясынын Энергетика департаментинин директорунун милдетин убактылуу аткаруучу Сергей Колобанов болду.​

Транспорт - Биримдиктин гравитациясынын огу
28 Октябрь 2016 | Энергетика жана инфраструктура

27-октябрда “Евразия жумалыгы” эл аралык форумунун алкагында Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин транспорт жаатында ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин конференциясы (тегерек стол) болуп өттү. Иш чаранын актуалдуу күн тартиби жүк ташуучулардын, экспедиторлордун улуттук ассоциацияларынын, тармактык союздардын жана илимий уюмдардын жетекчилеринин, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана бизнес-коомчулуктардын өкүлдөрүнүн көңүлүн бурду.​

ЕЭК Коллегиясы Биримдиктин жалпы электрэнергетикалык рыногун түзүү программасын жана ЕАЭБтин координацияланган (макулдашылган) транспорттук саясатынын негизги багыттарын жактырды
26 Октябрь 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Энергетика жана инфраструктура

25-октябрда ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисяндын жетекчилиги алдында Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын кезектеги отуруму болуп өттү. Анда интеграция жана макроэкономика, бажы кызматташтыгы, соода, экономика жана финансы саясаты, өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси, техникалык жөнгө салуу, энергетика жана инфраструктура чөйрөлөрүнө тиешелүү бир катар маселелерди каралды.​

ЕЭК жана Автомобиль транспортунун эл аралык союзу кызматташтыкты бекемдөөгө даяр
24 Октябрь 2016 | Энергетика жана инфраструктура

24-октябрда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Адамкул Жунусовдун Автомобиль транспортунун эл аралык союзунун башкы катчысынын орун басары, БУУга караштуу Автомобиль транспортунун эл аралык союзунун Туруктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы Игорь Рунов менен жолугушуусу болуп өттү.​

ЕЭК өкүлдөрү жана Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн бизнеси ЕАЭБда транспорт кызматтарынын калыптанышына таасирин тийгизген тоскоолдуктарды четтетүү зарылчылыгы тууралуу билдирди.
14 Октябрь 2016 | Энергетика жана инфраструктура

12-октябрда Бишкекте Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) транспорттук, экспедитордук жана логистикалык уюмдардын кезектеги отуруму болуп өттү. Евразия экономикалык комиссиясынын Транспорт жана инфраструктура департаментинин өкүлдөрү Биримдикте транспорт тармагынын өнүгүшүнө тоскоолдуктарды жараткан кыйла актуалдуу көйгөйлөрдү талкуулоого катышышты.​

ЕАЭБтин жалпы электр энергетикалык рыногун түзүү программасынын долбоору жактырылды
11 Октябрь 2016 | Энергетика жана инфраструктура

10-октябрда ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Адамкул Жунусовдун төрагалыгы алдында өткөн Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин кеңешмесинде ЕАЭБтин жалпы электрэнергетикалык рыногун түзүү программасынын долбоору жактырылды.​

ЕЭК Кыргызстандын компаниясы россиялык биржада жана электр энергиясынын соодасында мунайды сатууларга казакстандык оператордун аянтчасында катышуусун демилгелейт
21 Сентябрь 2016 | Энергетика жана инфраструктура

21-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Адамкул Жунусовдун Бишкекке сапары болуп, анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жетекчилиги менен жолугушуулар болуп өттү. ЕЭК министри Кыргызстандын калкын энергоресурстар менен камсыздоо боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөргө тиешелүү бир катар актуалдуу маселелерди көтөрдү. ​

ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Адамкул Жунусов Кыргызстандын Транспорт министрлигинин башчысы менен жолугушту
21 Сентябрь 2016 | Энергетика жана инфраструктура

21-сентябрда Бишкекте Евразия экономикалык биримдигинин энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Адамкул Жунусов Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаров менен иш боюнча жолугушуу өткөрдү.​