Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭК Министри Карине Минасян: «ЕБ менен ЕАЭБ ортосунда диалог орнотуу алардын экономикалык өнүгүүсүнө импульс берет»
03 Ноябрь 2015 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

2-ноябрда Берлинде Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегия Мүчөсү (Министр) Карине Минасян «Чыгыш Европада экономика күнү» бизнес-форумунун пленардык отурумунда жана «Евразия экономикалык биримдиги» аттуу сессияда сөз сүйлөп жатып, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) маңызы жана перспективалары тууралуу айтып берди жана ЕАЭБ менен ЕБ ортосунда диалог орнотуу зарылчылыгын белгилеп өттү.​

ЕЭК Министри Карине Минасян: "Жагымсыз тышкы факторлорго карабастан, Армения кээ бир позициялар боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспортту бир нече эсе жогорулата алды"
26 Октябрь 2015 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

23-октябрда Ереванда ММТИИ (МГИМО) бүтүрүүчүлөрүнүн III эл аралык форумунда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Мүчөсү (Министр) Карине Минасян мүчө өлкөлөрдүн экономикаларынын өнүгүүсүндө Евразия экономикалык биримдигинин ролу жөнүндө айтып берди.​

2016-жылдын 2-январынан баштап, Армения ЕАЭБтин техникалык регламенттеринин бирдиктүү талаптарына өтөт
05 Октябрь 2015 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

2-октябрда Ереванда «Армения Республикасы үчүн Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) коопсуздуктун жана продукцияны маркировкалоонун жаңы талаптары» аттуу семинардын алкагында Евразия экономикалык комиссиянын Коллегиясынын Мүчөсү (Министр) Карине Минасян жана ЕЭК Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин өкүлдөрү, Армения Республикасынын бизнес-коомчулугуна 2016-жылдын 2-январында күчүнө кире турган техникалык жөнгө салуу тармагындагы өзгөрүүлөрдү көрсөтүштү.​

ЕЭК ЕАЭБтин интеграцияланган маалымат системасын колдонуу менен мамлекеттер аралык жана ведомстволор аралык маалыматтык өз ара иштешүүлөрдү уюштуруу боюнча практикалык семинар өткөрдү
02 Октябрь 2015 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

1-октябрда Евразия экономикалык комиссиясы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү үчүн Евразия экономикалык биримдигинин интеграцияланган маалымат системасын колдонуу менен мамлекеттер аралык жана ведомстволор аралык маалыматтык өз ара иштешүүлөрдү уюштуруу боюнча практикалык семинар өткөрдү​

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаш эксперттери жана журналисттери үчүн “жайкы мектеп” өз ишин баштады
14 Июль 2015 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

13-июлда Москва шаарында Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Виктор Христенко, Россиянын Эл аралык иштер боюнча кеңешинин (РЭИК) башкы директору Андрей Кортунов жана ЕЭК Коллегиясынын мүчөсү (Министр) Карине Минасян Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн жаш эксперттерине арналган “Жайкы мектептин” ишин ачып беришти. Жайкы мектеп евразия экономикалык интеграциясынын приоритеттерине, перспективаларына жана куралдарына арналып, бир жумага созулмакчы. ​

ЕЭК Министри Карине Минасян: “Эгемен теңдик принциби - Евразия экономикалык бирлигинин өзгөчө артыкчылыгы”
03 Июль 2015 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

2-июлда РФ Мамлекеттик Думасында Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) Жаш лидерлеринин биринчи форумунун алкагында ЕЭК Коллегиясынын Мүчөсү (Министр) Карине Минасян евразиялык интеграциянын пландары жана жетишкендиктери жөнүндө баяндады.

ЕЭК Министри Карине Минасян: «ЕАЭБ жана ШКУ өлкөлөрүндө санарип мейкиндигин өнүктүрүү кызматташтык үчүн эң эле жаңы багыттарды ачат»
18 Июнь 2015 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

18-июнда Санкт-Петербургда өткөн, Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында ишке ашырылган «ШКУ жана Евразия экономикалык бирлиги: жаңы реалийлер, жаңы мүмкүнчүлүктөр. Долбоордук кызматташуу жана финансылык механизмдер» Ишкер форумунда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Мүчөсү (Министр) Карине Минасян Шанхай кызматташтык уюмунун жана Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өз ара иш жүргүзүү жолдору тууралуу айтып берди.

ЕЭК Министри Карине Минасян: «ЕАЭБда тобокелдүү каржылоонун бирдиктүү рыногу финансы рынокторун интеграциялоо жолундагы алгачкы иштиктүү кадам болуп калышы мүмкүн.
21 Май 2015 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

21-майда Астанада VIII Астана экономикалык форумунун алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын мүчөсү (Министр) Карине Минасян чакан жана орто бизнес ишканаларына инвестицияларды камсыз кылуу үчүн Евразия экономикалык бирлигинде (ЕАЭБ) тобокелдүү каржылоонун бирдиктүү рыногун түзүү зарылчылыгы тууралуу айтып өттү. Форумга дүйнөнүн 80ден ашык өлкөсүнүн саясий, экономикалык жана бизнес-коомчулугунун 3000ге жакын өкүлдөрү катышышты.

Өнүмдөрдү ЕАЭБнын техникалык регламенттеринин талаптарына ылайык даярдоо үчүн Армениянын бизнесине кошумча 2 жыл берилет
15 Май 2015 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) техникалык регламенттери Армения Республикасынын аймагында күчүнө кирген учурдан тартып, эки жылдын аралыгында армения бизнеси улуттук мыйзамдардын негизинде иштей алат. Комиссиянын Коллегиясынын “ЕАЭБ жөнүндө келишимге кошулуусуна байланыштуу, Армения Республикасында Бирликтин техникалык регламенттерин ишке киргизүүнүн тартиби жөнүндө” бул чечими 2014-жылдын 16-майында күчүнө кирген.