Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн энергетика министрлери газдын жалпы рыногун түзүү маселелерин талкуулайт
23 Август 2018 | Энергетика жана инфраструктура

22-августта Евразия экономикалык комиссиясында (ЕЭК) газды ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр жагынан тарифти түзүүнүн бирдиктүү методологиясын иштеп чыгуу жөнүндө сунушту карашты. Кеңешмеге Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн энергетика министрлеринин орун басарлары жана ЕЭКтин өкүлдөрү катышышты. Тараптар сентябрда жарыя кылган сунуштар энергетика министрлери тарабынан талкууланат, андан соң маселе Өкмөттөр аралык кеңештин отурумуна алынып чыгат.

Бирликтин жалпы электр энергетикалык рыногу жөнүндө келишимдин форматы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн энергетика министрлеринин орун басарлары деңгээлинде макулдашылды
16 Май 2018 | Энергетика жана инфраструктура

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) Жалпы электр энергетикалык рыногу (ЖЭР) жөнүндө эл аралык келишиминин форматын жана анын жөнгө салынбаган жоболорун ЕАЭБ мамлекеттеринин энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин орун басарлары талкуулашты. Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча мүчөсү (министр) Эмиль Кайкиевдин төрагалыгы астындагы кеңешмеси Комиссиянын аянтчасында өттү.​

Адамкул Жунусов: «Эксперттердин сунуштары Биримдиктин жалпы энергетикалык рыногун түзүүдө пайдаланылат»
15 Декабрь 2017 | Энергетика жана инфраструктура


Евразия экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Энергетика департаментинин жана энергия үнөмдөө, энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу тармагындагы уюмдардын россиялык Улуттук тармак аралык биримдигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө биргелешкен билдирүүсүнө, «Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин энергиялык коопсуздук, энергия үнөмдөө, энергиялык натыйжалуулук жана экология тармагында отун-энергетикалык комплексин талдоо жана алардын келечеги» илимий-тажрыйбалык конференциясынын жүрүшүндө кол коюлду.​

ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикасы 2017-жылда жакшы өнүгүп жатат: көрсөткүчтөрдүн көпчүлүгү боюнча өсүү белгиленди
15 Декабрь 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | Энергетика жана инфраструктура | Экономика жана каржы саясаты

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин ИДӨ өсүшү, улуттук деңгээлде санариптештирүүнүн маанилүүлүгү жана 2018-жылга пландар жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы, ЕЭК министрлери журналисттерге жана Евразия экономикалык комиссиясынын ачык эшик күндөрүнүн алкагында журналисттер менен жолугушууларда айтышты. ​

ЕАЭБдин мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рыногун калыптандыруу программасы иш жүзүндө макулдашылган
12 Декабрь 2017 | Энергетика жана инфраструктура

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рыногун калыптандыруу программасы иш жүзүндө макулдашылган. Жөндөлбөгөн бир маселе калган, ал азыр жигердүү талкуулоо баскычында турат. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Энергетика департаментинин директору Леонид Шенец, RPI агенттиги уюштурган «РФ мунай өнүмдөрүнүн рыногу-2017» эл аралык конференциясында билдирди.​

Адамкул Жунусов эл аралык транспорт форумунун пленардык дискуссиясында транспорттук тармактын санариптик трансформациясын тааныштырды
11 Декабрь 2017 | Энергетика жана инфраструктура

“Санариптештирүү” негизги технологиялык тренд гана болбостон, коомдогу, соодадагы жана товардык рыноктордогу, өнөр жайындагы, транспорттогу, кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү глобалдык өзгөрүүлөрдүн катализатору болуп калды”, - деп билдирди Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Адамкул Жунусов, “Транспорттук жума-2017” эл аралык форумунун пленардык дискуссиясында чыгып сүйлөгөн сөзүндө.​

Транспорт жана логистика ЕАЭБтеги экономикалык өсүштүн трайверлери боло алат
08 Декабрь 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Энергетика жана инфраструктура

ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү транспорттук-логистикалык долбоорлор кытайлык бизнести кызыктырат. Бул туурасында Кытай Эл Республикасынын (КЭР) транспорт министринин орун басары Дай Дунчан ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин транспорт чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилери менен болгон тогузунчу отурумунда билдирди.​

ЕС жана ЕАЭБ ортосунда энергетика чөйрөсүндөгү кызматташтык СКОЛКОВО аянтчасында талкууланды
29 Ноябрь 2017 | Энергетика жана инфраструктура

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) жана Европа союзунун (ЕС) ортосунда мүмкүн болгон энергетикалык диалогдун багыттарын Сколководо “мээ чабуулунун” жүрүшүндө талкуулашты.

ЕЭК Биримдик өлкөлөрүндөгү транспортту санариптештирет
17 Октябрь 2017 | Энергетика жана инфраструктура

Интеллектуалдуу транспорт системаларын жана транспорттук каражаттарды электрондук диагностикалоону жайылтуу жакынкы үч жылда транспорттогу санариптик технологиялар чөйрөсүндө евразиялык күн тартиптин алкагында эң көп талкууланган темалардын бири болмокчу. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Транспорт жана инфраструктура департаментинин директору Ержан Нурахметов “Санариптик логистиканын жана өтмө тарифтердин негизинде эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү” Темир жол транспортунда инвестициялар жана баа түзүү боюнча 5-чи эл аралык конференциянын жүрүшүндө билдирди.​

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн кемелерине биримдиктин деңиз жолдорун колдонуу оңоюраак болот
03 Октябрь 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Энергетика жана инфраструктура | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Кеме жүргүзүү жөнүндө макулдашуу 2-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинде жактырылган. Мындан тышкары, ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү, вице-премьерлер Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын жана өкмөт башчыларынын кароосуна киргизиле турган бир катар документтерди макулдашты.​