Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

"Антиконтрафакт-2019" форумунда курулуш материалдарынын рыногундагы контрафакт менен күрөшүү боюнча бирдиктүү мамилелерди талкуулашты
14 Ноябрь 2019 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

"Аң тери буюмдарын маркалоонун оң натыйжаларын эске алуу менен, биз бул тажрыйбаны курулуш материалдары тармагына аталган чөйрөдөгү мыйзамсыз товар жүгүртүү менен күрөшүүнүн иштиктүү чарасы катары жайылтууга жана мындай биргелешкен долбоорду аракеттеги "Курулуш индустриясын камсыз кылуунун өнөр жай технологиялары" евразиялык техникалык платформасынын негизинде, аны талкуулоо үчүн аянтча катары колдонуу менен, ишке ашырууну сунуш кылабыз", – деп билдирди Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Өнөр жай саясаты департаментинин директору Николай Кушнарёв.

Заманбап санариптик технологиялар ЕАЭБдин рыногун коргойт
13 Ноябрь 2019 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Мындай ишеничин Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Тигран Арутюнян билдирди.

ЕЭК "Энергетика жана электрлештирүү" ЕТП менен биргеликте экинчи евразиялык мамлекеттер аралык программаны башташмакчы
12 Ноябрь 2019 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Өнөр жай саясаты департаментинин аянтчасында "Энергетика жана электрлештирүү" Евразия технологиялык платформасынын "Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринде энергетика объектилеринин ишинин натыйжалуулугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу" деп аталган евразиялык мамлекеттер аралык программаны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча кеңири кеңешмеси болуп өттү.

Александр Субботин: «ЕАЭБде реалдуу секторду санариптештирүүнүн бирдиктүү тутуму түзүлдү»
08 Ноябрь 2019 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

«Санариптик трансформация Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн экономикалары үчүн технологиялык өнүгүүнүн негизги кыймылдаткыч күчү болуп калмакчы. Бул Бирликтин улуттук экономикаларынын кошулган нарктын глобалдык чынжырларына кошулушун камсыз кылат», – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Александр Субботин 7-ноябрда Нью-Йоркто Америка-Россия ишкердик кеңешинин ар жылдык отурумунда билдирди.

ЕАЭБде өнөр жай саясаты керектөөчүлөрдүн жаңы жана кыйла татаал товарларга суроо-талабын канааттандыруунун негизинде түзүлүшү зарыл
06 Ноябрь 2019 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн өнөр жайы бүткүл дүйнөлүк индустриалдаштыруу процессинин трендинде өнүгүүгө тийиш. Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Өнөр жай саясаты департаментинин директору Николай Кушнарёв Өнөр жай кызматташтыгы боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун (ЮНИДО) Генералдык конференциясынын 3-7-ноябрда Абу-Дабиде (Бириккен Араб Эмираттары) болуп өткөн 18-сессиясында катышуунун натыйжасында ушундай тыянакка келди.

ЕАЭБде агроөнөр жай комплексиндеги тармактык приоритеттердин Бирликтеги жалпы тутуму түзүлүүдө
05 Ноябрь 2019 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

"Агроөнөр жай комплексиндеги тармактык приориттердин тутуму адистештирүүнү жана ресурстук камсыздоону эске алуу менен кошулган наркты түзүү чынжырларын оптималдаштырууга, Евразия регионунун өлкөлөрүндө азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет", – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын өнөр жай жана АӨК боюнча мүчөсү (министр) Александр Субботин 1-ноябрда Витебск мамлекеттик ветеринардык медицина академиясынын негизделгендигинин 95-жылдыгына арналган илимий конференцияда билдирди.

ЕӨАК жыйынтыктары
25 Октябрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Техникалык жөнгө салуу | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

ЕӨАК жыйынтыктары: ЕАЭБдин жана Сербиянын ортосунда ЭСЗ жөнүндө, кымбат баалуу металлдар жана кымбат баалуу таштар менен операциялардын өзгөчөлүктөрү жөнүндө, айыл чарба жаныбарлары менен селекциялык-асыл тукумдук ишти бир түргө келтирүү жөнүндө макулдашууларга кол коюлду, КЭР менен Соода кызматташтыгы жөнүндө макулдашуу күчүнө кирди. Евразия өкмөттөр аралык кеңешининин (ЕӨАК) 25-октябрда Москвада (Россия Федерациясы) болуп өткөн отурумунун жүрүшүндө соода кызматташтыгы, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) санариптик күн тартибин ишке ашыруу, Бирликтин өлкөлөрүнүн зер жана айыл чарба тармактарындагы жана бир катар башка тармактардагы кооперация маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсү жаатында маанилүү чечимдер кабыл алынды.

ЕЭК Бирликтин мамлекеттери менен биргеликте "ЕАЭБдин агроиндустриясы" маалыматтык ресурсун түзмөкчү
24 Октябрь 2019 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

23-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) агроөнөр жай комплекси боюнча Консультативдик комитети Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) агроөнөр жай комплексинин өнүгүүсү үчүн маанилүү болуп саналган ири инвестициялык жана инновациялык долбоорлор жөнүндө маалыматтык ресурсту иштеп чыгуу боюнча мамилелерди жактырды.

ЕАЭБде индустриалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн тутумдук стратегиялык пландоо менен санариптик инвестициялык платформа түзүлмөкчү
22 Октябрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы 21-октябрда өнөр жай кызматташтыгы, макроэкономика, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) ички рыногунун иши жаатындагы маселелерди карап чыкты.

Александр Субботин: «Биздин приоритет – ЕАЭБ рыногуна жетүүнүн бирдей шарттарында улуттук өндүрүүчүлөрдү колдоо»
17 Октябрь 2019 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Александр Субботин комбайндарды өндүрүү боюнча Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) аймагындагы эң ири ишкана болуп саналган «Ростсельмашка» сапарынын алкагында билдирди. Ошондой эле, иш-чарада заводдун жетекчилигинин жана Ростов областынын өкмөтүнүн өкүлдөрү катышышты.