Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрүнүн жумушчу кеңешмеси
20 Апрель | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Энергетика жана инфраструктура | Экономика жана каржы саясаты

20-апрелде Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарынын айрым маселелерин макулдашуу боюнча Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин мүчөлөрүнүн видеоконференция форматындагы жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

ЕЭК ЕАЭБде каботаждык автомобилдик ташууларды либералдаштыруу программасынын аткарылышын тездетүүнү сунуш кылды
04 Март | Энергетика жана инфраструктура

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө Каботаждык автомобилдик жүк ташууларды либералдаштыруу программасынын ишке ашырылышын карап чыкты.

Тигран Саркисян: "Ишкердик кеңеш менен биргеликте ЕЭК бизнести жана жарандарды кызыктырган актуалдуу маселелерди чечүүдө"
25 Декабрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Техникалык жөнгө салуу | Энергетика жана инфраструктура

24-декабрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) аянтчасында Комиссиянын жана Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) Ишкердик кеңешинин өз ара аракеттенүүсү боюнча Консультативдик кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү. Ага ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян, ЕАЭБдин Ишкердик кеңешинин Президенти Виктор Христенко, Комиссиянын Коллегиясынын мүчөлөрү жана Бирликтин өлкөлөрүнүн бизнесинин өкүлдөрү катышышты.

ЖЕЭК жыйынтыктары: Эмгекчилерди пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашууга кол коюлду, ЕАЭБдин жалпы электроэнергия рыногу иштеп баштаганга чейин аткаруу зарыл болгон иш-чаралардын планы бекитилди
20 Декабрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Экономика жана каржы саясаты | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу | Энергетика жана инфраструктура

20-декабрда Санкт-Петербургда (Россия Федерациясы) Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) отуруму болуп өттү. Отурумда Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти, ЖЕЭКтин Ардактуу төрагасы Нурсултан Назарбаев, ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян, ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекеттин башчысы катары – Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додон катышышты. ЖЕЭК мүчөлөрү евразиялык интеграцияны, жалпы эмгек рыногун, кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногун өнүктүрүү, ЕАЭБдин ички рыногунун иши, атаандаштык, энергетика маселелерин карап чыгышты. ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашууга кол коюлду, ЕАЭБдин жалпы электроэнергия рыногу иштеп баштаганга чейин аткаруу зарыл болгон иш-чаралардын планы бекитилди, евразиялык интеграция маселелери боюнча бир катар башка маанилүү чечимдер кабыл алынды.

ЕЭК министри Эмиль Кайкиев: "Экономиканын негизги секторлорундагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү зарыл"
18 Декабрь 2019 | Энергетика жана инфраструктура

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча мүчөсү (министр) Эмиль Кайкиев дүйнөлүк экономиканын келечеги интеграциялык блокторго таандык деп эсептейт. Ал М. В. Ломоносов атындагы ММУда өткөрүлгөн "Евразия мейкиндигине интеграциялануу. Келечек жана перспективалар" деп аталган тегерек столдо дүйнөлүк экономиканын контекстинде Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) отун-энергетика комплексинин жана транспортунун ролу тууралуу айтып берди.

ЕЭК Эл аралык темир жолдор бирлиги менен кызматташтыкты улантууда
16 Декабрь 2019 | Энергетика жана инфраструктура

Эл аралык темир жолдор бирлигинин (ЭТЖБ) генералдык ассамблеясынын ЕЭК Коллегиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча мүчөсү (министр) Эмиль Кайкиев башында турган Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) делегациясынын катышуусу менен Парижде өткөрүлгөн сессиясында санариптик темир жолду, жогорку ылдамдыктагы темир жол каттамын өнүктүрүү, ЭТЖБны андан ары өнүктүрүү маселелери каралды.

ЕАЭБде Бирликтин транспорттук-экономикалык балансын даярдоо боюнча консультациялар башталды
22 Ноябрь 2019 | Энергетика жана инфраструктура

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн транспорттук ведомстволорунун жетекчилери Бирликтин транспорттук-экономикалык балансын иштеп чыгуунун максатка ылайыктуулугун колдошту. Бул тууралуу алар ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын Жетекчилер кеңешинин 20-ноябрда "Транспорт жумалыгы – 2019" жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык форумунун жүрүшүндө болуп өткөн үчүнчү отурумунда билдиришти.

ЕЭК, ЭКА КМШ жана ЭСКАТО электр энергия тармагын өнүктүрүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгышмакчы
05 Ноябрь 2019 | Энергетика жана инфраструктура

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК), КМШнын Электр энергетикалык Кеңешинин Аткаруучу комитети жана Азия жана Тынч океан үчүн Экономикалык жана социалдык комиссия (ЭСКАТО) электр энергия тармагын өнүктүрүү, жаңыланма энергетиканын жана энергетиканын санариптик трансформациясын баалоо боюнча биргелешкен сунуштамаларды иштеп чыгышмакчы. Бул тууралуу "Жалпы энергия рынокторун түзүү жана энергиянын жаңыланма булактарынын (ЭЖБ) энергетикалык коопсуздукту жогорулатуудагы ролу" деп аталган биргелешкен эл аралык тегерек столдун катышуучулары келишишти. Аталган тегерек столду өткөрүү кызматташтыкты кеңейтүү боюнча иштин логикалык уландысы болуп калды.

ЕЭК жана ЕСТЕЛО эки тараптуу кызматташтыктын багыттарын такташты
21 Октябрь 2019 | Энергетика жана инфраструктура

Евразиялык транспорттук, экспедициялык жана логистикалык уюмдардын бирлиги (ЕСТЕЛО) бизнестин жана транспорттук уюмдардын кызыкчылыктарынын негизинде транспорт тармагындагы көйгөйлүү маселелерди жана тоскоолдуктарды аныктоо боюнча иште Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) транспорттук блогунун негизги өнөктөшү бойдон кала бермекчи. Мындай келишкендик ЕСТЭЛОнун Кеӊешинин Новороссийск шаарында (Россия Федерациясы) өткөрүлгөн отурумунда түзүлдү. Аталган отурумда ЕЭК өкүлдөрү катышышты.

ЕЭК Коллегиясы кагаз түрүндөгү ТКПларды жол-жоболоштуруу мүмкүнчүлүгүн 2020-жылдын 1-ноябрына чейин узартты
14 Октябрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Техникалык жөнгө салуу | Бажы кызматташтыгы | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | Экономика жана каржы саясаты | Энергетика жана инфраструктура

14-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы өнөр жай кызматташтыгы, бирдиктүү кызмат көрсөтүүлөр рыногу, бажылык жана техникалык жөнгө салуу, транспорт жана инфраструктура, макроэкономика, ички рыноктун иши, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн экономикаларын санариптештирүү чөйрөлөрүндөгү маселелерди карап чыгышты.