Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭКтин евразиялык интеграция жөнүндө онлайн-курсу башталды
07 Июль | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу | Соода | Экономика жана каржы саясаты | Энергетика жана инфраструктура | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Бүгүн Евразия экономикалык комиссиясы https://is.gd/tVOrGf">"Универсариум" ачык электрондук билим берүү тутумунда "ЕАЭБ: бул эмне жана кантип иштейт" деп аталган онлайн-курсту баштады. Курс 24/7 жеткиликтүү болмокчу. Окутуунун жыйынтыктары боюнча тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөндөргө акысыз сертификаттар берилет.

ЕАЭБде Беларуста өндүрүлгөн уй этин Россиянын аймагы аркылуу өткөрүү калыбына келтирилди
07 Июль | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Россельхознадзор 6-июлдан тарта айрым белорус ишканалары тарабынан өндүрүлгөн уй этин Россия Федерациясынын аймагы аркылуу ЕАЭБ мамлекеттерине алып өтүүдөгү чектөөлөрдү жойду.

ЕЭК Россияны ЕАЭБдин ички рынокторунун иштөөсүнүн алкагындагы милдеттенмелерин аткарууга чакырды
01 Июль | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

30-июнда ЕЭК Коллегиясынын отурумунун жыйынтыктары боюнча Россияны Евразия экономикалык бирлигинин укугун аткаруу зарылчылыгы тууралуу маалымдоо жөнүндө чечим кабыл алынды. Коллегия Россельхознадзордун айрым белорус ишканалары тарабынан өндүрүлгөн уй этин Россияга жеткирүүнү жана анын аймагы аркылуу Бирликтин мүчө мамлекеттерине алып өтүүнү чектөө боюнча аракеттерин ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдук катары квалификациялайт.

ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБди өнүктүрүү жана колдоо институтун түзүү маселеси боюнча жумушчу топту түздү
30 Июнь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 30-июнда болуп өткөн отурумунда Евразия экономикалык бирлигин өнүктүрүү жана колдоо институтун түзүү боюнча сунуштарды даярдоо үчүн жумушчу топту түзүү жөнүндө тескеме кабыл алынды. Жумушчу топту ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика министри Сергей Глазьев жетектейт.

ЕЭКтин маалыматтык технологиялар департаментинин директору болуп Павел Ткач дайындалды
01 Июнь | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Павел Николаевич Ткач 1978-жылдын 15-ноябрында төрөлгөн. Белорус мамлекеттик информатика жана радиоэлектроника университетин "Телекоммуникациялык тутумдар" адистиги боюнча бүтүргөн.

ЕЭК Кеңеши Бирликтин ички рыногундагы эң сезимтал тоскоолдуктарды жоюунун натыйжаларын карап чыкты
28 Май | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

ЕЭК Кеңеши Бирликтин ички рыногундагы эң сезимтал тоскоолдуктарды жоюунун натыйжаларын карап чыкты 27-майда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин ички рыногундагы эң сезимтал тоскоолдуктар каралды жана аларды жоюу боюнча тапшырмалар берилди.

ЕАЭБде тамак-аш азыктарын жана азык-түлүк эмес товарларды ташуу эрежелери жеңилдетилди
18 Май | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык бирлигинде тамак-аш азыктарын жана азык-түлүк эмес товарларды ташуудагы талаптар жеңилдетилди. Россия Федерациясы Евразия "бешилтигинин" ички рыногунда мындай продукцияны өз-өзүнчө ташуу жөнүндө талаптарды жойду. Бул тууралуу ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри Гегам Варданян билдирди.

ЕАЭБде бир катар товарларды бажылык декларациялоо жоюлду
13 Май | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Россия товарлардын айрым топторуна карата милдеттүү бажылык декларациялоону жойду, алардын катарында – көмүр, чым көң, спирттер, витаминдер жана башкалар, Россиядан Беларуска алынып чыгуучу чийки мунай жана мунай өнүмдөрүнөн сырткары.

Евразия спутниктери учурууга даярданышууда
28 Апрель | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

ЕЭК Коллегиясы 28-апрелдеги отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн Жерди алыстан байкоо (ЖАБ) маалыматтарынын негизинде космостук жана геомаалыматтык кызматтарды көрсөтүү жаатындагы глобалдык кооперациялык долбоорун жактырды.