Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕАӨК жыйынтыктары: ЕАЭБ санариптик күн тартибинин алкагында долбоорлорду жүзөгө ашыруунун механизмдери бекитилди, Кеме жүргүзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду
01 Февраль 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Энергетика жана инфраструктура | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Санариптик күн тартипти жүзөгө ашыруу, экономика, энергетика, эл аралык кызматташтык, Евразия экономикалык бирлигиндеги (ЕАЭБ) макроэкономика жана интеграция маселелери 1-февралда Алматыда (Казакстан Республикасы) өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумундагы талкуулардын негизги темалары болду.

ЕАЭБ Соту легион-спортчулардын эмгек мамилелери жөнүндө дискуссияга чекит койду
11 Декабрь 2018 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кайрылуусу боюнча Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) Соту ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 97-беренесинин 2-пунктунун жоболорун Бирликтин мүчө мамлекеттеринин спорттук клубдарында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзгөн спортчуларга карата колдонуу туурасында бүтүмүн чыгарды.

ЖЕЭК жыйынтыктары: газ, мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рынокторун түзүү боюнча программалар жактырылып, ЕАЭБ алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө декларацияга кол коюлду
07 Декабрь 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

6-декабрда Санкт-Петербургда (Россия) өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) отурумунун жүрүшүндө интеграция, өнөр жай кызматташтыгы, энергетика чөйрөлөрүндө бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынды.

Иш-чарага Армения Республикасынын Премьер министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин жана Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян катышышты. Отурумга ошондой эле Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додон катышты.

ЕЭК Кеңеши ЖЕЭКтин отурумунун күн тартибинин маселелерин карап чыкты
02 Ноябрь 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Энергетика жана инфраструктура | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин Астанада (Казакстан Республикасы) болуп өткөн отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн интеграция, соода, өнөр жай, транспорт, экономикаларды санариптештирүү чөйрөлөрүндө чечимдер кабыл алынды.

ЕЭК асыл металлдар жана таштар боюнча макулдашуунун долбоорун жактырды
03 Октябрь 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын 2-октябрдагы отурумунда Евразия экономикалык бирлик (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн соода жана экономикаларды санариптештирүү чөйрөлөрүндөгү маселелер каралды.

Карине Минасян: «ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктардын четтетилиши өз ара сооданын көлөмүн 2017-жылы 27%га көбөйтүүгө мүмкүндүк берди»
20 Сентябрь 2018 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин ортосундагы өз ара соодадагы кыйла көрүнүктүү тоскоолдуктарды жоюу, ошондой эле Кыргызстандын бизнеси менен кызматташтыкты өнүктүрүүнү 20-сентябрда Бишкекте Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча мүчөсү (министр) Карине Минасян, Кыргыз Республикасынын экономика министри Олег Панкратов жана Кыргызстандын бизнес-коомдоштуктарынын өкүлдөрү талкуулашты.

ЕЭК Бирлик өлкөлөрүнө май чыга турган өсүмдүктөрдү өндүрүүнү өнүктүрүү боюнча чараларды сунуштады
18 Сентябрь 2018 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын 18-сентябрдагы отурумунда ички рыноктун жана агроөнөр жай комплексинин иштөө жаатындагы маселе каралды. Атап айтканда, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнө май чыга турган өсүмдүктөрдү жана суюк май-тоң май азыктарын өндүрүү жаатында өз ара аракеттенүү боюнча сунуштамалар берилип, дагы бир соода кедергисин четтетүү боюнча чечим кабыл алынды.

ЕЭК Кеңеши газдын коопсуздугу жөнүндө Бирликтин техрегламентин кабыл алды жана тамак-аш азыктарын маркалоого карата талаптарды тактады
17 Сентябрь 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин 14-сентябрындагы отурумунда соода, экономиканы санариптештирүү, өнөр жай, каржы саясаты жана техникалык жөнгө салуу жааттарында чечимдер кабыл ылынды.

ЕАЭБдин алкагында санариптик өнөр жай кооперациясы боюнча долбоор бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат
30 Август 2018 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Бирликтин алкагында санариптик өнөр жай кооперациясынын тармагын түзүү боюнча демилгенин алдын ала экспертизасы Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча мүчөсү (министр) Карине Минасяндын төрагалыгы астында, ЕЭКтин эксперттеринин, бизнестин жана Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттик бийлик органдарынын катышуусу менен санариптик өнөр жай кооперациясы боюнча эксперттик аянтчанын отурумунун жүрүшүндө өттү. Октябрда долбоордук документация мүчө мамлекеттердин талкуусуна коюлат, андан соң аны Комиссиянын Кеңеши карайт деп пландаштырылууда. Демилге 2019-жылы ишке ашырылышы мүмкүн.

ЕЭК курама командасы XX жайкы Дипломатиялык оюндарда жети медалдын ээси болуп калды
28 Август 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу | Соода | Экономика жана каржы саясаты | Энергетика жана инфраструктура | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

25-августта Тверь областындагы «Завидово» комплексинде өткөн XX жайкы Дипломатиялык оюндарда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) курама командасы эки алтын, бир күмүш жана үч коло медалды утуп алды. ЕЭКтин спортсмендери эркектер арасында чоң теннис жана аялдар арасында 200 метрге кросс боюнча мелдештерде мыкты болуп калды. Табактарды атууда, баскетбол жана бильярд боюнча турнирлерде байгелүү орундарды ээледи.