Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭК ЕАЭБде нефтехимия тармагындагы өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүнү пландаштырууда
19 Март | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

"Биз Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн нефтехимия тармагын өнүктүрүүнүн заманбап жолдорун издөөгө багыт алып турабыз", – деп ЕЭКтин өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Дина Акпанбаева Россия Федерациясынын Нефтегаз өндүрүүчүлөрүнүн бирлигинин президенти Константин Радинский менен жолугушууда баса белгиледи.

ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБде агроиндустрияны өнүктүрүүнүн картасын иштеп чыгууну жактырды
17 Март | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Документке ЕАЭБ өлкөлөрүндө ишке ашырылып жаткан же ишке ашыруу пландаштырылып жаткан ири инвестициялык жана инновациялык айыл чарба долбоорлору жөнүндө маалыматтар кирет деп болжолдонууда. Картада АӨКтү жана импортту алмаштырууну ресурстук жактан камсыз кылуу үчүн долбоорлорду ишке ашыруу максатка ылайыктуу болуп саналган багыттар көрсөтүлмөкчү. Ошондой эле, карта Бирликтин рыногунда импорттун чоң үлүшү байкалып жаткан айыл чарба товарлары жана ресурстар жөнүндө маалыматтарды камтыйт.

ЕЭКте ЕАЭБдин 2025-жылга чейинки өнөр жай кызматташтыгынын негизги багыттары боюнча сунуштарды даярдашты
16 Март | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

"ЕЭКтин өнөр жай блогу ЕАЭБдин алкагындагы 2025-жылга чейинки өнөр жай кызматташтыгынын негизги багыттарынын долбоорун даярдады", – деп Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Александр Готовский 13-мартта КМШнын катышуучу мамлекеттеринин жыл сайын өткөрүлүүчү Эл аралык экономикалык форумунда "Жогорку технологиялуу долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу үчүн санариптик технологиялар жана каржы куралдары" жана "КМШ өлкөлөрүнүн өнөр жайындагы эл аралык кооперациянын тармактык платформалары" деп аталган сессиялардын алкагында билдирди.

ЕЭК эң чоң экспорттук потенциалга ээ болгон тармактарды аныктады
10 Март | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

ЕЭК Коллегиясы 10-мартта Евразиянын өнөр жай экспортун өнүктүрүү үчүн үчүнчү өлкөлөрдүн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биргелешип чыгуусу үчүн потенциалдуу түрдө перспективдүү болуп саналган рынокторун талдоонун натыйжалары жөнүндө баяндаманы жактырды.

ЕЭК жана Израиль кызматташтыкты активдештирүү жөнүндө келишишти
10 Март | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Артак Камалян жана Израиль Мамлекетинин Элчилигинин Израилдин Россиядагы иштер боюнча Убактылуу ишенимдүү өкүлү Яков Ливне башында турган делегациясы ЕЭКтин штаб-квартирасында Евразия экономикалык бирлигинин жана Израиль Мамлекетинин өнөр жайдагы жана агроөнөр жай комплексиндеги тармактык кызматташтыгын өнүктүрүүнү талкуулашты. Яков Ливне израилдик тарап жакынкы келечекте ЕАЭБ өлкөлөрүнөн уй этинин жана жумурткалардын импортун өстүрүүгө даяр экендигин билдирди.

ЕЭК Европа комиссиясы менен кызматташтыктын жаңы баскычын баштоодо
05 Март | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Бул тууралуу ЕЭК Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Артак Камалян Москвада РФ СӨП тарабынан уюштурулган "ЕАЭБ – ЕБ – 2020-жылга көз чаптыруу" деп аталган конференцияда билдирди.

Волгоград областы евразия өнөр жай кооперациясына кирди
27 Февраль | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

ЕЭКтин өнөр жай блогунун делегациясы 27-февралда Волгоград областынын губернатору Андрей Бочаров менен жолугушуп, Волга түтүк заводуна барышты.

ЕЭК Казакстандын рыногунда айыл чарба техникасынын өндүрүүчүлөрүн басмырлоо маселесин чечти
25 Февраль | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Казакстан Республикасынын Өкмөтүнө 2020-жылдын 7-майына чейин ЕАЭБ өлкөлөрүнүн айыл чарба техникасын өндүрүүчүлөрүн басмырлоочу ченемдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү тапшырды.

ЕЭК АӨКтүн өнүгүүсүн узак мөөнөттүү мезгилге болжолдоого өтүүдө
20 Февраль | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

ЕЭКтин агроөнөр жай комплекси боюнча Консультативдик комитети Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин агроөнөр жай комплекстеринин өнүгүүсүн болжолдоо методологиясынын долбоорун жактырды. Бул тууралуу ЕЭК Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Артак Камалян талкуунун жыйынтыктары боюнча билдирди.

ЕЭК Бирликте балык чарба тармагын өнүктүрүүнү пландаштырууда
20 Февраль | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБ өлкөлөрүнө балык өстүрүүчү уюмдардын потенциалын жогорулатууда, жемдерди, дары-дармек каражаттарын, балык себүүчү материалды өндүрүүнүн көлөмдөрүн кеңейтүүдө, балык чарба продукциясын өндүрүүдө жана кайра иштетүүдө инновациялык технологияларды колдонууда көмөк көрсөтмөкчү. Ушул жана бир катар башка маселелер 19-февралда Комиссиянын штаб-квартирасында ЕЭК Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Артак Камаляндын төрагалыгы астында болуп өткөн, агроөнөр жай комплекси боюнча Консультативдик комитеттин отурумунда талкууланды.