Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭКте БАКтардын эркин жүгүртүлүүсүнүн маселелери каралды
15 Июнь 2018 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Россия Федерациясында ишке ашырылып жаткан тамак-ашка биологиялык активдүү кошундулардын (БАКтар) этикеткаларынын мазмунуна карата Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) техникалык регламенттери менен каралгандардан ашыкча талаптар коюлбоого тийиш. Бизнестин жана Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) бул пикири менен 15-июнда ЕЭКтин Ички рыноктордун иштөөсү департаменти уюштурган кеңешмеге катышкан Роспотребнадзор өкүлдөрү макул болду.

ЕЭК кешью жаңгагына жана өнөр жайлык майлуу спирттерге алып келүү бажы алымдарын нөлгө түшүрдү
13 Июнь 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | Бажы кызматташтыгы

Соода, ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, ошондой эле бажылык жөнгө салуу маселелери 13-июнда Евразия экономикалык комиссиянын (ЕЭК) отурумунда каралды. Бир катар товарларга алып келүү бажы алымынын коюмдары нөлгө түшүрүлдү, продукциянын айрым түрлөрү квалификацияланды, евразиялык интеграцияны тереңдетүү боюнча башка чечимдер кабыл алынды.

Иннополистеги ӨРСИ-2018де евразиялык санариптик кросс-тармактык кооперациянын моделдерин сунушташты
09 Июнь 2018 | Соода | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

«Бизге ЕАЭБде биргелешкен долбоорлор аркылуу кошумча наркты түзүү боюнча биргелешкен тизмектерди, кросс-тармактык санариптик экотутумдарды жана бизнести жана мамлекеттик органдарды санариптөө процесстерин үндөштүрүү үчүн санариптик кооперациянын жаңы моделдери керек. Биздин конференциянын алкагындагы милдетибиз – ушундай моделди иштеп чыгуу жана сунуштоо, – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) ички рыноктор, маалыматташтыруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри Карине Минасян ЕЭК уюштурган “Биргелешкен санариптик долбоорлор аркылуу ЕАЭБдин санариптик күн тартибин жүзөгө ашыруу» панелдик сессиясында сүйлөп жатып баса белгиледи. Иш чара Иннополистеги (Россия) «Өнөр жайлуу Россиянын санариптик индустриясы» конференциясынын алкагында өттү. Панелдик сессияга Комиссиянын министрлери: Карине Минасян, Вероника Никишина жана Сергей Сидорский катышышты.​

Беларусь Республикасында “Евразиялык санариптик платформалар” сынагынын жарым финалынын жеңүүчүлөрү аныкталды
18 Май 2018 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Инновациялык долбоорлордун р жылдык «Евразиялык санариптик платформалар» эл аралык конкурсунун беларустук жарым финалынын жеңүүчүлөрү болуп төрт иштелме таанылды. Бул өпкө ооруларынын эрте диагностикасынын “Жеңил дем алуу” санариптик тутуму, экспорттук-импорттук эсептешүүлөрдү жөнөкөйлөтүү жана каржылоону тартуу үчүн «Евразиялык факторингдик платформа» чечими, товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү, процесстерди сертификаттоонун «СертЧейн» тутуму жана балдарда окутуу процессине туруктуу адатты калыптандырууга арналган «ПР Билим» долбоору.​

ЕАЭБде санариптик транспорттук коридорлордун экосистемасын түзүшөт
17 Май 2018 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) санариптик күн тартибинин приоритеттеринин бири катарында бөлүнүп көрсөтүлгөн санариптик транспорттук коридорлор Минскидеги «ТИБО-2018» маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча эл аралык XXV форумдун олуттуу темасы болуп калды. Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча мүчөсү (министр) Карине Минасяндын сөзү боюнча, санариптик транспорттук системалар боюнча долбоорлордун тармактар аралык мүнөзү экономиканын эң ар түрдүү тармактарынын мүчөлөрүнүн аракеттерин бириктирүүнү талап кылат.

