Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

Товарлардын айрым топторун идентификациялоо каражаттары менен маркалоону киргизүү жөнүндө
19 Ноябрь | Соода

Евразия экономикалык комиссиясы ЕЭК Кеңешинин 2019-жылдын 18-ноябрындагы №№ 127, 128, 129 жана 130 чечимдерине ылайык ЕАЭБ мамлекеттеринде атырларга жана атыр сууга; фотокамераларга (кинокамералардан сырткары), фотожарыктарга жана лампа-жарыктарга; шиналарга жана дөңгөлөк алкактарына; жеңил өнөр жай товарларына карата алардын даярдыгына жараша маркалоонун киргизилиши мүмкүн экендигине көңүл бурат.

ЕАЭБ жана Борбордук Азия өлкөлөрү COVID-19 пандемиясынан кийинки туруктуу экономикалык калыбына келүүнү колдоо максатында кызматташтыкты бекемдешүүдө
18 Ноябрь | Экономика жана каржы саясаты

Бириккен Улуттар Уюмунун Азия жана Тынч океан үчүн Экономикалык жана социалдык комиссиясы (БУУ ЭСКАТО) тарабынан уюштурулган, пандемиядан кийинки социалдык-экономикалык калыбына келтирүү чөйрөсүндөгү регионалдык кызматташтыкка арналган СПЕКА-2020 форумунда ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Тимур Жаксылыков COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин жеңүү үчүн санариптик соода механизмдерин колдонуу жөнүндө айтып берди.

Стратегия-2025 долбооруна Кыргызстандын ЕАЭБдин өнүгүп келе жаткан экономикаларын максаттуу каржылоо механизмдерин жана программаларын киргизүү жөнүндө сунушу кирмекчи
18 Ноябрь | Интеграция жана макроэкономика

18-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында тараптардын катышуусу менен өткөрүлгөн жумушчу топтун отурумунда Кыргыз Республикасынын евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттарынын долбооруна сунушу каралды.

Михаил Мясникович Майя Сандуну шайлоодогу жеңиши менен куттуктады
17 Ноябрь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Майя Сандуга анын Молдова Республикасынын Президенттигине шайлоодогу жеңишине байланыштуу куттуктоо телеграммасын жиберди.

ЕАЭБдин "Энергия керектөөчү түзмөктөрдүн энергетикалык натыйжалуулугуна талаптар жөнүндө" техникалык регламентине карата өткөөл жоболор белгиленди
17 Ноябрь | Техникалык жөнгө салуу

ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБдин "Энергия керектөөчү түзмөктөрдүн энергетикалык натыйжалуулугуна талаптар жөнүндө" (ЕАЭБ TP 048/2019) техникалык регламентине карата өткөөл жоболорду белгиледи.​

Тимур Жаксылыков: "ЕЭК Европа комиссиясы менен комплекстүү жана көп тараптуу кызматташтыкка умтулат"
16 Ноябрь | Экономика жана каржы саясаты

"Лиссабондон Владивостокко чейинки бирдиктүү экономикалык мейкиндик" жөнүндө тегерек столдун отурумунда ЕАЭБдин жана ЕБнын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөр каралды. Аталган иш-чара ЕЭКтин аянтчасында ЕЭК Коллегиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыковдун, Европа комиссиясынын жана ЕАЭБдин жана Европа бирлигинин өлкөлөрүнүн ишкердик коомдоштуктарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда болуп өттү.

ЕЭК КЭРден келген жүк ташуучу унаалардын дөңгөлөктөрүнө карата демпингге каршы алдымдын колдонулушун кайрадан иликтөө аяктаганга чейин узартты
13 Ноябрь | Соода

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы КЭРден келген жүк ташуучу унаалардын дөңгөлөктөрүнө каршы демпингге каршы чараны 2021-жылдын августуна чейин узартуу чечимин кабыл алды.

Санкт-Петербургда ЕАЭБдин алкагында кеме куруу тармагында кооперацияны өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды
13 Ноябрь | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

12-13-ноябрда Санкт-Петербург шаарында өткөн "Россиялык кеме куруу" эл аралык конференциясынын алкагында, Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай саясаты департаменти тарабынан уюштурулган тегерек столдо Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн кеме куруу тармагында кооперацияны өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

Сергей Глазьев: "Бирликтин күчү — терс тышкы факторлордун ордун өз ара соода шарттарын жакшыртуу менен толтурууга болорунда"
13 Ноябрь | Интеграция жана макроэкономика

Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Сергей Глазьев 12-ноябрда Москвада макроэкономикалык саясат боюнча Консультативдик комитеттин отурумунда билдирди.

"Сүт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентке карата өткөөл жоболор 2022-жылдын 13-февралына чейин күчүндө болот
13 Ноябрь | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы ЕАЭБдин "Сүт жана сүт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча өткөөл жоболорду белгиледи. Өткөөл жоболор аларга карата ЕАЭБдин техникалык регламентине өзгөртүүлөр киргизилген, 2021-жылдын 13-февралына чейин ЕАЭБтин техникалык регламентинин талаптарына шайкештикке кабыл алынган же берилген сүт азыктарынын шайкештигин баалоо боюнча документтер 2022-жылдын 13-февралына чейин колдонуларын аныктайт.