Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

Россия жүктөр ЭЖТ китепчелери боюнча өткөрүлүшү мүмкүн болгон өткөрүү пункттарынын тизмегин кеңейтти
26 Март 2018 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

14-апрелден тарта Россияга товарларды эл аралык жол ташуулардын (ЭЖТ) китепчелерин колдонуу менен кошумча үч ар тараптуу автомобилдик өткөрүү пункту аркылуу алып кирүүгө болот: Брусничное, Нехотеевка, Троебортное. http://publication.pravo.gov.ru/Document/View/0001201803140008">Мындай буйрукту Россия ФедерациясынынКаржы министрлиги кабыл алды​. Муну менен Россия 2018–2019-жылдарда Евразиялык экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) ички рыногундагы тоскоолдуктарды алып салуу боюнча «жол картасын» ишке ашырууну биринчи болуп баштады.​

Санариптик демилгелер үчүн өтүнмөнүн формасы пайда болду
19 Февраль 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Коллегиясы демилгечилер (бизнес же мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү) тарабынан көрсөтүлүшү жана Евразиялык экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) санариптик күн тартибинин алкагында жүзөгө ашыруу мүмкүн болгон демилгелер же долбоорлор жөнүндө маалыматты берүүнүн форматын бекитти.​

Маалыматтардын бирдиктүү моделдерин пайдалануу ЕАЭБ экономикаларынын санариптик трансформациясынын жүрүшүндө колдонуучулардын чыгымдарын кыскартат
16 Февраль 2018 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Санариптик чөйрөнү өнүктүрүү, маалымат инжиниринги жана маалыматтардын моделдерин иштеп чыгуу тармагындагы алдыңкы эксперттердин талкуусу – рыноктордун санариптик трансформациясы жана маалыматтар индустриясынын калыптанышы жаатындагы ЕАЭБтин санариптик күн тартибин ишке ашыруудагы биринчи кадамдардын бири болду. ЕЭК Ички рыноктор, маалыматташтыруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Коллегиясынын мүчөсү (министр) Карине Минасян «санариптик түгөйлөштөр, моделдер жана эталондук структуралар барган сайын чоң ролду ойноодо» деп белгиледи. Чечимдерди кабыл алуу жана конкуренттик таймаштагы ийгилик маалымат алмашуунун тездигинен, өздүк санариптик активдердин бар болушунан жана аларды ишке ашыруунун натыйжалуу стратегиясынан көзкаранды. Ошондуктан Биримдиктин мамлекеттеринин экономикаларынын санариптик трансформация процессинин ийгилиги өнүгүүнүн локомотиви боло ала турган базалык долбоорлордун иштеп баштоосуна негизделиши керек. Министр биринчи баскычта эң маанилүү маселе болуп санариптик мейкиндиктин жалпы онтологиясынын калыптанышы жана Евразиялык экономикалык биримдиктин маалыматтарынын моделин иштеп чыгуу эсептелерине ишенет.

ЕАЭБ санариптик трансформациясы – бул конкреттүү долбоорлордун ийгилиги
06 Февраль 2018 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

АӨК санариптик платформаларды өнүктүрүү, ЕАЭБде электрондук эмгек биржасын жана мамлекеттик муниципалдык сатып алуулар үчүн өз ара байланышкан электрондук соода аянтчаларынын системасын түзүү, транспорттук-логистикалык тармакта кагазсыз технологияларды жайылтуу – евразиялык “бешилтик” өлкөлөрүнүн бизнесинин жана мамлекеттик органдарынын ушул жана башка демилгелери Алматыда (Казакстан Республикасында) “Ааламдашуу дооруна санариптик күн тартип” форумунун алкагында “ЕАЭБдин санариптик күн тартиби: демилгелер жана долбоорлор” сессиясында талкууланды.​

