Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭК Биримдик өлкөлөрүндөгү транспортту санариптештирет
17 Октябрь 2017 | Энергетика жана инфраструктура

Интеллектуалдуу транспорт системаларын жана транспорттук каражаттарды электрондук диагностикалоону жайылтуу жакынкы үч жылда транспорттогу санариптик технологиялар чөйрөсүндө евразиялык күн тартиптин алкагында эң көп талкууланган темалардын бири болмокчу. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Транспорт жана инфраструктура департаментинин директору Ержан Нурахметов “Санариптик логистиканын жана өтмө тарифтердин негизинде эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү” Темир жол транспортунда инвестициялар жана баа түзүү боюнча 5-чи эл аралык конференциянын жүрүшүндө билдирди.​

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн кемелерине биримдиктин деңиз жолдорун колдонуу оңоюраак болот
03 Октябрь 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Энергетика жана инфраструктура | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Кеме жүргүзүү жөнүндө макулдашуу 2-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинде жактырылган. Мындан тышкары, ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү, вице-премьерлер Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын жана өкмөт башчыларынын кароосуна киргизиле турган бир катар документтерди макулдашты.​

Биримдик өлкөлөрүнүн кемелери ички суу жолдоруна эркин жеткилик алышат, ал эми Марокко жана Бангладеш менен соода мамилелерине жаңы импульс берилет
19 Сентябрь 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Энергетика жана инфраструктура | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

19 сентября прошла Коллегия Евразийской экономической комиссии (ЕЭК). Обсуждались вопросы развития интегрированной информационной системы ЕАЭС, углубления интеграции и таможенного сотрудничества стран Евразийского экономического союза (ЕАЭС).19-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы болуп өттү. ЕАЭБтин интеграцияланган маалыматтык системасын өнүктүрүү, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн интеграциясын жана бажы кызматташтыгын тереңдетүү маселелери талкууланды. ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБ өлкөлөрүндө Кеме жүргүзүү жөнүндө долбоорду жактырды.​

ЕЭК министри Адамкул Жунусов: “ЕАЭБтин транспорттук коридорлорун колдонуу Азиядан Европага жүктөрдүн транзитин пайдалуу кылууда”
11 Июль 2017 | Энергетика жана инфраструктура

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) Чыгыштын жана Батыштын ортосунда көпүрөгө айланууда, бул евразия континентинин мамлекеттеринин ортосунда өз ара пайдалуу байланыштарды активдештирүүгө жана Азиядан Европага жүктөрдүн тоскоолдуксуз транзитин камсыздоого мүмкүндүк берет, анын ичинде ЕАЭБтин жана Жибек жолунун Экономикалык алкагы кытайлык демилгесинин айкалышуусунун эсебинен. Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) бул багытта иши туурасында Стамбулда ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Адамкул Жунусов Темир жолдор эл аралык биримдигинин (ТЖЭБ) 90-чу Башкы Ассамблеясынын отурумунда айтып берди. ​

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн кемелери Биримдиктин ички суу жолдоруна жөнөкөйлөтүлгөн тартипте чыгууга жеткилик алышат
26 Май 2017 | Энергетика жана инфраструктура

Кеме жүргүзүү жөнүндө эл аралык келишимдин долбоорун Армениянын, Кыргызстандын, Казакстандын жана Россиянын транспорт министрлеринин орун басарлары Евразия экономикалык комиссиясында (ЕЭК) ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Адамкул Жунусовдун төрагалыгы алдында өткөн кеңешмеде талкуулашты. ​

ЕАЭБте авиаташуулардын жалпы рыногун түзүү боюнча “жол картасын” даярдоо аяктады
25 Май 2017 | Энергетика жана инфраструктура

ЕАЭБ өлкөлөрүндө аба каттамы жөнүндө көп тараптуу макулдашууну түзүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө чечим ар кандай интеграциялык бирикмелердин авиаташууларды жөнгө салуу боюнча тажрыйбасы изилденгенден кийин жана 2018-2020-жылдары авиаташуулардын жалпы рыногун түзүү боюнча “жол картасынын” иш-чаралары жүзөгө ашырылгандан кийин кабыл алынат. Бул туурасында Биримдиктин транспорттук ведомстволорунун өкүлдөрү 24-майда Евразия экономикалык комиссиясында өткөн кеңешмеде макулдашышты. ​

Транспорт каражаттарынын шассисинин электрондук паспортторунун системасын киргизүүнүн өткөөл мезгили 2018-жылдын 1-июлуна чейин бүткөрүлөт
23 Май 2017 | Техникалык жөнгө салуу | Соода | Энергетика жана инфраструктура

Транспорт каражаттарынын шассисинин электрондук паспортторунун системасына өтүүнүн мөөнөттөрү, бир катар товарларды Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн товардык номенклатурасына ылайык классификациялоо жана башка бир катар маселелер Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын отурумунда 23-майда талкууланды.​

Евразия экономикалык комиссиясы жана Эл аралык темир жолдор биримдиги өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту
05 Май 2017 | Энергетика жана инфраструктура

5-майда Парижде Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Адамкул Жунусов жана Эл аралык темир жолдор биримдигинин (ЭТЖБ) башкы директору Жан-Пьер Лубину ЕЭК жана ЭТЖБ ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.​

Керектөөчүлөрдүн укуктарын темир жол транспорту боюнча уюмдар бузгандыгы жөнүндө арыздарды Евразия экономикалык комиссиясы карап чыгуусунун эрежелери ЕЭК Кеңешинин чечими менен кабыл алынышы мүмкүн
03 Май 2017 | Энергетика жана инфраструктура

“Темир жол ташуучуларынын жана инфраструктуралык ишканалардын кызмат көрсөтүүлөрүнө адилеттүү жана экономикалык негизделген тарифтерди аныктоо маселеси Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) темир жол ташуулары чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногун түзүүдө өзгөчө мааниге ээ. Биз керектөөчүлөр үчүн өз укуктарын коргоо боюнча ылайыктуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жана бардык кызыкдар тараптар үчүн кызыкчылыктардын балансына жетишибиз керек”, - деп билдирди Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Транспорт жана инфраструктура департаментинин директору Ержан Нурахметов Темир жол транспорту боюнча уюмдардын темир жол транспортунун ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтердин деңгээлин өзгөртүү боюнча иш-аракеттери менен керектөөчүлөрдүн укуктары жана кызыкчылыктары бузулгандыгы туурасында арыздарды ЕЭК карап чыгуусунун эрежелери жөнүндө Макулдашуунун долбоорун карап чыгууга арналган кеңешмеде.​

ЕАЭБтин көмүрсуутектер жалпы рыногунун программасын түзүүгө чыгымдар Биримдиктин жана катышуучу-өлкөлөрдүн бюджеттеринин ортосунда бөлүштүрүлөт
28 Апрель 2017 | Энергетика жана инфраструктура

Евразия экономикалык комиссиясында (ЕЭК) өткөрүлгөн, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн каржы министрликтеринин өкүлдөрүнүн отурумунда ЕАЭБ газ, мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рынокторун түзүү программаларын каржылоо механизмдери жана булактары макулдашылды. Каражаттар Биримдиктин бюджетинен да, катышуучу-өлкөлөрдүн бюджетинен да алынат.​