Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭКтин Мунай жана газ боюнча консультативдик комитети ЕАЭБтин жалпы газ рыногун түзүү программасын жактырды
24 Апрель 2017 | Энергетика жана инфраструктура

“Программада Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин экономикалык кызыкчылыктары эске алынды, анын ичинде, алардын газ рынокторунун иштөөсүнүн жана өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрү, улуттук мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү. Ошол эле учурда жалпы газ рыногун түзүү интеграциялык кызматташтыктын маанилүү артыкчылыктарынын бири болуп эсептелет”, - деп белгиледи Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Адамкул Жунусов.​

Автотранспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногун өнүктүрүү - ЕЭКтин ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктарынын бири
24 Апрель 2017 | Энергетика жана инфраструктура

Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) автотранспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногун түзүүнүн негизги маселелери туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Транспорт жана инфраструктура департаментинин автомобилдик транспорт бөлүмүнүн башчысы Думан Дуйсенбай жүк ээлери, логисттер жана ташуучулар үчүн “ТрансРоссия” 22-эл аралык конференциясында айтып берди.​

Аба транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн жалпы рыногун түзүү маселеси Минскте талкууланды
20 Апрель 2017 | Энергетика жана инфраструктура

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) аба транспортун өнүктүрүү маселелери Транспорт жана инфраструктура боюнча консультативдик комитеттин жарандык авиация боюнча комитетчесинин жана ЕАЭБте Транспорт саясатынын негизги багыттарын жүзөгө ашыруу боюнча “жол картасынын” долбоорун даярдоо боюнча жумушчу топтун отурумдарында талкууланды. Иш-чаралар Минскте Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Транспорт жана инфраструктура департаментинин директору Ержан Нурахметовдун төрагалыгы алдында өттү. ​

ЕЭК ЕАЭБ өлкөлөрүндө темир жол транспортун өнүктүрүүнүн перспективаларын талкуулайт
14 Апрель 2017 | Энергетика жана инфраструктура

ЕАЭБ жөнүндө келишимдин темир жол транспорту чөйрөсүндө жоболорун жүзөгө ашыруунун жүрүшү жана башка бир катар маселелер 12- жана 13-апрелде Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Транспорт жана инфраструктура боюнча консультативдик комитетинин темир жол транспорту боюнча комитетчесинин тогузунчу отурумунда каралды. ​

ЕЭК ЕАЭБтин мунай жана мунай өнүмдөрү боюнча жалпы рынокту түзүү программасын иштеп чыгууну улантат
14 Апрель 2017 | Энергетика жана инфраструктура

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) ЕЭКтин Мунай жана газ боюнча консультативдик комитетине караштуу жумушчу топтун алкагында Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мунай жана мунай өнүмдөрү боюнча жалпы рынокту иштеп чыгуу программасын иштеп чыгууну улантты. ​

ЕЭК транспорт коопсуздугунун маселелери боюнча эл аралык күн тартипти түзүүгө катышат
07 Апрель 2017 | Энергетика жана инфраструктура

Транспорт комплекстеринин коопсуздук чөйрөсүн мыйзамдык жөнгө салуунун, мыйзамсыз кийлигишүү актыларынан коргоонун актуалдуу маселелерин, транспорт коопсуздугун камсыздоодогу көйгөйлөр жана аларды чечүү механизмдерин 6-7-апрелде Санкт-Петербургда өткөн, транспорт коопсуздугун камсыздоо маселелерине арналган Эл аралык форумдун катышуучулары талкуулашты.​

ЕЭК ЕАЭБтин Жалпы газ рыногун түзүү программасынын долбоору боюнча консультацияларды сунуштады
06 Апрель 2017 | Энергетика жана инфраструктура

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) “Евразия экономикалык биримдигинин жалпы газ рыногун түзүү программасынын” долбоору боюнча консультацияларды өткөрүүнү сунуштады. ЕАЭБ мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын жана мунай-газ компанияларынын өкүлдөрү документтин долбоорун Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Мунай жана газ боюнча консультативдик комитетине караштуу профильдик Жумушчу топтун тогузунчу отурумунда карап чыгышты.​

ЕАЭБда электрэнергиясын борборлоштурган сатуу Биримдиктин иштеп турган соода аянаттарын пайдалануу менен уюшулган.
30 Март 2017 | Энергетика жана инфраструктура

Евразия экономикалык биримдигинин жалпы электроэнергетикалык рыногун (ЖЭР) түзүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу интеграциялык биримдик өлкөлөрүнүн иштеп турган соода аянтчаларын пайдалануу менен жүзөгө ашат. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) профилдүү чакан комитетинин ЕЭКтин Энергетика департаментинин директору Леонид Шенцтин төрагалыгы астында өткөн 13 отурумунун катышуучулары макулдашышты. ​

ЕАЭБ бирдиктүү транспорт мейкиндигин түзүү жүргүнчүлөрдүн жана жүктөрдүн тоскоолдуксуз кыймылын камсыздайт
23 Март 2017 | Энергетика жана инфраструктура

Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) бирдиктүү транспорт мейкиндигин түзүү боюнча иш-аракеттердин стратегиясын “Түштүк Транс-2017” XIII Эл аралык транспорт мейкиндигинин катышуучуларына Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Транспорт жана инфраструктура департаментинин директорунун орун басары Сергей Негрей тааныштырды.

Мунай жана мунай өнүмдөрү менен соодалоо бирдиктүү биржалык мейкиндикте жүргүзүлөт
22 Март 2017 | Энергетика жана инфраструктура

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) иштеп чыгарылып жаткан Мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рынокторун түзүү программасынын алкагында мунай жана мунай өнүмдөрү менен биржалык соодалоону уюштуруу маселелери Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Мунай жана газ боюнча консультативдик комитетине караштуу жумушчу топтун отурумунда талкууланды. Ага ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын, мунай-газ компанияларынын жана илимий мекемелердин өкүлдөрү катышышты.