ЖЕЭКтин жыйынтыктары: Молдовага ЕАЭБге караштуу байкоочу мамлекет статусу берилди, Бирликтин өлкөлөрү туруктуу экономикалык өнүгүү, үчүнчү өлкөлөр менен өз ара аракеттенүү үчүн негизди бекемдешүүдө, санариптик күн тартибин жүзөгө ашырууда, кызматтардын би
14 Май 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | Экономика жана каржы саясаты | Соода | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу | Техникалык жөнгө салуу | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) 14-майда Сочиде (Россия) өткөн отурумунун жүрүшүндө интеграция, макроэкономика, соода, санариптештирүү, кызматтарды көрсөтүү рыногу, транспорт, агроөнөр жай комплекси, техникалык жөнгө салуу чөйрөлөрүндө бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынды.​

ЕЭК ЕАЭБте жөнгө салуучу “кумкоргондор” жөнүндө макулдашууну иштеп чыгууга киришти
26 Апрель 2018 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

“Евразиялык экономикалык биримдиктин жөнгө салуучу “кумкоргондор” тутумун түзүү – Биримдиктин мамлекеттеринин башчылары бекиткен демилгелерди иштеп чыгуунун артыкчылыктарынын бири. Долбоордун демилгечилери, Евразиялык экономикалык биримдиктнин жөнгө салуучулары үчүн инновациялык чечимдерди, жаңы бизнес-моделдерди тестирлөөнүн, алардын күчтүү жана начар жактарын аныктоонун, мүмкүн болгон тобокелдиктерди жакшыраак түшүнүүнүн, аларды укуктук жактан бекитүүнүн алдында жөнгө салууга карата ык-амалдарды сынап көрүүнүн реалдуу мүмкүнчүлүгү”, – деп билдирди Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Коллегиясынын ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча мүчөсү (министр) Карине Минасян Евразиялык экономикалык биримдикте (ЕАЭБ) жөнгө салуучу “кумкоргондор” тутумун түзүүнү талкуулоого арналган эксперттердин биринчи отурумунда.​

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биргелешкен санариптик долбоорлору ӨРСИ алкагында талкууланат
05 Апрель 2018 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

6-8-июнда Иннополисте (Татарстан Республикасы) «Өнөр жайлык Россиянын санариптик индустриясы» (ӨРСИ) конференциясынын катышуучулары Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) санариптик күн тартибин талкуулашат, ошондой эле «Евразиялык санариптик платформалар» сынагынын россиялык жеңүүчүлөрүн аныкташат. Евразия экономикалык комиссиясы аталган иш чаранын расмий өнөктөшү болмокчу.​

ЕАЭБте товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтүн ички рыноктогу эркин кыймылын аныктоо үчүн көрсөткүчтөр жаратылат
04 Апрель 2018 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

ЕАЭБтин ички рыногунун иштөөсүнүн алкагында тоскоолдуктарды, алып коюуларды жана чектөөлөрдү жоюу маселелери боюнча эксперттик топтун 2-апрелде болуп өткөн отурумунда Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн, Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жана бизнес-коомдоштуктун тарифтик эмес мүнөздөгү тоскоолдуктарды баалоодо ыкчам өз ара аракеттенүүнүн механизмдерин жана ЕАЭБте товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтүн эркин кыймылынын деңгээлин аныктоого карата мамилелер талкууланды.​

ЕАЭБ өлкөлөрүнөн чыккан автомобилдерге россиялык ТКПларды кошумча документтерди берүүсүз алууга болот
03 Апрель 2018 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

2017-жылдын 1-январына чейин жүгүртүүгө чыгарылган Евразия экономикалык биримдигинен (ЕАЭБ) чыккан автомобилдерди Россия Федерациясына шашылыш кызматтарды чакыруу тутумун орнотуусуз алып кирүүгө болот. Ал эми аларга россиялык транспорт каражатынын паспортторун (ТКП) мурда талап кылынуучу кошумча документтерди берүүсүз алууга мүмкүн болот. Бул Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жана Россия Федерациясынын биргелешкен аракеттеринин аркасында мүмкүн болду.​