Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

2025-жылга чейин Биримдик өлкөлөрүнүн ортосунда авиаташуулар боюнча бардык чектөөлөр четтетилиши керек
21 Март 2017 | Энергетика жана инфраструктура

Координацияланган (макулдашылган) транспорт саясатын жүзөгө ашыруунун негизги багыттарын жана этаптарын ишке ашыруу боюнча “жол картасынын” иш-чараларынын планын даярдоо боюнча жумушчу топтун биринчи отуруму болуп өттү, жана ал аба транспортунун маселелери боюнча “жол картасын” даярдоого киришти. ​

ЕЭК ЕАЭБнын эл аралык автоунаа жүк ташууларындагы тоскоолдуктарды четтетүү үстүндө иш алып барууда
16 Март 2017 | Энергетика жана инфраструктура

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) аянтчасында автоунаа транспорту боюнча чакан комитеттин 15 - отуруму болуп өттү. ЕЭКтин Транспорт жана инфраструктура департаментинин директорунун орун басары Максим Асаулдун төрагалыгы астында өткөн отурумдун жүрүшүндө чакан комитеттин мүчөлөрү- евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын, эл аралык автоунаа ташуу ассоциацияларынын жана бизнестин өкүлдөрү ЕАЭБга мүчө мамлекеттерде эл аралык автоунаа ташуунун өнүгүшүнө таскоолдуктарды жараткан маселелерди талкуулашты.​

Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБдин тышкы чек арасында автоунаа контролдугун өркүндөтүү маселелерин талкуулаган
14 Март 2017 | Энергетика жана инфраструктура

14-мартта Москвада ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин транспорттук контролдоо органдарынын жетекчилери «Евразия экономикалык биримдиктин тышкы чек арасында транспорттук (автоунаалык) контролдоону жүзөгө ашырган тартиптин» ишке ашырылышын талкуулашкан. Документ ЕАЭБ мамлекеттеринин аймагы боюнча транзит аркылуу же чыккан транспорттук каражаттарды контролдоого карата бирдиктүү ыкмаларды аныктайт. Кеңешменин жүрүшүндө маалымат аркылуу өз ара иш алып баруу маселелери орун алган, мында контролдоо органдары алмашып жаткан маалыматтардын сапатын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулган.

Ушул жылдын акырына чейин ЕЭК табигый монополия чөйрөсүндө нормаларды шайкеш келтирүү боюнча «жол картасын» даярдайт
13 Март 2017 | Энергетика жана инфраструктура

Евразия экономикалык биримдикте табигый монополияларды жөнгө салуу жагында «жол карта» долбоорун 2017-жылдын акырына чейин өкмөт башчыларынын деңгээлинде кабыл алуу пландаштырылууда. ЕАЭБдин Транспорт жана инфраструктура департаменти ушул жылдын 1-июнуна чейин документти иштеп чыгууга тийиш. Бул тууралуу катышуучулар Табигый монополиялар боюнча консультативдик комиттетин онунчу отурумунда макулдашышкан.

Бизнес ЕАЭБнын жалпы транспорттук кызмат көрсөтүүлөрүнүн рыногун иштетүү үчүн “жол карттарын” иштеп чыгууга катышмакчы
09 Март 2017 | Энергетика жана инфраструктура

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Транспорт жана инфраструктура департаментинин директорунун орун басары Сергей Негрей жана “Бириккен транспорттук - логистикалык компания” (БТЛК) АКсынын вице-президенти, башкарманын мүчөсү Игорь Згурский иш боюнча жолугушуу өткөрүштү. Тараптар БТЛК өкүлдөрү Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин координацияланган саясаттарын ишке ашыруунун негизги багыттарын жана баскычтарын ишке ашыруу боюнча “жол карттарын” даярдоодо эксперт катары катышуусу тууралуу макулдашышты.​

Эксперттер ЕАЭБ өлкөлөрүндө Отун-энергетикалык комплекстин энергонатыйжалуулугун талкуулашты
06 Март 2017 | Энергетика жана инфраструктура

Отун-энергетикалык комплекстин ЕАЭБ өлкөлөрүндө энергокоопсуздук, энергоүнөмдөө, энергонатыйжалуулук жана экология жагында абалы Евразия экономикалык комиссиясынын Энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия мүчөсүнүн (министр) жетекчилиги менен уюшулган, илимий-тажрыйбалык конференцияда талкууланды. ​

ЕАЭБ жана ЖЖЭА айкалышуусунда реалдуу алдыга жылуулар бар: инфраструктуралык долбоорлордун тизмелери макулдашылды
01 Март 2017 | Энергетика жана инфраструктура

Евразия экономикалык комиссиясы Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрү жүзөгө ашыра турган жана Жибек жолунун Экономикалык алкагын (ЖЖЭА) түзүүнү колдогон артыкчылыктуу долбоорлордун тизмесин түздү. Алардын 39 жаңы жолдордун курулушуна жана эски жолдорду модернизациялоого, транспорттук-логистикалык борборлорду түзүүгө, негизги транспорттук түйүндөрдү өнүктүрүү байланыштуу. Бул туурасында Женевада БУУ Европа экономикалык комиссиясынын Ички транспорт боюнча комитетинин (БУУ ЕЭК ИТК) 70 жылдыгына арналган мааракелик иш чаралардын алкагында ЕЭКтин Транспорт жана инфраструктура департаментинин директору Ержан Нурахметов билдирди.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ички суу жолдоруна жеткилик жеңилдетилиши керек
28 Февраль 2017 | Энергетика жана инфраструктура

Кеме жүргүзүү жөнүндө макулдашуу Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн ички суу жолдоруна жеткиликти жеңилдетүүгө мүмкүндүк берет. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Транспорт жана инфраструктура департаментинин директорунун орун басары Максим Асаул Женевада өткөн БУУ Европа экономикалык комиссиясынын Ички суу транспорту боюнча жогорку деңгээлдеги конференциясында билдирди.

ЕЭК ЕАЭБтин жалпы газ рыногун түзүү программасынын долбоорун даярдады
26 Январь 2017 | Энергетика жана инфраструктура

Евразия экономикалык биримдигинин жалпы газ рыногунун программасын түзүүгө ык-амалдарды Венада (Австрия Республикасы) өткөн онунчу Европалык газ конференциясында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Адамкул Жунусов презентациялады.​

ЕЭК жана «Сибирь аркылуу ташуулар боюнча координациялык кеңеш» эл аралык асооциациясы Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту.
18 Январь 2017 | Энергетика жана инфраструктура

18-январда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия мүчөсү (Министр) Адамкул Жунусов жана «Сибирь аркылуу ташуулар боюнча координациялык кеңеш» (СТКК) эл аралык асооциациясынын башкы катчысы Геннадий Бессонов Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту