Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭК жана Россиянын Өнөр жай жана соода министрлиги кызматташтыктын натыйжаларын жана өз ара аракеттенүү боюнча андан аркы пландарды талкуулашууда
18 Август | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын өнөр жай жана АӨК боюнча мүчөсү (министр) Артак Камалян жана Россия Федерациясынын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров 17-августта Москвада Россиянын Өнөр жай жана соода министрлигинде өткөрүлгөн жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинде (ЕАЭБ) мамлекеттер аралык программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууну, санариптик жана инновациялык өнөр жай инфраструктурасын түзүүнү, импортту алмаштыруу долбоорлорун жана Индустриалдаштыруу картасын талкуулашты.

Евразиялык технологиялык платформалар инвесторлорду күтүүдө
07 Август | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык комиссиясы Евразиялык технологиялык платформаларда белгиленген долбоорлорду ишке ашыруу боюнча ишти күчөтүүнү көздөөдө. Бул тууралуу ЕЭК Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Артак Камалян билдирди. Комиссиянын аянтчасында анын төрагалыгы астында Евразиялык технологиялык платформалардын III Съезди өткөрүлдү.

Артак Камалян: "Биз айыл чарба техникасын өндүрүүчүлөрдүн ЕАЭБдин рыногуна жетүүсү үчүн бирдей шарттарды камсыз кылууга умтулабыз"
06 Август | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Артак Камалян Евразия экономикалык бирлигинде комбайндарды өндүрүү боюнча эң ири ишкана болуп саналган "Ростсельмашка" сапарынын жүрүшүндө билдирди.

ЕАЭБде тышкы сооданын оң сальдосу жана айыл чарба продукциясынын негизги түрлөрү боюнча өзүн-өзү толук камсыздоо болжолдонууда
21 Июль | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

21-июлда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы ЕАЭБ мамлекеттеринин агроөнөр жай комплексинин өнүгүүсүнүн, айыл чарба продукциясы, азык-түлүк, зыгыр буласы, булгаары чийки заты, пахта буласы жана жүн боюнча , суроо-талаптын жана сунуштун балансынын 2020–2021-жылдарга карата биргелешкен болжолдоолорун жактырды. Келечекте документ ЕЭК Кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумдарында каралмакчы.

ЕАЭБдин индустриалдаштыруу картасы Бирликтин өнөр жайын өнүктүрүүгө жардам берет
17 Июль | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

ЕӨАК Евразия экономикалык комиссиясына Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттери менен биргеликте Бирликтин индустриалдаштыруу картасынын иштелип чыгышын камсыз кылууну тапшырды.

ЕАЭБде АӨКтү өнүктүрүүгө карата тутумдук мамиле жасалмакчы
17 Июль | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Өкмөттөр аралык кеңеш Евразия экономикалык бирлигинин агроиндустриясын өнүктүрүү картасын иштеп чыгууну жактырды. Кеп Бирликтин агроөнөр жай комплексинин өнүгүүсү үчүн маанилүү болуп саналган ири инвестициялык жана инновациялык долбоорлор жөнүндө маалыматтык ресурсту түзүү жөнүндө жүрүүдө.

Өкмөттөр аралык кеңеш ЕАЭБ өлкөлөрүнүн космостук кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү алгачкы Мамлекеттер аралык программасын жактырды
17 Июль | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

17-июлда Евразия өкмөттөр аралык кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн Жерди алыстан байкоо (ЖАБ) маалыматтарынын негизинде космостук жана геомаалыматтык кызматтарды көрсөтүү жаатындагы алгачкы глобалдык кооперациялык долбоорун – Мамлекеттер аралык программаны жактырды.

ЕЭК жана ЕАЭБ өлкөлөрү илимий негиздеги үрөнчүлүк чарбасы жана асыл тукум мал чарбачылыгы боюнча мыйзамдарды бир түргө келтиришмекчи
14 Июль | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык комиссиясы Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнө мөмө берүүчү, жемиш берүүчү өсүмдүктөрдүн жана жүзүмдүн отургузуучу материалынын сорттук сапаттарын аныктоо, ошондой эле мал чарбачылыгында түзүлүп жаткан селекциялык жетишкендиктерди апробациялоо ыкмаларын бир түргө келтирүүдө көмөк көрсөтүүгө даяр. Аталган багыттар боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү пландаштырылууда. Бул тууралуу 13-июлда Комиссиянын штаб-квартирасында агроөнөр жай комплекси боюнча Консультативдик комитеттин ЕЭКтин өнөр жай жана АӨК боюнча министри Артак Камаляндын төрагалагы астында өткөрүлгөн кеңешмесинде кеп козголду.

Геомаалыматтык кызмат көрсөтүүлөр жаатындагы евразия тобу орбитага чыгууда
13 Июль | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

13-июлда ЕЭК Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн Жерди алыстан байкоо (ЖАБ) маалыматтарынын негизинде космостук жана геомаалыматтык кызматтарды көрсөтүү жаатындагы алгачкы глобалдык кооперациялык долбоорун – Бирликтин мүчө мамлекеттери үчүн пилоттук болуп саналган мамлекеттер аралык программаны жактырды. Эми аны баштоо үчүн акыркы кадам калды – Өкмөттөр аралык кеңеш тарабынан бекитүү, ал ушул жылдын 17-июлунда күтүлүүдө.

ЕЭК министри Артак Камалян: "Комиссия Беларустагы өнөктөштөр менен конструктивдүү диалогду улантууга кызыкдар"
09 Июль | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян Беларусь Республикасынын экономика министри Александр Червяков менен жолугушуусунун жүрүшүндө Министрликтин Евразия экономикалык бирлигинин консультативдик жана кеңешме органдарынын ишинде активдүү катышуусу үчүн ыраазычылыгын билдирди.