Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

Калдыктарды кайра иштетүү маселесин ЕАЭБ мамлекеттеринин заводдорунун ортосундагы өнөр жай кооперациясы аркылуу чечүү зарыл
20 Февраль | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык комиссиясы өнөр жай кооперациясынын алкагында өз ара аракеттенүүнү түзүү процессинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн катуу коммуналдык калдыктарды (ККК) кайра иштетүү боюнча алдыңкы компанияларын колдоого даяр. Бул тууралуу Комиссиянын Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Дина Акпанбаева электрондук жана электротехникалык жабуудалардын корпустарынын пластиктерин кайра иштетүү боюнча россиялык жогорку технологиялык ишкана болуп саналган, "Технополис "Москва" Өзгөчө экономикалык аймагында жайгашкан "Экопласт" заводуна сапарынын жүрүшүндө билдирди.

ЕЭК Евразия жаштары менен ишти активдештирүүдө
19 Февраль | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында ЕЭК Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Артак Камалян ЕАЭБ өлкөлөрүнүн алдыңкы жогорку окуу жайларынын студенттери жана аспиранттары – А.А. Громыко атындагы жаш эл аралык мамилелер кызматкерлери конкурсунун жеңүүчүлөрү менен жолугушту.

ЕЭКте жетишилген келишкендиктер ЕАЭБ рыногуна улуттук ишканалар тарабынан өндүрүлгөн айыл чарба техникасын жеткирүүлөрдүн өсүшүн камсыз кылмакчы
13 Февраль | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай саясаты департаментинде Казакстан Республикасында айыл чарба техникасына карата утилдештирүү алымын киргизүү боюнча консультациялардын алкагында тийиштүү ченемдик-укуктук актыны түзөтүү жөнүндө келишкендикке жетишүүгө мүмкүн болду.

ЕАЭБде евразиялык компаниялардын перспективалары чоң
04 Февраль | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык комиссиясында ЕЭКтин Өнөр жай саясаты департаменти Евразия экономикалык бирлигинин Ишкердик кеңеши жана Евразия интеграциялык изилдөөлөр жана коммуникациялар борбору менен биргеликте уюштурган долбоордук-талдамалык сессиянын жүрүшүндө евразиялык компанияларды түзүү боюнча жалпы мамилелер жана компаниялардын азык-түлүк рыногундагы ишинин өзгөчөлүктөрү талкууланды.​

ЕЭКте өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча жаңы министр дайындалды
01 Февраль | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

2020-жылдын 1-февралынан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча жаңы мүчөсү (министр) Артак Каджикович Камалян өз кызматына киришти. Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн жетекчилери Армения Республикасынын бул өкүлүн дайындоо жөнүндө чечимди 2019-жылдын 20-декабрында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин Санкт-Петербургда болуп өткөн отурумунда кабыл алышты.

ЕЭК химиялык ишканаларга ЕАЭБдин алкагында кызматташтыкты активдештирүүнү сунуш кылат
30 Январь | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Дина Акпанбаева 28-31-январда Москвада өтүп жаткан "Интерпластика" пластмасса жана каучуктардын адистештирилген эл аралык көргөзмөсүндө Евразия экономикалык бирлигиндеги (ЕАЭБ) өз ара сооданын перспективалары, мүчө мамлекеттердин өндүрүүчүлөрүнүн ортосундагы ак ниет атаандаштыктын жана кооперациянын зарылдыгы тууралуу айтып берди.

ЕАЭБде электрондук уруксат берүүчү документтер менен чек ара аралык алмашуу механизмин ишке ашыруу башталды, жеке пайдалануу үчүн экспресс-жүктөрдү декларациялоо тартиби жеңилдетилди
15 Январь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

14-январда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы соода, бажы кызматташтыгы, техникалык жөнгө салуу, дары-дармек каражаттарынын жалпы рыногунун иштеши, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн экономикаларын маалыматташтыруу, ички рыноктун иштеши чөйрөлөрүндөгү жана бир катар башка чөйрөлөрдөгү маселелерди карап чыкты.

ЕЭК жана ФАО кызматташтыкты кеңейтишүүдө
17 Декабрь 2019 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

ЕЭК Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Александр Субботин жана ФАОнун башкы директорунун орун басары, Европа жана Борбордук Азия боюнча регионалдык өкүлү Владимир Рахманин Комиссиянын аянтчасында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жана БУУнун Азык-түлүк жана Айыл чарба уюмунун (ФАО) ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүнүн перспективаларын талкуулашты.

ЕЭК кант жана дан боюнча эл аралык уюмдар менен кызматташтык жөнүндө меморандумдарга кол коюуну пландаштырылууда
16 Декабрь 2019 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Александр Субботин Эл аралык кант уюмунун (ЭКУ) Лондондогу (Улуу Британия) штаб-квартирасында Эл аралык кант уюмунун аткаруучу директору Хосе Ориве менен Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) кант рыногун өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Евразиялык техникалык платформалар ЕАЭБдеги экологиялык ишмердикти координациялоонун негизги аспаптарынын бири болуп калышы мүмкүн
16 Декабрь 2019 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

"Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин интеграциялык потенциалы биздин өлкөлөрдөгү экологиялык жагдайдын жакшырышына олуттуу таасир тийгизиши мүмкүн", – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Өнөр жай саясаты департаментинин директору Николай Кушнарёв Москвада болуп өткөн "Экология-2019" медиафорумунда билдирди. Иш-чара "Тирүү планета" Эл аралык экологиялык кыймылы жана Биринчи коомдук экологиялык телевидение тарабынан уюштурулду.