Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЖЕЭК: Бирликтин чек ара аралык рыноктору "жумшак" жөнгө салынмакчы
19 Май | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

Жогорку Евразия экономикалык кеңеши чек ара аралык рыноктордогу атаандаштыктын абалы жана алардагы жалпы атаандаштык эрежелерин бузууларды токтотуу боюнча Евразия экономикалык бирлигинде кабыл алынып жаткан чаралар жөнүндө 2019-жыл үчүн ар жылдык отчётту жактырды.

ЕЭК чек ара аралык рыноктордогу атаандаштык эрежелеринин сакталышын контролдоодо
24 Март | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясы өзүнүн атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу жаатындагы ишмердигинин приоритеттүү багыттарын белгиледи. ЕЭК Коллегиясы 24-мартта Москвада болуп өткөн отурумда тийиштүү ар жылдык отчёттун долбоорун жактырды. Аны Жогорку Евразия экономикалык кеңеши карап чыккандан кийин ал Евразия экономикалык бирлигинин расмий сайтында жарыяланмакчы.

Беларуста кантка болгон бааларды мамлекеттик жөнгө салуунун мөөнөтү узартылды
18 Март | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

ЕЭК Коллегиясы Беларуста ак кристалл кантына бааларды мамлекеттик жөнгө салуунун мөөнөтүн 2020-жылдын 31-мартынан 31-декабрына чейин узартылышын макулдашты.

ЕЭК мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүдө улуттук режимден кайталанган алып коюуларды аныктоо боюнча сунуштарды даярдамакчы
03 Март | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

ЕЭК Коллегиясы 3-мартта мамлекеттик (муниципалдык) сатып алууларды өткөрүүдө улуттук режимден кайталанган алып коюуну аныктоо механизмин карап чыкты.

ЭКӨУ Евразия экономикалык бирлигинин атаандаштык укугуна сереп даядамакчы
31 Январь | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңеши 30-январда Алматада (Казакстан) Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму (ЭКӨУ) тарабынан Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) атаандаштык укугуна серептин жүргүзүлүшүн жактырды.

ЕЭК Коллегиясы Беларуста гречкага карата бааларды мамлекеттик жөнгө салуунун мөөнөтүн 90 күнгө узартты
29 Январь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Техникалык жөнгө салуу | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

28-январда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы бажы кызматташтыгы, атаандаштык саясат, техникалык жөнгө салуу, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн экономикаларын санариптештирүү, ЕАЭБдин ички рыногунун иши чөйрөлөрүндөгү жана бир катар башка чөйрөлөрдөгү маселелерди карап чыкты.

ЖЕЭК жыйынтыктары: Эмгекчилерди пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашууга кол коюлду, ЕАЭБдин жалпы электроэнергия рыногу иштеп баштаганга чейин аткаруу зарыл болгон иш-чаралардын планы бекитилди
20 Декабрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Экономика жана каржы саясаты | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу | Энергетика жана инфраструктура

20-декабрда Санкт-Петербургда (Россия Федерациясы) Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) отуруму болуп өттү. Отурумда Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти, ЖЕЭКтин Ардактуу төрагасы Нурсултан Назарбаев, ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян, ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекеттин башчысы катары – Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додон катышышты. ЖЕЭК мүчөлөрү евразиялык интеграцияны, жалпы эмгек рыногун, кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногун өнүктүрүү, ЕАЭБдин ички рыногунун иши, атаандаштык, энергетика маселелерин карап чыгышты. ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашууга кол коюлду, ЕАЭБдин жалпы электроэнергия рыногу иштеп баштаганга чейин аткаруу зарыл болгон иш-чаралардын планы бекитилди, евразиялык интеграция маселелери боюнча бир катар башка маанилүү чечимдер кабыл алынды.

ЕЭК Кеңеши кемелер үчүн күйүүчү майда күкүрттүн массалык үлүшүнүн 1,5% өлчөмдө камтылышы боюнча ченемдин аракетин узартты, ванадий оксидине жана гидроксидине карата алып келүү бажы алымынын коюмун нөлгө түшүрдү
20 Декабрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Техникалык жөнгө салуу | Соода | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

19-декабрда Санкт-Петербургда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын орун басарларынын жана ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын катышуусунда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин отуруму болуп өттү. ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүү, ички рыноктун иши, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларын санариптештирүү, бажылык-тарифтик жөнгө салуу, кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногу, атаандаштык, бажы саясаты, энергетика, бажылык жана техникалык жөнгө салуу, эл аралык кызматташтык чөйрөлөрүндөгү жана бир катар башка чөйрөлөрдөгү маселелерди карап чыгышты.

Беттер: 12345678