ЕЭК министри Карине Минасян: “Өнөктөштүктү кеңейтүү, компетенцияларды топтоо жана бириктирүү- ЕККУ жана ЕАЭБ мамлекеттеринин өз ара пайдалуу кызматташтыгынын ачкычы”
25 Январь 2018 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Өнөр жай кооперациясы, транспорттук коридорлор, өндүрүмдөрдүн, жүктөрдүн, товарлардын санариптик көзөмөлдөнүлүшү сыяктуу чөйрөлөрдө, ошондой эле санариптик инфраструктуралардын байланышын жогорулатуу жана ишеним мейкиндигинин өнүктүрүү чөйрөсүндө биргелешкен санариптик долбоорлор, жогорку технологиялар тармагында Европадагы кызматташтык жана коопсуздук боюнча уюмунун (ЕККУ) жана Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өз ара аракеттенүүсү үчүн база болуп калат.​

ЕЭК бажылык башкаруу чөйрөсүндө өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип жана интеграцияланган маалыматтык системаны өнүктүрүүдө
24 Январь 2018 | Техникалык жөнгө салуу | Соода | Бажы кызматташтыгы | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

ЕЭК Коллегиясы 23-январда бажылык башкаруу, техникалык жөнгө салуу, соода саясаты жана ЕАЭБтин интеграцияланган маалыматтык системасын өнүктүрүү тармагында бир катар чечимдерди кабыл алды. Атап айтканда, Кытайда өндүрүлгөн полимердик каптоосу менен металлопрокатка демпингге каршы алымдын колдонулушу узартылды. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестри түзүлөт, ошондой эле эмгекчилерге же алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө пенсияларды дайындоо жана төлөө үчүн керек болгон маалымат алмашуу жолго коюлат. Бирдиктүү санитардык талаптардын ичинен тартылуучу тамеки буюмдарга карата талаптар алынып салынган, ошондой эле тартылбаган тамеки буюмдарын өндүрүүдө пайдаланууга жол берилбеген жыпар жыттуу жана даам бергич заттардын тизмеги толукталды.​

ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикасы 2017-жылда жакшы өнүгүп жатат: көрсөткүчтөрдүн көпчүлүгү боюнча өсүү белгиленди
15 Декабрь 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | Энергетика жана инфраструктура | Экономика жана каржы саясаты

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин ИДӨ өсүшү, улуттук деңгээлде санариптештирүүнүн маанилүүлүгү жана 2018-жылга пландар жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы, ЕЭК министрлери журналисттерге жана Евразия экономикалык комиссиясынын ачык эшик күндөрүнүн алкагында журналисттер менен жолугушууларда айтышты. ​

Санариптик технологиялар тышкы соода процедураларын бир кыйла жөнөкөйлөткөнгө жардам берет
14 Декабрь 2017 | Бажы кызматташтыгы | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

«Жаңы технологиялык түзүлүштүн жалындагы бирдиктүү терезе» трансчегаралык кагазсыз соода боюнча эл аралык конференциясында, Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) бажы кызматташтыгы боюнча Коллегиясынын мүчөсү (министр) Мукай Кадыркулов Улуттук механизмдерде соңку жаңы маалымат технологиялардын, анын ичинде Big data, берилмелердин булуттук чечимдерин жана өтмө иштетүүлөрүнүн «бирдиктүү терезесин» колдонуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө билдирди. ​

«ТАЗА КООМ» ЕАЭБдин санариптик күн тартиби менен айкалышкан
12 Декабрь 2017 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Кыргыз Республикасынын «Таза Коом» санариптик трансформациялоо программасынын алкагындагы иш-чараларды жана 2025-жылга чейин Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) санариптик күн тартибинин иш-чараларын синхрондоштуруу зарылдыгын Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Карине Минасян 11-декабрда Бишкекте «Таза Коом санариптик коом: Кыргыз Республикасында электрондук өкмөт, электрондук саламаттыкты сактоо жана электрондук билим берүүнүн келечеги» Эл аралык конференциясында баса көрсөттү.​

ЕАЭБтин биринчи санариптик демилгелери ишке киргизилмекчи
11 Декабрь 2017 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

“Жакынкы убакытта Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) санариптик көзөмөлдөөгө байланыштуу, санариптик күн тартипти жүзөгө ашыруунун алкагындагы биринчи долбоор ишке киргизилет. Ал баарыдан мурда соода чөйрөсүндө жана албетте, маморгандар үчүн өз ара санариптик алмашууга жана өз ара иштешүүгө шарттарды түзөт”, - бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Коллегия мүчөсү Карине Минасян IV Евразия экономикалык конгрессинде билдирди.​